ИСТЕРИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИСТЕРИ́Я</b> (гр. hystera – жатын, байыркы за­манда | <b type='title'>ИСТЕРИ́Я</b> (гр. hystera – жатын, байыркы за­манда истерия жатын оорулары м-н байланышты­рылган) – невроздор тобуна кирүүчү нерв-пси­хикалык оору. Истерия психикалык травманын не­гизинде болот. Истерия П. Павлов анын пайда болу­шун жогорку нерв ишинин тормоздоо процесси­не козголуу процессинин ж-а биринчи сигнал­дык системанын үстөмдүк кылышы деп түшүндүргөн. Анда нерв системасы, психика ж-а ички органдардын функциясы бузулушу мүмкүн. Истериянын белгилери оорулуунун кызыкчылыгына байланыштуу болуп, турмуштун кыйын учуру­нан чыгып (кутулуп) кетүүгө шарт түзөт. Истериялык талма психикалык травма алганда же аны эс­тегенде болот. Бул учурда акыл-эси толук жо­голбойт, ошондуктан талмадагыдай оорулуу бир жерин жабыркатып албайт, тишин кычырат­пайт. Оорулуунун акыл-эси бузулуп, туталанып, психикасын жабыркаткан абал көзүнө элестей берет. Кээде акыл-эси бузулат. Айрымдар (көбүн­чө кылмышкерлер) кем акыл өңдөнүп, манжа­ларын санай албайт, көзүнүн ж-а чачынын түсүн билбейт, белгилүү эле буюмду тааныбайт. Ай­рым учурда сезүү органдары бузулат. Оорууну сезүүсү күчөйт, кээде сезбей калат, убактылуу со­кур, дүлөй болуп, жөөлүп, калчылдайт. Жүрөк ­кан тамыр системасы, дем алуу ж. б. органда­ры бузулат. Кээде шал болгонсуп жатып калат, тилин чайнабайт, окшуп кусат, эти ысып, ичи өтүшү мүмкүн. Мүнөздүн исмьтериялык өзгөрүшүнө өтө эмоциялуу киши туш болот. Алар бир аз себеп болсо эле ыйлап, каткырып күлүп, кийимин тытып, кыйкырып, чаап жибериши да мүмкүн. Истерияны психотерапиялык жол м-н дарылайт. Баарыдан мурда психиканы жабыркатуучу таа­сирди жоготуу зарыл. | ||
өтүшү мүмкүн. Мүнөздүн | |||
эмоциялуу киши туш болот. Алар бир аз себеп болсо эле ыйлап, каткырып күлүп, кийимин тытып, кыйкырып, чаап жибериши да мүмкүн. | |||
[[Категория:3-том, 607-672 бб]] | [[Категория:3-том, 607-672 бб]] | ||
09:27, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИСТЕРИ́Я (гр. hystera – жатын, байыркы заманда истерия жатын оорулары м-н байланыштырылган) – невроздор тобуна кирүүчү нерв-психикалык оору. Истерия психикалык травманын негизинде болот. Истерия П. Павлов анын пайда болушун жогорку нерв ишинин тормоздоо процессине козголуу процессинин ж-а биринчи сигналдык системанын үстөмдүк кылышы деп түшүндүргөн. Анда нерв системасы, психика ж-а ички органдардын функциясы бузулушу мүмкүн. Истериянын белгилери оорулуунун кызыкчылыгына байланыштуу болуп, турмуштун кыйын учурунан чыгып (кутулуп) кетүүгө шарт түзөт. Истериялык талма психикалык травма алганда же аны эстегенде болот. Бул учурда акыл-эси толук жоголбойт, ошондуктан талмадагыдай оорулуу бир жерин жабыркатып албайт, тишин кычыратпайт. Оорулуунун акыл-эси бузулуп, туталанып, психикасын жабыркаткан абал көзүнө элестей берет. Кээде акыл-эси бузулат. Айрымдар (көбүнчө кылмышкерлер) кем акыл өңдөнүп, манжаларын санай албайт, көзүнүн ж-а чачынын түсүн билбейт, белгилүү эле буюмду тааныбайт. Айрым учурда сезүү органдары бузулат. Оорууну сезүүсү күчөйт, кээде сезбей калат, убактылуу сокур, дүлөй болуп, жөөлүп, калчылдайт. Жүрөк кан тамыр системасы, дем алуу ж. б. органдары бузулат. Кээде шал болгонсуп жатып калат, тилин чайнабайт, окшуп кусат, эти ысып, ичи өтүшү мүмкүн. Мүнөздүн исмьтериялык өзгөрүшүнө өтө эмоциялуу киши туш болот. Алар бир аз себеп болсо эле ыйлап, каткырып күлүп, кийимин тытып, кыйкырып, чаап жибериши да мүмкүн. Истерияны психотерапиялык жол м-н дарылайт. Баарыдан мурда психиканы жабыркатуучу таасирди жоготуу зарыл.