ИСЛАМАБАД: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ИСЛАМАБА&#769;Д</b> – Пакистан Ислам Респ-нын бор&shy;бор шаары. Өз алдынча адм. бирдик статусуна ээ. Борб. федерация округунун адм. борбору. Ги-
<b type='title'>ИСЛАМАБА&#769;Д</b> – Пакистан Ислам Республикасынын бор&shy;бор шаары. Өз алдынча административдик бирдик статусуна ээ. Борбордук федерация округунун административдик борбору. Ги-


[[File:ИСЛАМАБАД55.png | thumb | Шаардын жалпы көрүнүшү.]]
[[File:ИСЛАМАБАД55.png | thumb | Шаардын жалпы көрүнүшү.]]
малайдын этегиндеги Потвар платосунда, деңиз деңг. 550 <i>м</i> бийиктикте жайгашкан. И-дын кли&shy;маты жагымдуу; июлдун эң жогорку темп-расы 39°С, январдын эң төмөнкүсү 3°С. Калкы 657,8 миң (2008). Өлкөнүн мурдагы убактылуу борбо&shy;ру – Равалпинди ш. м-н туташып, агломерация&shy;ны түзөт; калкы 3,2 млн. Эл аралык аэропорту бар. Тамак-аш, жеңил ө. ж. ишканалары иш&shy;тейт. Өлкөнүн илим-билим борбору. Пакистан ИА (1953), ири улуттук китепкана, ун-т (Каид-и- Азам), Атом энергиясы б-ча Пакистан комиссия&shy;сы (бүткүл дүйнөгө белгилүү, 1956; курамында 20га жакын ИИИ бар), ин-ттар (а. и. адам уку&shy;гу, тарых, маданият ж. б.) ж-а Ислам таануу окуу жайы, улуттук архив (1951), музейлер, сүрөт галереясы бар. «Шехерезада» мейманка&shy;насы, Фейсал улутук мечити, шаар грек ар&shy;хитектору К. А. Доксиадистин долбоору м-н борборду куруу ж-дөгү өкмөттүн 1959-жылкы
малайдын этегиндеги Потвар платосунда, деңиз деңгээлинен 550 <i>м</i> бийиктикте жайгашкан. Исламабаддын кли&shy;маты жагымдуу; июлдун эң жогорку температурасы 39°С, январдын эң төмөнкүсү 3°С. Калкы 1,109 млн  (2023). Өлкөнүн мурдагы убактылуу борбо&shy;ру – Равалпинди шаары м-н туташып, агломерация&shy;ны түзөт; калкы 3,2 млн. Эл аралык аэропорту бар. Тамак-аш, жеңил өнөр жай ишканалары иш&shy;тейт. Өлкөнүн илим-билим борбору. Пакистан ИА (1953), ири улуттук китепкана, университет (Каид-и- Азам), атом энергиясы боюнча Пакистан комиссия&shy;сы (бүткүл дүйнөгө белгилүү, 1956; курамында 20га жакын ИИИ бар), институттар (анын ичинде адам уку&shy;гу, тарых, маданият ж. б.) ж-а Ислам таануу окуу жайы, улуттук архив (1951), музейлер, сүрөт галереясы бар. «Шехерезада» мейманка&shy;насы, Фейсал улутук мечити, шаар грек ар&shy;хитектору К. А. Доксиадистин долбоору м-н борборду куруу жөнүндөгү өкмөттүн 1959-жылкы чечимине ылайык (1960–70-жылдар) атайын ку&shy;рулган.
чечимине ылайык (1960–70-ж.) атайын ку&shy;рулган.
[[Категория:3-том, 607-672 бб]]
[[Категория:3-том, 607-672 бб]]

10:00, 18 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы

ИСЛАМАБА́Д – Пакистан Ислам Республикасынын бор­бор шаары. Өз алдынча административдик бирдик статусуна ээ. Борбордук федерация округунун административдик борбору. Ги-

Шаардын жалпы көрүнүшү.

малайдын этегиндеги Потвар платосунда, деңиз деңгээлинен 550 м бийиктикте жайгашкан. Исламабаддын кли­маты жагымдуу; июлдун эң жогорку температурасы 39°С, январдын эң төмөнкүсү 3°С. Калкы 1,109 млн (2023). Өлкөнүн мурдагы убактылуу борбо­ру – Равалпинди шаары м-н туташып, агломерация­ны түзөт; калкы 3,2 млн. Эл аралык аэропорту бар. Тамак-аш, жеңил өнөр жай ишканалары иш­тейт. Өлкөнүн илим-билим борбору. Пакистан ИА (1953), ири улуттук китепкана, университет (Каид-и- Азам), атом энергиясы боюнча Пакистан комиссия­сы (бүткүл дүйнөгө белгилүү, 1956; курамында 20га жакын ИИИ бар), институттар (анын ичинде адам уку­гу, тарых, маданият ж. б.) ж-а Ислам таануу окуу жайы, улуттук архив (1951), музейлер, сүрөт галереясы бар. «Шехерезада» мейманка­насы, Фейсал улутук мечити, шаар грек ар­хитектору К. А. Доксиадистин долбоору м-н борборду куруу жөнүндөгү өкмөттүн 1959-жылкы чечимине ылайык (1960–70-жылдар) атайын ку­рулган.