ИСТАМБЕКОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИСТАМБЕКОВ</b> Аден Бекембаевич [ | <b type='title'>ИСТАМБЕКОВ</b> '''Аден Бекембаевич''' [03. 07. 1903, [[Россия империясы]], Т[[үркстан генерал-губернаторлугу]], [[Жети-Суу облусу]], [[Пржевальск]] уезди, [[Ичке-Жергез]] кыштагы (азыркы [[Ысык-Көл облусу]], [[Ак-Суу району]]) – 09. 01. 1939, [[СССР]], [[Кыргыз ССРи]], Фрунзе шаары] – аскердик жана коомдук иш­мер, подполковник, респ­убликанын алгачкы аскер комис­сары. | ||
Жети-Суу | |||
[[File:ИСТАМБЕКОВ94.png | thumb | none]] | [[File:ИСТАМБЕКОВ94.png | thumb | none]] | ||
Ташкент аскер окуу жайындагы командирлерди даярдоочу атайын курсун (1922), | Ата-энеси менен бирге 1906–1913-жылдарда Иркутскиде сүргүндө жүргөндө атасы Бекембай оорудан кайтыш болуп (1911), энеси Үмүт уулу Аденди ээрчитип алып, эки жылда [[Ысык-Көл]]гө кайтып келишкен. Алгач диний мектептен сабатын ачкан жана 1916-жылы [[Үркүн]]дө [[Кытай]]га барып, 1917-жылы кайра келген. 1918–1921-жылдары [[Каракол]]догу башталгыч мектепти аяктагандан кийин [[Ташкент]] шаарындагы аскер окуу жайындагы командирлерди даярдоочу атайын курсун (1922), [[Москва]]дагы аскер педагогикалык жогорку мектебин (1927), САГУнун тарых факультетин, [[Ленинград|Ле­нинград]]дагы аскер тактика­сын окутуучуларынын кур­сун, Москвадагы В. И. [[Ленин|Ле­нин]] атындагы саясий академия­ны (1937) бүтүргөн. 1922–19824-жылдарда 813- (өзгөчө) ротанын коман­диринин жардамчысы, командири, 1924–1931-жылдарда Ташкенттеги В. И. Ленин атындагы жогорку аскер мектебинде взводдун командири, инструктор, со­гуш тактикасын үйрөтүү боюнча окутуучу, окуу бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы, партком­дун жооптуу секретары, 1931–1932-жылдарда Орто Азия ас­кер округунун атчандар мектебинде окуу бөлү­мүнүн начальнигинин жардамчысы, 1932–1933-жылдарда парткомдун жооптуу секретары, 1933–1936-жылдарда ка­зак атчандар полкунун командиринин саясий иштер боюнча жардамчысы, 1936–1937-жылдарда 53-кыргыз атчандар полкунун аскер комиссары, 1936–1937-жылдарда [[Фергана]] тоо атчандар дивизиясынын саясий бөлүмүнүн башчысы, 1937-жылдын март айы­нан полктун командири болуп иштеген. [[Кыргызстан]] КП(б) БКнын мүчөсү, Фрунзе шаарко­мунун бюро мүчөсү (1937). 1937-жылы декабрда бур­жуазиялык улутчул деген жалаа менен камакка алынган. 1939-жылы СССРдин коргоо министринин (К. [[Ворошилов]]) кийлигишүүсү менен акталып, камактан бошотулган. Бирок көп өтпөй көз жумган. 1958-жылы толук ак­талган. Ак-Суу райондук кеңешинин 1992-жылы 4-августта чечими менен А. Истамбековдун ысымы Ичке-Жергез мектебине берилген. | ||
Ад.: Тунтеев Н. С. Красные кавалеристы Кыргызстана. Б., 1994. | |||
[[Категория:3-том, 607-672 бб]] | [[Категория:3-том, 607-672 бб]] | ||
02:13, 24 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
ИСТАМБЕКОВ Аден Бекембаевич [03. 07. 1903, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жети-Суу облусу, Пржевальск уезди, Ичке-Жергез кыштагы (азыркы Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району) – 09. 01. 1939, СССР, Кыргыз ССРи, Фрунзе шаары] – аскердик жана коомдук ишмер, подполковник, республиканын алгачкы аскер комиссары.

Ата-энеси менен бирге 1906–1913-жылдарда Иркутскиде сүргүндө жүргөндө атасы Бекембай оорудан кайтыш болуп (1911), энеси Үмүт уулу Аденди ээрчитип алып, эки жылда Ысык-Көлгө кайтып келишкен. Алгач диний мектептен сабатын ачкан жана 1916-жылы Үркүндө Кытайга барып, 1917-жылы кайра келген. 1918–1921-жылдары Караколдогу башталгыч мектепти аяктагандан кийин Ташкент шаарындагы аскер окуу жайындагы командирлерди даярдоочу атайын курсун (1922), Москвадагы аскер педагогикалык жогорку мектебин (1927), САГУнун тарых факультетин, Ленинграддагы аскер тактикасын окутуучуларынын курсун, Москвадагы В. И. Ленин атындагы саясий академияны (1937) бүтүргөн. 1922–19824-жылдарда 813- (өзгөчө) ротанын командиринин жардамчысы, командири, 1924–1931-жылдарда Ташкенттеги В. И. Ленин атындагы жогорку аскер мектебинде взводдун командири, инструктор, согуш тактикасын үйрөтүү боюнча окутуучу, окуу бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы, парткомдун жооптуу секретары, 1931–1932-жылдарда Орто Азия аскер округунун атчандар мектебинде окуу бөлүмүнүн начальнигинин жардамчысы, 1932–1933-жылдарда парткомдун жооптуу секретары, 1933–1936-жылдарда казак атчандар полкунун командиринин саясий иштер боюнча жардамчысы, 1936–1937-жылдарда 53-кыргыз атчандар полкунун аскер комиссары, 1936–1937-жылдарда Фергана тоо атчандар дивизиясынын саясий бөлүмүнүн башчысы, 1937-жылдын март айынан полктун командири болуп иштеген. Кыргызстан КП(б) БКнын мүчөсү, Фрунзе шааркомунун бюро мүчөсү (1937). 1937-жылы декабрда буржуазиялык улутчул деген жалаа менен камакка алынган. 1939-жылы СССРдин коргоо министринин (К. Ворошилов) кийлигишүүсү менен акталып, камактан бошотулган. Бирок көп өтпөй көз жумган. 1958-жылы толук акталган. Ак-Суу райондук кеңешинин 1992-жылы 4-августта чечими менен А. Истамбековдун ысымы Ичке-Жергез мектебине берилген.
Ад.: Тунтеев Н. С. Красные кавалеристы Кыргызстана. Б., 1994.