ИНАЛ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНА́Л</b> , | <b type='title'>ИНА́Л</b> (айрым учурларда «айнал», «инел» болуп окулушу мүмкүн) – [[байыркы түрктөр]]дө колдонулган титул жана тактынын мураскору. X–XI кылымдагы огуз-түркмөн коомунун социалдык-саясий баскычында «иналдар» жогорку орундардын бирин ээлеп турган. Соңку орто кылымга тиешелүү жазма маалыматтарда (кара: [[Рашид ад-Дин]]) кыргыздар өз башчысын да «инал» деп аташкан, ал сөз [[моңголдор]]догу «каан», [[тажиктер]]деги «падшах» деген титул менен барабар экени айтылат. [[Тыва]]да IX–X кылымдарга тиешелүү кыргыздар калтыр­ган [[руна эстеликтери]]нде «ынал» деген сөз кезде­шет. Л. Будагов да тоолук ([[Тянь-Шань]], [[Памир]]) кыргыздарда бул [[термин]] «[[падыша]], [[хан]]» менен тектеш мааниде колдонулуп жүргөнүн көрсөтөт. С. Е. Яхонтовдун пикиринде [[Кытай тарыхый булактары]]нда бул титул «к-iê niet» түрүндө жолугуп, баш тамгасы үндүү болгондуктан [[тыбыш]]ы боюнча «инал» (inäl) деп окула турганы белгиленет. Анда ал энчилүү атка (Инэл-каган) байланыштуу эскерилген жана мааниси жагынан «[[ажо]]» деген сөзгө жакын деп чечмелеген. Мындай термин «[[князь]]» деген мааниде Түндүк [[Кавказ]]да жашаган айрым [[этнос]]тордо да кезигет. 1) энчилүү ат, титул энеси хан теги­нен, 2) атасы карапайым жерден чыккан, тектүү, жогорку даражалуу; 3) [[ават]] уруусундагы геноним, . | ||
Ад.: Родословное древо тюрков. Сочинение Абуль-Гази, Хивинского хана. Перевод и предисловие Г. С. Саблукова. Казань, 1906; Яхонтов С. Е. Древнейшие упоминания названия «киргиз». //Советская этнография. 1970. | |||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
07:26, 26 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
ИНА́Л (айрым учурларда «айнал», «инел» болуп окулушу мүмкүн) – байыркы түрктөрдө колдонулган титул жана тактынын мураскору. X–XI кылымдагы огуз-түркмөн коомунун социалдык-саясий баскычында «иналдар» жогорку орундардын бирин ээлеп турган. Соңку орто кылымга тиешелүү жазма маалыматтарда (кара: Рашид ад-Дин) кыргыздар өз башчысын да «инал» деп аташкан, ал сөз моңголдордогу «каан», тажиктердеги «падшах» деген титул менен барабар экени айтылат. Тывада IX–X кылымдарга тиешелүү кыргыздар калтырган руна эстеликтеринде «ынал» деген сөз кездешет. Л. Будагов да тоолук (Тянь-Шань, Памир) кыргыздарда бул термин «падыша, хан» менен тектеш мааниде колдонулуп жүргөнүн көрсөтөт. С. Е. Яхонтовдун пикиринде Кытай тарыхый булактарында бул титул «к-iê niet» түрүндө жолугуп, баш тамгасы үндүү болгондуктан тыбышы боюнча «инал» (inäl) деп окула турганы белгиленет. Анда ал энчилүү атка (Инэл-каган) байланыштуу эскерилген жана мааниси жагынан «ажо» деген сөзгө жакын деп чечмелеген. Мындай термин «князь» деген мааниде Түндүк Кавказда жашаган айрым этностордо да кезигет. 1) энчилүү ат, титул энеси хан тегинен, 2) атасы карапайым жерден чыккан, тектүү, жогорку даражалуу; 3) ават уруусундагы геноним, .
Ад.: Родословное древо тюрков. Сочинение Абуль-Гази, Хивинского хана. Перевод и предисловие Г. С. Саблукова. Казань, 1906; Яхонтов С. Е. Древнейшие упоминания названия «киргиз». //Советская этнография. 1970.