ЖАНАРТОО-ЧӨКМӨ ЛИТОГЕНЕЗИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНАР ТОО-ЧӨКМӨ ЛИТОГЕНЕЗИ – жанар­ тоолуу аймактагы кургактыкта, деңиз түптө­рүндө чөкмө тектердин пайда болуу жана алар­дын өзгөрүү процесстери. Климат шартына бай­ланышсыз эле, интрозоналуу түрдө, негизинен геосинклиналдуу аймактарда, башкача айтканда тектоникалык ак­тивдүү жерлерде жүрөт. Жанар тоо-чөкмө тектер­ди пайда кылган материалга жанар тоонун атылышынан чыккан талкаланган кесек бөлүк­чөлөр же гидротерм эриндилери менен газ эмана­циялары кирет. Бөлүкчөлөр жанар тоодон аты­лып түшкөн жерде же андан которулуп, кура­мы боюнча бир түрдүү камдашкан тоо текти – жа­нар тоо туфтарын пайда кылат. Анын курамын­дагы чөкмө заттардын өлчөмү алардын котору­лушунун узактыгына байланыштуу болуп, кээ­де 10%ке, айрым учурда андан да ашып кетет. Пайда болгон тектер кесек бөлүкчөлөрдүн өлчө­мүнө жана минералдык курамына карай бир не­чеге бөлүнөт. Жанар тоо-чөкмө литогенезинин натыйжасында жа­нар тоо-кремнийлүү, жанар тоо-карбанаттуу ж-а жанар тоо-кесекчелүү геологиялык формациялар, ошондой эле хемоген жанар тоо-чөкмөлөрү (яшма, темир, мар­ганец кенташтары, фосфориттер ж. б.) пайда болот, к. Жанар тоо.