ИСТЕРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСТЕРИ́Я (гр. hystera – жатын, байыркы за­манда истерия жатын оорулары м-н байланышты­рылган) – невроздор тобуна кирүүчү нерв-пси­хикалык оору. Истерия психикалык травманын не­гизинде болот. Истерия П. Павлов анын пайда болу­шун жогорку нерв ишинин тормоздоо процесси­не козголуу процессинин ж-а биринчи сигнал­дык системанын үстөмдүк кылышы деп түшүндүргөн. Анда нерв системасы, психика ж-а ички органдардын функциясы бузулушу мүмкүн. Истериянын белгилери оорулуунун кызыкчылыгына байланыштуу болуп, турмуштун кыйын учуру­нан чыгып (кутулуп) кетүүгө шарт түзөт. Истериялык талма психикалык травма алганда же аны эс­тегенде болот. Бул учурда акыл-эси толук жо­голбойт, ошондуктан талмадагыдай оорулуу бир жерин жабыркатып албайт, тишин кычырат­пайт. Оорулуунун акыл-эси бузулуп, туталанып, психикасын жабыркаткан абал көзүнө элестей берет. Кээде акыл-эси бузулат. Айрымдар (көбүн­чө кылмышкерлер) кем акыл өңдөнүп, манжа­ларын санай албайт, көзүнүн ж-а чачынын түсүн билбейт, белгилүү эле буюмду тааныбайт. Ай­рым учурда сезүү органдары бузулат. Оорууну сезүүсү күчөйт, кээде сезбей калат, убактылуу со­кур, дүлөй болуп, жөөлүп, калчылдайт. Жүрөк ­кан тамыр системасы, дем алуу ж. б. органда­ры бузулат. Кээде шал болгонсуп жатып калат, тилин чайнабайт, окшуп кусат, эти ысып, ичи өтүшү мүмкүн. Мүнөздүн исмьтериялык өзгөрүшүнө өтө эмоциялуу киши туш болот. Алар бир аз себеп болсо эле ыйлап, каткырып күлүп, кийимин тытып, кыйкырып, чаап жибериши да мүмкүн. Истерияны психотерапиялык жол м-н дарылайт. Баарыдан мурда психиканы жабыркатуучу таа­сирди жоготуу зарыл.