ИСТОРИОГРАФИЯ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИСТОРИОГРА́ФИЯ</b> (гр. historia – <i>тарых</i> ж-а | <b type='title'>ИСТОРИОГРА́ФИЯ</b> (гр. historia – <i>тарых</i> ж-а | ||
<i>...графия</i>) – 1) бүтүндөй тарых илимдеринин та­рыхы, | <i>...графия</i>) – 1) бүтүндөй тарых илимдеринин та­рыхы, ошондой эле белгилүү бир доорго, темага арнал­ган изилдөөлөрдүн же тарыхый эмгектердин жыйындысы; 2) тарых илиминин тармагы ка­тары анын тарыхын изилдөөчү илим (тарых ма­териалдарынын топтолушун, тарыхый окуялар­ды түшүндүрүүдөгү талаштарды, тарых илимин­деги методологиялык багыттардын алмашышын, тары­хый көз караштардын, коомдук-саясий ойлор­дун түзүлүшүнүн тарыхын ж. б. изилдейт). Историография архив булактары, китепкана иштери, тарыхый библиографиялар, тарыхый булактар, китеп бу­лактары сыяктуу тармактар м-н тыгыз байла­нышта өнүгүп келе жатат. Историография конкреттүү тары­хый эмгектердин материалдары боюнча тарыхый концепциялардын өнүгүшүн, өзгөрүшүн байкап турат. Историография окуу дисциплинасы катары биринчи иретте тарыхый концепцияларды түшүндүрүү максатын коёт. Историография тарыхый булактарды ж-а историографиялык эмгектерди анализдөө м-н катар, тарыхый изилдөөлөрдүн ыкмаларын ачып берүү, тарыхый булактарды түшүндүрүүнүн жол­дору м-н методдорунун өнүгүү тарыхын ча­гылдырат. | ||
[[Категория:3-том, 607-672 бб]] | [[Категория:3-том, 607-672 бб]] | ||
09:42, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИСТОРИОГРА́ФИЯ (гр. historia – тарых ж-а ...графия) – 1) бүтүндөй тарых илимдеринин тарыхы, ошондой эле белгилүү бир доорго, темага арналган изилдөөлөрдүн же тарыхый эмгектердин жыйындысы; 2) тарых илиминин тармагы катары анын тарыхын изилдөөчү илим (тарых материалдарынын топтолушун, тарыхый окуяларды түшүндүрүүдөгү талаштарды, тарых илиминдеги методологиялык багыттардын алмашышын, тарыхый көз караштардын, коомдук-саясий ойлордун түзүлүшүнүн тарыхын ж. б. изилдейт). Историография архив булактары, китепкана иштери, тарыхый библиографиялар, тарыхый булактар, китеп булактары сыяктуу тармактар м-н тыгыз байланышта өнүгүп келе жатат. Историография конкреттүү тарыхый эмгектердин материалдары боюнча тарыхый концепциялардын өнүгүшүн, өзгөрүшүн байкап турат. Историография окуу дисциплинасы катары биринчи иретте тарыхый концепцияларды түшүндүрүү максатын коёт. Историография тарыхый булактарды ж-а историографиялык эмгектерди анализдөө м-н катар, тарыхый изилдөөлөрдүн ыкмаларын ачып берүү, тарыхый булактарды түшүндүрүүнүн жолдору м-н методдорунун өнүгүү тарыхын чагылдырат.