ИБН АЛ-АСИР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ИБН АЛ-АСИ&#769;Р</b> Изз-ад-дин Абу-л-Хусайн Али ибн Мухаммад ибн ал-Асир (1160–1233/34) – араб акыны, филолог ж-а тарыхчы. Тигр д-нын жээгиндеги Жезират ибн-Омар ш-нда туулган. Арабиядан тышкары Сирия ж-а Палестина
<b type='title'>ИБН АЛ-АСИ&#769;Р</b> Изз-ад-дин Абу-л-Хусайн Али ибн Мухаммад ибн ал-Асир (1160–1233/34) – араб акыны, филолог жана тарыхчы. Тигр дарыясынын жээгиндеги Жезират ибн-Омар шаарында туулган. [[Арабия]]дан тышкары [[Сирия]] жана [[Палестина]] өлкөлөрүнө саякат кылган. Жыл саноо систе&shy;масын колдонуп жазган көп томдуу эмгеги «[[Ал-камил фи-т-та’рих]]» («Толук жыйнактуу тарых» же «Тарыхтардын толук жыйнагы») деп аталат. Жазма булактар, сурамжылоо же жекече байкоолор аркылуу жазылган бул эм&shy;гектин калган бөлүгү хижранын 628-жылына (1231) чейин баяндалган. Анда бизге жетпей калган чыгармалардан (мисалы, ас-Салламинин, ал-Утбинин) баалуу үзүндүлөр сакталган. Кээ бир белгилүү тарыхый окуялар (мисалы, 751-жылы июл&shy;дагы Талас суусунун жээгиндеги араб-кытай согушу (кара: [[Атлах салгылашуусу]]) тууралуу маалыматтар Ибн ал-Асирдин китебинде гана кездешет. Булардан башка [[Караханиддер|Ка&shy;раханиддер]]дин тарыхы же алардын 940-жылы Ба&shy;ласагун (кара: [[Баласагын]]) шаарын басып алышынан баштап, 13-кылымга чейинки окуялар, алардан тышкары [[Кара-кытайлар|кара-кы&shy;тайлар]]дын (кидандардын), уйгурлардын та&shy;рыхы боюнча жана [[моңголдор]]дун [[Орто Азия]]ны басып алышына байланыштуу баалуу маалыматтар бар. Швед чыгыш таануучусу, [[араб тили]]нин профессору К. Торнберг (1807–1877) Ибн ал-Асирдин бир нече кол жазмасына негиздеп, 1851–1876-жылдары «Ибн ал-Асирдин эң сонун жазылган хроникасы» (Ibn el-Athiri Chronicon quod perfectissimum inscribitur) аттуу 14 томдук эмгегин жарыкка чыгарган жана ага түшүндүрмө берип, жеке сын-пикирлерин кошумчалаган. [[Кыргызстан]]дын аймагына тиешелүү «Ал-камил фи-т-та’рихтин» айрым томдорунан алынган үзүндүлөр К. Б. Старкова (1915–2000) тарабынан которулуп, 1973-жылы орус тилинде жарыкка чыккан «Материалы по истории киргизов и Киргизии» деген китепке кирген. 2005-жылы Ибн ал-Асирдин «Толук жыйнактуу тарыхынан» таңдамалуу үзүндүлөр филолог, араб тили боюнча адис П. Г. Булгаковдун (1927– 1993) котормосунда жана тарыхчы Ш. С. Камолиддиндин түшүндүрмөсү менен өзүнчө китеп болуп чыккан.  
өлкөлөрүнө саякат кылган. Жыл саноо систе&shy;масын колдонуп жазган көп томдуу эмгеги «ал- Камил фи-т-тарих« («Толук жыйнактуу тарых») деп аталат. Жазма булактар, сурамжылоо же жекече байкоолор аркылуу жазылган бул эм&shy;гектин калган бөлүгү хижранын 628-жылына (1231) чейин баяндалган. Анда бизге жетпей калган чыгармалардан (мис., ас-Салламинин, ал-Утбинин) баалуу үзүндүлөр сакталган. Кээ бир белгилүү тарыхый окуялар (мис., 751-ж. июл&shy;дагы Талас суусунун жээгиндеги араб-кытай согушу) тууралуу маалыматтар И. а.-А-дин китебинде гана кездешет. Булардан башка Ка&shy;раханиддердин тарыхы же алардын 940-ж. Ба&shy;ласагун ш-н басып алышынан баштап, 13-к-га
чейинки окуялар, алардан тышкары кара-кы&shy;тайлардын (кидандардын), уйгурлардын та&shy;рыхы б-ча ж-а моңголдордун О. Азияны басып алышына байланыштуу баалуу маалыматтар бар. И. а.-А-дин китеби бир нече жолу ба&shy;сылып, О. Азия м-н Казакстанга тийиштүү маалыматтары С. Торнбергдин котормосунда
чыккан.
 
 
Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыр&shy;гызстана. Т. 1. Б., 2002.  
 


Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыр&shy;гызстана. Т. 1. Б., 2002; Ибн ал-Асир. Полный свод истории. Избранные отрывки. /пер. с араб. языка П. Г. Булгакова, с комм. Ш. С. Камолиддина. Таш.-Цюрих, 2005.  
<p align='right'><i type='author'>Т. Жуманалиев.</i></p>
<p align='right'><i type='author'>Т. Жуманалиев.</i></p>
[[Категория:3-том, 449-543 бб]]
[[Категория:3-том, 449-543 бб]]

03:41, 1 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

ИБН АЛ-АСИ́Р Изз-ад-дин Абу-л-Хусайн Али ибн Мухаммад ибн ал-Асир (1160–1233/34) – араб акыны, филолог жана тарыхчы. Тигр дарыясынын жээгиндеги Жезират ибн-Омар шаарында туулган. Арабиядан тышкары Сирия жана Палестина өлкөлөрүнө саякат кылган. Жыл саноо систе­масын колдонуп жазган көп томдуу эмгеги «Ал-камил фи-т-та’рих» («Толук жыйнактуу тарых» же «Тарыхтардын толук жыйнагы») деп аталат. Жазма булактар, сурамжылоо же жекече байкоолор аркылуу жазылган бул эм­гектин калган бөлүгү хижранын 628-жылына (1231) чейин баяндалган. Анда бизге жетпей калган чыгармалардан (мисалы, ас-Салламинин, ал-Утбинин) баалуу үзүндүлөр сакталган. Кээ бир белгилүү тарыхый окуялар (мисалы, 751-жылы июл­дагы Талас суусунун жээгиндеги араб-кытай согушу (кара: Атлах салгылашуусу) тууралуу маалыматтар Ибн ал-Асирдин китебинде гана кездешет. Булардан башка Ка­раханиддердин тарыхы же алардын 940-жылы Ба­ласагун (кара: Баласагын) шаарын басып алышынан баштап, 13-кылымга чейинки окуялар, алардан тышкары кара-кы­тайлардын (кидандардын), уйгурлардын та­рыхы боюнча жана моңголдордун Орто Азияны басып алышына байланыштуу баалуу маалыматтар бар. Швед чыгыш таануучусу, араб тилинин профессору К. Торнберг (1807–1877) Ибн ал-Асирдин бир нече кол жазмасына негиздеп, 1851–1876-жылдары «Ибн ал-Асирдин эң сонун жазылган хроникасы» (Ibn el-Athiri Chronicon quod perfectissimum inscribitur) аттуу 14 томдук эмгегин жарыкка чыгарган жана ага түшүндүрмө берип, жеке сын-пикирлерин кошумчалаган. Кыргызстандын аймагына тиешелүү «Ал-камил фи-т-та’рихтин» айрым томдорунан алынган үзүндүлөр К. Б. Старкова (1915–2000) тарабынан которулуп, 1973-жылы орус тилинде жарыкка чыккан «Материалы по истории киргизов и Киргизии» деген китепке кирген. 2005-жылы Ибн ал-Асирдин «Толук жыйнактуу тарыхынан» таңдамалуу үзүндүлөр филолог, араб тили боюнча адис П. Г. Булгаковдун (1927– 1993) котормосунда жана тарыхчы Ш. С. Камолиддиндин түшүндүрмөсү менен өзүнчө китеп болуп чыккан.  

Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыр­гызстана. Т. 1. Б., 2002; Ибн ал-Асир. Полный свод истории. Избранные отрывки. /пер. с араб. языка П. Г. Булгакова, с комм. Ш. С. Камолиддина. Таш.-Цюрих, 2005.  

Т. Жуманалиев.