ЗЫГЫР
ЗЫГЫР (Linum) – зыгырлар тукумундагы бир же көп жылдык чөп ж-а бадал уруусу. 230дай түрү бар. Негизинен субтропикте ж-а мелүүн алкакта өсөт. Була ж-а үрөн алуу үчүн негизинен зыгырдын эгилме түрү өстүрүлөт. Ал 5 топко бөлүнөт: шыңга зыңыр, орто зыгыр, сабактама зыгыр, уругу дандуу зыгыр, төшөлмө Зыгыр. Булардын ичинен шыңга зыгыр м-н май зыгыр кеңири таралган. Ш ы ң г а зыгыр – жалгыз сабактуу бир жылдык өсүмдүк; сөңгөк тамырлуу. Сабагы цилиндр сымал, өңү саргыч, бийиктииги 70–125 см, жоондугу 0,8–2 мм. Сабагында 15–35% була, уругунда 40%ке чейин май болот. Жалбырагы сапсыз, гүлү көгүш, чанда ак же кызгылт. Мөмөсү чанак (10 урук болот). 1000 уругунун салмагы 3,5–6,6 г. Вегетация мезгили 75–90 күн. Күн бүркөк кезде, 15–18°С температурада жакшы өсөт. Польша, Франция, Румыния, Болгария, Аргентинада, Балтика боюндагы өлкөлөрдө, РФ, Украина ж-а Белaруссиянын кара топурактуу тилкелеринде эгилүүчү 20дан ашуун сорту бар. Илдеттери: фузариоз, дат, полиспороз ж. б., зыянкечтери: зыгыр бүргөсү, зыгыр данчысы ж. б. М а й алынуучу зыгыр– бир жылдык өсүмдүк. Тамыры жакшы өөрчүгөн. Сабагы бутактанып өсөт, бийиктиги 20–70 см. Жалбырагы, гүлү, топ гүлү ж-а чанагынын (бир аз чоңураак) түзүлүшү шыңга зыгырдыкына окшош; 1000 уругунун салмагы 13 гдай, вегетация мезгили 150 күн. Кара топурактуу жерде жакшы өсөт. Уругунда 35–52% май болот. Майы лак, олифа, сыр, линолеум ж. б. жасоодо, ошондой эле тамак-ашка пайдаланылат. Зыгыр күнжарасы – баалуу концентрат тоют. Саманында 10–15% була болот. Ал брезент, жип (шпагат) жасоодо пайдаланылат. Май алынуучу зыгырдын 18ден ашуун сорту (Воронеж 1308, Сибирь ж. б.) бар. Негизинен Индия, Канада, АКШ, Аргентина, РФ, Казакстан, Украина ж. б. өлкөлөрдө эгилет.
Ад.: Льноводство. М., 1967.