ИНВАЗИЯ ЫЛАҢДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНВА́ЗИЯ ЫЛАҢДАРЫ – жаныбарларга тие­шелүү мителер козгогон ылаңдардын тобу. Алар козгогучтарына жараша бир нече топко бөлүнгөн: протозооздор (жөнөкөйлөр), гельмин­тоздор (гельминттер), арахноздор (жөргөмүш сымалдар, кенелер), энтомоздор (чымын-чир­кейлер). Айыл чарба жаныбарларында инвазия ылаңдары клини­калык белгилери айкын формада өтүп, бир кыйла өлүмгө учуратат. Кээде, тымызын фор­мада өтөт, мисалы, диктиокаулёзго чалдыккан эттүү койлордо күзгө, жазга чейин ылаңдын кли­никалык белгилери билинбейт, бирок, багуу на­чарлап, тоют жетишсиз болгондо, ылаңдын бел­гилери пайда болот. Инвазия ылаңдарынын көпчүлүгү узак­ка чейин тымызын же клиникалык белгилери байкалбай өтөт. Инвазия ылаңдарынын таралышына табият шарттары: климат, топурак, фауна ж-а флора, суу булагынын саны ж-а сапаты ж. б. фактор­лор чоң таасир этет. Мисалы, жаан-чачындуу мез­гилде ылаңдаган малдын саны көбөйөт, бодо м-н жылкыны көпкө дейре бир эле жайытта кармай бергенде гельминттер козгогон ылаң­дар күч алат. Инвазия ылаңдарында мите алып жүрүүчүлөрдүн ролу чоң, себеби аларда ылаңдын клиникалык белгилери билинбейт, бирок ылаңды узакка чейин тымызын таратуучу болуп кала берет. Инвазия ылаңдары мал чарбасына бир кыйла экономикалык зыян алып келет. Инвазия ылаңдары көбүнчө жаш малды, өзгөчө канат­тууларды зыянга учуратат, ошондой эле, малдын баш­ка ылаңдардан жапа тартышына көмөкчү бо­лот.


Д. Раимбеков.