ИДЕОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ИДЕОЛО&#769;ГИЯ</b> (<i>идея</i> ж-а <i>...логия</i>) – коомдук тур&shy;муштун бир жааты; курчап турган дүйнөгө ка&shy;рата адамдардын мамилесин ж-а өз ара каты&shy;шын аныктаган, мүнөздөгөн, максат-ниеттерин негиздеген ой-түшүнүктөр тутуму. Адам алды&shy;на койгон максатын, жасаган ишин, көздөгөн ниетин, ага жетүүнүн жолдорун, куралдарын ж-а каражаттарын кайсы бир ой, идеяларга тая&shy;нып түшүнөт, баалайт, аныктайт, башкаларга түшүндүрөт, таратат. Ушундан И. жаралат. Ар иштин (чоң, кичине, коомдук, аймактык ж. б.) И-сы болот. И-сыз коом болбойт. И-нын неги&shy;зинде таалим-тарбия иши жүргүзүлөт, коомдук мамилелер аныкталат, чыг-лык калыптанат, адамдар өз ара түшүнүшөт, биригет, коомчулук ж-а адамдардын зор массасы белгилүү бир мак&shy;сатты (багытка) көздөй мобилизацияланат, сая&shy;сат ишке ашырылат. И. – көп кырлуу, көп түрлүү кубулуш. Коомдук И., улуттук И., мамл. И., диний И. сыяктуу өзүнө тиешелүү маани-маз&shy;мунга, түшүнүктөргө ээ. «И.» термин катары француз философу А. Л. К. Дестюг де Трасси тарабынан «идеялар жөнүндөгү окуу» деген маа&shy;ниде киргизилген (1801). И. кийин Францияда турмуштан алыс, чыныгы саясаттан ажыраган көз караштар маанисин алат. К. Маркс, Ф. Эн&shy;гельс «бурмаланган, жалган ой-түшүнүк» сапа&shy;тында түшүнүшкөн. В. И. Ленин «марксизм – бул илимий И.» деп баалаган. Социализм кый&shy;раган соң «И-дан баш тартуу» (деидеологизация) кубулуштары жаралып, жаңы эгемен мамлекет&shy;терде улуттук И-ны табуу аракеттери күчөгөн. Учурда Кырг-нда да коомдук, улуттук И. масе&shy;леси бир жаңсыл чечиле элек.
<b type='title'>ИДЕОЛО&#769;ГИЯ</b> (<i>идея</i> ж-а <i>...логия</i>) – коомдук тур&shy;муштун бир жааты; курчап турган дүйнөгө ка&shy;рата адамдардын мамилесин ж-а өз ара каты&shy;шын аныктаган, мүнөздөгөн, максат-ниеттерин негиздеген ой-түшүнүктөр тутуму. Адам алды&shy;на койгон максатын, жасаган ишин, көздөгөн ниетин, ага жетүүнүн жолдорун, куралдарын ж-а каражаттарын кайсы бир ой, идеяларга тая&shy;нып түшүнөт, баалайт, аныктайт, башкаларга түшүндүрөт, таратат. Ушундан идеология жаралат. Ар иштин (чоң, кичине, коомдук, аймактык ж. б.) идеологиясы болот. Идеологиясыз коом болбойт. Идеологиянын неги&shy;зинде таалим-тарбия иши жүргүзүлөт, коомдук мамилелер аныкталат, чыгармачылык калыптанат, адамдар өз ара түшүнүшөт, биригет, коомчулук ж-а адамдардын зор массасы белгилүү бир мак&shy;сатты (багытка) көздөй мобилизацияланат, сая&shy;сат ишке ашырылат. Идеология  – көп кырлуу, көп түрлүү кубулуш. Коомдук идеология, улуттук идеология, мамлекеттик идеология, диний идеология  сыяктуу өзүнө тиешелүү маани-маз&shy;мунга, түшүнүктөргө ээ. «Идеология» термин катары француз философу А. Л. К. Дестюг де Трасси тарабынан «идеялар жөнүндөгү окуу» деген маа&shy;ниде киргизилген (1801). Идеология  кийин Францияда турмуштан алыс, чыныгы саясаттан ажыраган көз караштар маанисин алат. К. Маркс, Ф. Эн&shy;гельс «бурмаланган, жалган ой-түшүнүк» сапа&shy;тында түшүнүшкөн. В. И. Ленин «марксизм – бул илимий идеология » деп баалаган. Социализм кый&shy;раган соң «идеологиядан баш тартуу» (деидеологизация) кубулуштары жаралып, жаңы эгемен мамлекет&shy;терде улуттук идеологияны табуу аракеттери күчөгөн. Учурда Кыргызстанда да коомдук, улуттук идеология  масе&shy;леси бир жаңсыл чечиле элек.
 




<p align='right'><i type='author'>Ж. Бөкөшов.</i></p>
<p align='right'><i type='author'>Ж. Бөкөшов.</i></p>
[[Категория:3-том, 449-543 бб]]
[[Категория:3-том, 449-543 бб]]

10:15, 12 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ИДЕОЛО́ГИЯ (идея ж-а ...логия) – коомдук тур­муштун бир жааты; курчап турган дүйнөгө ка­рата адамдардын мамилесин ж-а өз ара каты­шын аныктаган, мүнөздөгөн, максат-ниеттерин негиздеген ой-түшүнүктөр тутуму. Адам алды­на койгон максатын, жасаган ишин, көздөгөн ниетин, ага жетүүнүн жолдорун, куралдарын ж-а каражаттарын кайсы бир ой, идеяларга тая­нып түшүнөт, баалайт, аныктайт, башкаларга түшүндүрөт, таратат. Ушундан идеология жаралат. Ар иштин (чоң, кичине, коомдук, аймактык ж. б.) идеологиясы болот. Идеологиясыз коом болбойт. Идеологиянын неги­зинде таалим-тарбия иши жүргүзүлөт, коомдук мамилелер аныкталат, чыгармачылык калыптанат, адамдар өз ара түшүнүшөт, биригет, коомчулук ж-а адамдардын зор массасы белгилүү бир мак­сатты (багытка) көздөй мобилизацияланат, сая­сат ишке ашырылат. Идеология – көп кырлуу, көп түрлүү кубулуш. Коомдук идеология, улуттук идеология, мамлекеттик идеология, диний идеология сыяктуу өзүнө тиешелүү маани-маз­мунга, түшүнүктөргө ээ. «Идеология» термин катары француз философу А. Л. К. Дестюг де Трасси тарабынан «идеялар жөнүндөгү окуу» деген маа­ниде киргизилген (1801). Идеология кийин Францияда турмуштан алыс, чыныгы саясаттан ажыраган көз караштар маанисин алат. К. Маркс, Ф. Эн­гельс «бурмаланган, жалган ой-түшүнүк» сапа­тында түшүнүшкөн. В. И. Ленин «марксизм – бул илимий идеология » деп баалаган. Социализм кый­раган соң «идеологиядан баш тартуу» (деидеологизация) кубулуштары жаралып, жаңы эгемен мамлекет­терде улуттук идеологияны табуу аракеттери күчөгөн. Учурда Кыргызстанда да коомдук, улуттук идеология масе­леси бир жаңсыл чечиле элек.


Ж. Бөкөшов.