ИМПЕРИАЛИЗМ
ИМПЕРИАЛИ́ЗМ (лат. imperium – бийлик, үстөмдүк) – саясий же экономикалык жактан өз көзөмөлүнө алуу үчүн кандайдыр мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн саясатты туюнткан түшүнүк. Мунун негизинде өнүккөн алдыңкы өлкөлөр башка аймакты басып алып, аларды колонияга айлантышкан. Бул термин 19-кылымдын 2-жарымынан англиялык экономист Ж. Гобсондун «Империализм» (1902) ж-а В. И. Лениндин «Империализм – капитализмдин эң жогорку баскычы» аттуу эмгектеринен кийин кеңири таралган. Марксизмде [О. Бауэр (Австрия), Р. Гильфердинг, Р. Люксембург (Германия), В. И. Ленин, Н. И. Бухарин (Россия) ж. б-дын эмгектеринде] империализм өнүккөн капитализм – монополисттик капитализмдин эң жогорку баскычы катары көрсөтүлөт. Империализмге алгач илимий талдоо жүргүзгөн В. Ленин болгон ж-а ал анын негизги экономикалык белгилерин мындайча аныктаган: 1) өндүрүш м-н капиталды концентрациялоо эң жогорку баскычка жеткенде ал чарбалык турмушта чечүүчү роль ойногон монополияларды пайда кылат; 2) банк капиталы ж-а өнөр жай капиталы кошулуп, финансы капиталын же финансы олигархиясын түзөт; 3) товарды чыгарууга караганда капиталды чет өлкөгө чыгаруу өзгөчө мааниге ээ болот; 4) дүйнөнү бөлүп алуу үчүн эл аралык монополисттик капитализмдин союздары түзүлөт; 5) ири капиталисттик державалардын ортосунда дүйнөнү аймактык жактан бөлүштүрүү аяктайт. Империализм белгилүү бир тарыхый баскычка тиешелүү болуп, өз учурунда Грекия, Рим, Осмон империясы, Испания, Улуу Британия сыяктуу алдыңкы мамлекеттер башка элдерге үстөмдүк кылып, империалисттик башкаруунун түрлөрүн жараткан. Индустриялык жактан өнүккөн мамлекеттер жүргүзгөн экспансиялык мезгил (1880-жылдан 1-дүйнөлүк согушка чейин) «классикалык империализм» деп аталат. 2-дүйнөлүк согуштан кийин ылдам өнүгө баштаган мамлекеттердин (мисалы, АКШ м-н мурдагы Советтер Союзу) жаңыдан өнүгүп жаткан мамлекеттерге карата жүргүзгөн саясатын «неоимпериализм» деп аташат. 1953-жылы Ж. Гэллэжер м-н Р. Робинсон «Эркин соода империализми» аттуу чакан макаласында өнүккөн мамлекеттер өзүнөн алсыз мамлекеттерди экономикалык каражаттардын жардамы м-н кыйыр көзөмөлдөйт деген маанини туюнткан «формалдуу эмес империализм» терминин киргизишкен. Формалдуу эмес империализм жөнүндө бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн талаш-тартыштар жүрүп, ар түрдүү көз караштар айтылат. Империализмдин маанисин саясий ж-а аймактык жактан үстөмдүк кылуу деген түшүнүк м-н чектөөнү туура көрүшкөн изилдөөчүлөр тарабынан анык, так эместиги сынга алынып келет.