ИМПЕРИАЛИЗМ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИМПЕРИАЛИ́ЗМ</b> (лат. imperium – бийлик, үс­төмдүк) – саясий же | <b type='title'>ИМПЕРИАЛИ́ЗМ</b> (лат. imperium – бийлик, үс­төмдүк) – саясий же экономикалык жактан өз көзөмө­лүнө алуу үчүн кандайдыр мамлекет тарабынан жүр­гүзүлгөн саясатты туюнткан түшүнүк. Мунун не­гизинде өнүккөн алдыңкы өлкөлөр башка ай­макты басып алып, аларды колонияга айлан­тышкан. Бул термин 19-кылымдын 2-жарымынан англиялык экономист Ж. Гобсондун «Империализм» (1902) ж-а В. И. Лениндин «Империализм – ка­питализмдин эң жогорку баскычы» аттуу эм­гектеринен кийин кеңири таралган. Марксизм­де [О. Бауэр (Австрия), Р. Гильфердинг, Р. Люк­сембург (Германия), В. И. Ленин, Н. И. Буха­рин (Россия) ж. б-дын эмгектеринде] империализм өнүк­көн капитализм – монополисттик капитализм­дин эң жогорку баскычы катары көрсөтүлөт. Империализмге алгач илимий талдоо жүргүзгөн В. Ленин бол­гон ж-а ал анын негизги экономикалык белгилерин мын­дайча аныктаган: 1) өндүрүш м-н капиталды концентрациялоо эң жогорку баскычка жеткенде ал чарбалык турмушта чечүүчү роль ойногон мо­нополияларды пайда кылат; 2) банк капиталы ж-а өнөр жай капиталы кошулуп, финансы капи­талын же финансы олигархиясын түзөт; 3) то­варды чыгарууга караганда капиталды чет өл­көгө чыгаруу өзгөчө мааниге ээ болот; 4) дүйнөнү бөлүп алуу үчүн эл аралык монополисттик ка­питализмдин союздары түзүлөт; 5) ири капита­листтик державалардын ортосунда дүйнөнү ай­мактык жактан бөлүштүрүү аяктайт. Империализм белгилүү бир тарыхый баскычка тиешелүү болуп, өз учу­рунда Грекия, Рим, Осмон империясы, Испа­ния, Улуу Британия сыяктуу алдыңкы мамле­кеттер башка элдерге үстөмдүк кылып, империа­листтик башкаруунун түрлөрүн жараткан. Ин­дустриялык жактан өнүккөн мамлекеттер жүргүзгөн экспансиялык мезгил (1880-жылдан 1-дүйнөлүк согушка чейин) «классикалык империализм» деп аталат. 2-дүйнөлүк согуштан кийин ылдам өнүгө баштаган мамлекеттердин (мисалы, АКШ м-н мурдагы Советтер Союзу) жаңыдан өнүгүп жат­кан мамлекеттерге карата жүргүзгөн саясатын «неоимпериализм» деп аташат. 1953-жылы Ж. Гэл­лэжер м-н Р. Робинсон «Эркин соода империа­лизми» аттуу чакан макаласында өнүккөн мам­лекеттер өзүнөн алсыз мамлекеттерди экономикалык кара­жаттардын жардамы м-н кыйыр көзөмөлдөйт деген маанини туюнткан «формалдуу эмес империализм» терминин киргизишкен. Формалдуу эмес империализм жөнүндө бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн талаш-тартыш­тар жүрүп, ар түрдүү көз караштар айтылат. Империализмдин маанисин саясий ж-а аймактык жактан үстөмдүк кылуу деген түшүнүк м-н чектөөнү туу­ра көрүшкөн изилдөөчүлөр тарабынан анык, так эместиги сынга алынып келет. | ||
бир тарыхый баскычка тиешелүү болуп, өз учу­рунда Грекия, Рим, Осмон империясы, Испа­ния, Улуу Британия сыяктуу алдыңкы мамле­кеттер башка элдерге үстөмдүк кылып, империа­листтик башкаруунун түрлөрүн жараткан. Ин­дустриялык жактан өнүккөн мамлекеттер жүргүзгөн экспансиялык мезгил (1880-жылдан 1-дүйнөлүк согушка чейин) «классикалык | |||
өнүгө баштаган мамлекеттердин ( | |||
«неоимпериализм» деп аташат. 1953- | |||
үстөмдүк кылуу деген түшүнүк м-н чектөөнү туу­ра көрүшкөн изилдөөчүлөр тарабынан анык, так эместиги сынга алынып келет. | |||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
03:35, 20 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИМПЕРИАЛИ́ЗМ (лат. imperium – бийлик, үстөмдүк) – саясий же экономикалык жактан өз көзөмөлүнө алуу үчүн кандайдыр мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн саясатты туюнткан түшүнүк. Мунун негизинде өнүккөн алдыңкы өлкөлөр башка аймакты басып алып, аларды колонияга айлантышкан. Бул термин 19-кылымдын 2-жарымынан англиялык экономист Ж. Гобсондун «Империализм» (1902) ж-а В. И. Лениндин «Империализм – капитализмдин эң жогорку баскычы» аттуу эмгектеринен кийин кеңири таралган. Марксизмде [О. Бауэр (Австрия), Р. Гильфердинг, Р. Люксембург (Германия), В. И. Ленин, Н. И. Бухарин (Россия) ж. б-дын эмгектеринде] империализм өнүккөн капитализм – монополисттик капитализмдин эң жогорку баскычы катары көрсөтүлөт. Империализмге алгач илимий талдоо жүргүзгөн В. Ленин болгон ж-а ал анын негизги экономикалык белгилерин мындайча аныктаган: 1) өндүрүш м-н капиталды концентрациялоо эң жогорку баскычка жеткенде ал чарбалык турмушта чечүүчү роль ойногон монополияларды пайда кылат; 2) банк капиталы ж-а өнөр жай капиталы кошулуп, финансы капиталын же финансы олигархиясын түзөт; 3) товарды чыгарууга караганда капиталды чет өлкөгө чыгаруу өзгөчө мааниге ээ болот; 4) дүйнөнү бөлүп алуу үчүн эл аралык монополисттик капитализмдин союздары түзүлөт; 5) ири капиталисттик державалардын ортосунда дүйнөнү аймактык жактан бөлүштүрүү аяктайт. Империализм белгилүү бир тарыхый баскычка тиешелүү болуп, өз учурунда Грекия, Рим, Осмон империясы, Испания, Улуу Британия сыяктуу алдыңкы мамлекеттер башка элдерге үстөмдүк кылып, империалисттик башкаруунун түрлөрүн жараткан. Индустриялык жактан өнүккөн мамлекеттер жүргүзгөн экспансиялык мезгил (1880-жылдан 1-дүйнөлүк согушка чейин) «классикалык империализм» деп аталат. 2-дүйнөлүк согуштан кийин ылдам өнүгө баштаган мамлекеттердин (мисалы, АКШ м-н мурдагы Советтер Союзу) жаңыдан өнүгүп жаткан мамлекеттерге карата жүргүзгөн саясатын «неоимпериализм» деп аташат. 1953-жылы Ж. Гэллэжер м-н Р. Робинсон «Эркин соода империализми» аттуу чакан макаласында өнүккөн мамлекеттер өзүнөн алсыз мамлекеттерди экономикалык каражаттардын жардамы м-н кыйыр көзөмөлдөйт деген маанини туюнткан «формалдуу эмес империализм» терминин киргизишкен. Формалдуу эмес империализм жөнүндө бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн талаш-тартыштар жүрүп, ар түрдүү көз караштар айтылат. Империализмдин маанисин саясий ж-а аймактык жактан үстөмдүк кылуу деген түшүнүк м-н чектөөнү туура көрүшкөн изилдөөчүлөр тарабынан анык, так эместиги сынга алынып келет.