ЗЫГЫР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЗЫГЫР</b> (Linum) – зыгырлар тукумундагы бир же көп жылдык чөп ж-а бадал уруусу. 230дай түрү бар. Негизинен субтропикте ж-а мелүүн ал­какта өсөт. Була ж-а үрөн алуу үчүн негизинен | <b type='title'>ЗЫГЫР</b> (Linum) – зыгырлар тукумундагы бир же көп жылдык чөп ж-а бадал уруусу. 230дай түрү бар. Негизинен субтропикте ж-а мелүүн ал­какта өсөт. Була ж-а үрөн алуу үчүн негизинен зыгырдын эгилме түрү өстүрүлөт. Ал 5 топко бөлүнөт: шыңга зыңыр, орто зыгыр, сабактама зыгыр, уругу дандуу зыгыр, төшөлмө Зыгыр. Булардын ичинен шыңга зыгыр м-н май зыгыр кеңири таралган. Ш ы ң г а зыгыр – жалгыз сабактуу бир жылдык өсүмдүк; сөңгөк тамыр­луу. Сабагы цилиндр сымал, өңү саргыч, би­йиктииги 70–125 <i>см,</i> жоондугу 0,8–2 <i>мм.</i> Сабагында 15–35% була, уругунда 40%ке чейин май болот. Жалбырагы сапсыз, гүлү көгүш, чанда ак же кызгылт. Мөмөсү чанак (10 урук болот). 1000 уругунун салмагы 3,5–6,6 <i>г.</i> Вегетация мезгили 75–90 күн. Күн бүркөк кезде, 15–18°С температурада жакшы өсөт. Польша, Франция, Румыния, Бол­гария, Аргентинада, Балтика боюндагы өлкө­лөрдө, РФ, Украина ж-а Белaруссиянын кара топурактуу тилкелеринде эгилүүчү 20дан ашуун сорту бар. Илдеттери: фузариоз, дат, полиспо­роз ж. б., зыянкечтери: зыгыр бүргөсү, зыгыр данчысы ж. б. М а й алынуучу зыгыр– бир жылдык өсүмдүк. Тамыры жакшы өөрчүгөн. Сабагы бутактанып өсөт, бийиктиги 20–70 <i>см.</i> Жалбырагы, гүлү, топ гүлү ж-а чанагынын (бир аз чоңураак) түзүлүшү шыңга зыгырдыкына окшош; 1000 уругунун салмагы 13 <i>г</i>дай, вегетация мезгили 150 күн. Кара топу­рактуу жерде жакшы өсөт. Уругунда 35–52% май болот. Майы лак, олифа, сыр, линолеум ж. б. жасоодо, ошондой эле тамак-ашка пайдаланы­лат. Зыгыр күнжарасы – баалуу концентрат тоют. Саманында 10–15% була болот. Ал брезент, жип (шпагат) жасоодо пайдаланылат. Май алынуу­чу зыгырдын 18ден ашуун сорту (Воронеж 1308, Си­бирь ж. б.) бар. Негизинен Индия, Канада, АКШ, Аргентина, РФ, Казакстан, Украина ж. б. өлкө­лөрдө эгилет. | ||
өсөт, | |||
гүлү ж-а чанагынын (бир аз чоңураак) түзүлүшү шыңга | |||
Ад.: Льноводство. М., 1967. | Ад.: Льноводство. М., 1967. | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
05:32, 11 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ЗЫГЫР (Linum) – зыгырлар тукумундагы бир же көп жылдык чөп ж-а бадал уруусу. 230дай түрү бар. Негизинен субтропикте ж-а мелүүн алкакта өсөт. Була ж-а үрөн алуу үчүн негизинен зыгырдын эгилме түрү өстүрүлөт. Ал 5 топко бөлүнөт: шыңга зыңыр, орто зыгыр, сабактама зыгыр, уругу дандуу зыгыр, төшөлмө Зыгыр. Булардын ичинен шыңга зыгыр м-н май зыгыр кеңири таралган. Ш ы ң г а зыгыр – жалгыз сабактуу бир жылдык өсүмдүк; сөңгөк тамырлуу. Сабагы цилиндр сымал, өңү саргыч, бийиктииги 70–125 см, жоондугу 0,8–2 мм. Сабагында 15–35% була, уругунда 40%ке чейин май болот. Жалбырагы сапсыз, гүлү көгүш, чанда ак же кызгылт. Мөмөсү чанак (10 урук болот). 1000 уругунун салмагы 3,5–6,6 г. Вегетация мезгили 75–90 күн. Күн бүркөк кезде, 15–18°С температурада жакшы өсөт. Польша, Франция, Румыния, Болгария, Аргентинада, Балтика боюндагы өлкөлөрдө, РФ, Украина ж-а Белaруссиянын кара топурактуу тилкелеринде эгилүүчү 20дан ашуун сорту бар. Илдеттери: фузариоз, дат, полиспороз ж. б., зыянкечтери: зыгыр бүргөсү, зыгыр данчысы ж. б. М а й алынуучу зыгыр– бир жылдык өсүмдүк. Тамыры жакшы өөрчүгөн. Сабагы бутактанып өсөт, бийиктиги 20–70 см. Жалбырагы, гүлү, топ гүлү ж-а чанагынын (бир аз чоңураак) түзүлүшү шыңга зыгырдыкына окшош; 1000 уругунун салмагы 13 гдай, вегетация мезгили 150 күн. Кара топурактуу жерде жакшы өсөт. Уругунда 35–52% май болот. Майы лак, олифа, сыр, линолеум ж. б. жасоодо, ошондой эле тамак-ашка пайдаланылат. Зыгыр күнжарасы – баалуу концентрат тоют. Саманында 10–15% була болот. Ал брезент, жип (шпагат) жасоодо пайдаланылат. Май алынуучу зыгырдын 18ден ашуун сорту (Воронеж 1308, Сибирь ж. б.) бар. Негизинен Индия, Канада, АКШ, Аргентина, РФ, Казакстан, Украина ж. б. өлкөлөрдө эгилет.
Ад.: Льноводство. М., 1967.