ИНВАЗИЯ ЫЛАҢДАРЫ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНВА́ЗИЯ ЫЛАҢДАРЫ</b> – жаныбарларга тие­шелүү мителер козгогон ылаңдардын тобу. Алар козгогучтарына жараша бир нече | <b type='title'>ИНВА́ЗИЯ ЫЛАҢДАРЫ</b> – жаныбарларга тие­шелүү мителер козгогон ылаңдардын тобу. Алар козгогучтарына жараша бир нече топко бөлүнгөн: протозооздор (жөнөкөйлөр), <i>гельмин­тоздор</i> (гельминттер), арахноздор (жөргөмүш сымалдар, кенелер), <i>энтомоздор</i> (чымын-чир­кейлер). Айыл чарба жаныбарларында инвазия ылаңдары клини­калык белгилери айкын формада өтүп, бир кыйла өлүмгө учуратат. Кээде, тымызын фор­мада өтөт, мисалы, диктиокаулёзго чалдыккан эттүү койлордо күзгө, жазга чейин ылаңдын кли­никалык белгилери билинбейт, бирок, багуу на­чарлап, тоют жетишсиз болгондо, ылаңдын бел­гилери пайда болот. Инвазия ылаңдарынын көпчүлүгү узак­ка чейин тымызын же клиникалык белгилери байкалбай өтөт. Инвазия ылаңдарынын таралышына табият шарттары: климат, топурак, фауна ж-а флора, суу булагынын саны ж-а сапаты ж. б. фактор­лор чоң таасир этет. Мисалы, жаан-чачындуу мез­гилде ылаңдаган малдын саны көбөйөт, бодо м-н жылкыны көпкө дейре бир эле жайытта кармай бергенде гельминттер козгогон ылаң­дар күч алат. Инвазия ылаңдарында мите алып жүрүүчүлөрдүн ролу чоң, себеби аларда ылаңдын клиникалык белгилери билинбейт, бирок ылаңды узакка чейин тымызын таратуучу болуп кала берет. Инвазия ылаңдары мал чарбасына бир кыйла экономикалык зыян алып келет. Инвазия ылаңдары көбүнчө жаш малды, өзгөчө канат­тууларды зыянга учуратат, ошондой эле, малдын баш­ка ылаңдардан жапа тартышына көмөкчү бо­лот. | ||
<p align='right'><i type='author'>Д. Раимбеков.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Д. Раимбеков.</i></p> | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
09:26, 20 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНВА́ЗИЯ ЫЛАҢДАРЫ – жаныбарларга тиешелүү мителер козгогон ылаңдардын тобу. Алар козгогучтарына жараша бир нече топко бөлүнгөн: протозооздор (жөнөкөйлөр), гельминтоздор (гельминттер), арахноздор (жөргөмүш сымалдар, кенелер), энтомоздор (чымын-чиркейлер). Айыл чарба жаныбарларында инвазия ылаңдары клиникалык белгилери айкын формада өтүп, бир кыйла өлүмгө учуратат. Кээде, тымызын формада өтөт, мисалы, диктиокаулёзго чалдыккан эттүү койлордо күзгө, жазга чейин ылаңдын клиникалык белгилери билинбейт, бирок, багуу начарлап, тоют жетишсиз болгондо, ылаңдын белгилери пайда болот. Инвазия ылаңдарынын көпчүлүгү узакка чейин тымызын же клиникалык белгилери байкалбай өтөт. Инвазия ылаңдарынын таралышына табият шарттары: климат, топурак, фауна ж-а флора, суу булагынын саны ж-а сапаты ж. б. факторлор чоң таасир этет. Мисалы, жаан-чачындуу мезгилде ылаңдаган малдын саны көбөйөт, бодо м-н жылкыны көпкө дейре бир эле жайытта кармай бергенде гельминттер козгогон ылаңдар күч алат. Инвазия ылаңдарында мите алып жүрүүчүлөрдүн ролу чоң, себеби аларда ылаңдын клиникалык белгилери билинбейт, бирок ылаңды узакка чейин тымызын таратуучу болуп кала берет. Инвазия ылаңдары мал чарбасына бир кыйла экономикалык зыян алып келет. Инвазия ылаңдары көбүнчө жаш малды, өзгөчө канаттууларды зыянга учуратат, ошондой эле, малдын башка ылаңдардан жапа тартышына көмөкчү болот.
Д. Раимбеков.