ЖАНАРТОО-ЧӨКМӨ ЛИТОГЕНЕЗИ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'> | <b type='title'>ЖАНАР ТОО-ЧӨКМӨ ЛИТОГЕНЕЗИ</b> – жанар­ тоолуу аймактагы кургактыкта, деңиз түптө­рүндө чөкмө тектердин пайда болуу жана алар­дын өзгөрүү процесстери. Климат шартына бай­ланышсыз эле, интрозоналуу түрдө, негизинен геосинклиналдуу аймактарда, башкача айтканда тектоникалык ак­тивдүү жерлерде жүрөт. Жанар тоо-чөкмө тектер­ди пайда кылган материалга жанар тоонун атылышынан чыккан талкаланган кесек бөлүк­чөлөр же гидротерм эриндилери менен газ эмана­циялары кирет. Бөлүкчөлөр жанар тоодон аты­лып түшкөн жерде же андан которулуп, кура­мы боюнча бир түрдүү камдашкан тоо текти – жа­нар тоо туфтарын пайда кылат. Анын курамын­дагы чөкмө заттардын өлчөмү алардын котору­лушунун узактыгына байланыштуу болуп, кээ­де 10%ке, айрым учурда андан да ашып кетет. Пайда болгон тектер кесек бөлүкчөлөрдүн өлчө­мүнө жана минералдык курамына карай бир не­чеге бөлүнөт. Жанар тоо-чөкмө литогенезинин натыйжасында жа­нар тоо-кремнийлүү, жанар тоо-карбанаттуу ж-а жанар тоо-кесекчелүү геологиялык формациялар, ошондой эле хемоген жанар тоо-чөкмөлөрү (яшма, темир, мар­ганец кенташтары, фосфориттер ж. б.) пайда болот, к. <i>Жанар тоо</i>. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
09:12, 13 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
ЖАНАР ТОО-ЧӨКМӨ ЛИТОГЕНЕЗИ – жанар тоолуу аймактагы кургактыкта, деңиз түптөрүндө чөкмө тектердин пайда болуу жана алардын өзгөрүү процесстери. Климат шартына байланышсыз эле, интрозоналуу түрдө, негизинен геосинклиналдуу аймактарда, башкача айтканда тектоникалык активдүү жерлерде жүрөт. Жанар тоо-чөкмө тектерди пайда кылган материалга жанар тоонун атылышынан чыккан талкаланган кесек бөлүкчөлөр же гидротерм эриндилери менен газ эманациялары кирет. Бөлүкчөлөр жанар тоодон атылып түшкөн жерде же андан которулуп, курамы боюнча бир түрдүү камдашкан тоо текти – жанар тоо туфтарын пайда кылат. Анын курамындагы чөкмө заттардын өлчөмү алардын которулушунун узактыгына байланыштуу болуп, кээде 10%ке, айрым учурда андан да ашып кетет. Пайда болгон тектер кесек бөлүкчөлөрдүн өлчөмүнө жана минералдык курамына карай бир нечеге бөлүнөт. Жанар тоо-чөкмө литогенезинин натыйжасында жанар тоо-кремнийлүү, жанар тоо-карбанаттуу ж-а жанар тоо-кесекчелүү геологиялык формациялар, ошондой эле хемоген жанар тоо-чөкмөлөрү (яшма, темир, марганец кенташтары, фосфориттер ж. б.) пайда болот, к. Жанар тоо.