ЗООЛОГИЯЛЫК ПАРК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЗООЛОГИЯЛЫК ПАРК</b> , з о о п а р к – жапайы айбанаттарды изилдөө, элге көрсөтүү ж-а төл­дөтүү үчүн атайын капаста ( | <b type='title'>ЗООЛОГИЯЛЫК ПАРК</b> , з о о п а р к – жапайы айбанаттарды изилдөө, элге көрсөтүү ж-а төл­дөтүү үчүн атайын капаста (мисалы, тордо) же эр­кин багуучу илимий агартуу мекемеси. Зоологиялык парк зообак­тарга караганда кеңири аянтты ээлейт, анда ар кыл айбанат багылат. Зоологиялык парк жаныбар дүйнө­сүнүн көп түрдүүлүгүн көрсөтүү м-н бирге, та­бият илимин жайылтуу ж-а жапайы айбанат­тарды коргоо боюнча үгүт, тарбия иштерин жүр­гүзөт. Ошондой эле табиятта жоголуп же тукум курут болуп бараткан жапайы жаныбарлардын туку­мун сактоо чараларын көрөт. Зоологиялык паркта айба­наттардын ылаңы, аларды алдын алуу ыкма­лары, дарылоо, азыктандыруу, көбөйтүү, ба­йырлаштыруу ж. б. боюнча илимий-изилдөө иштери жүр­гүзүлөт. Окуучулар, студенттер м-н окуу таж­рыйба иштери өткөрүлөт. Б. з. ч. Байыркы Еги­петте, Кытайда зоологиялык парк болгон. Европада алгачкы зоологиялык парк Венада (1752), Мадридде (1770), андан ки­йин Москвада (1864), Петербургда (1865) уюшул­ган. Дүйнөдө 800дөн ашык зоологиялык парк бар. Эң ири зоологиялык парк Берлинде (1700дөй түр кармалат), Амстер­дамда (1300дөй түр), Лондондо (1000дей түр) ж. б. Алардын негизги материалдык байлыгы – тирүү жапайы айбанаттар. Зоологиялык парк жаныбарлардын айрым түрүн (Давид бугусун, Пржевальский жылкысын, Гавай дудук казын ж. б.) тукум курут болуудан сактап калган. | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
07:43, 8 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ЗООЛОГИЯЛЫК ПАРК , з о о п а р к – жапайы айбанаттарды изилдөө, элге көрсөтүү ж-а төлдөтүү үчүн атайын капаста (мисалы, тордо) же эркин багуучу илимий агартуу мекемеси. Зоологиялык парк зообактарга караганда кеңири аянтты ээлейт, анда ар кыл айбанат багылат. Зоологиялык парк жаныбар дүйнөсүнүн көп түрдүүлүгүн көрсөтүү м-н бирге, табият илимин жайылтуу ж-а жапайы айбанаттарды коргоо боюнча үгүт, тарбия иштерин жүргүзөт. Ошондой эле табиятта жоголуп же тукум курут болуп бараткан жапайы жаныбарлардын тукумун сактоо чараларын көрөт. Зоологиялык паркта айбанаттардын ылаңы, аларды алдын алуу ыкмалары, дарылоо, азыктандыруу, көбөйтүү, байырлаштыруу ж. б. боюнча илимий-изилдөө иштери жүргүзүлөт. Окуучулар, студенттер м-н окуу тажрыйба иштери өткөрүлөт. Б. з. ч. Байыркы Египетте, Кытайда зоологиялык парк болгон. Европада алгачкы зоологиялык парк Венада (1752), Мадридде (1770), андан кийин Москвада (1864), Петербургда (1865) уюшулган. Дүйнөдө 800дөн ашык зоологиялык парк бар. Эң ири зоологиялык парк Берлинде (1700дөй түр кармалат), Амстердамда (1300дөй түр), Лондондо (1000дей түр) ж. б. Алардын негизги материалдык байлыгы – тирүү жапайы айбанаттар. Зоологиялык парк жаныбарлардын айрым түрүн (Давид бугусун, Пржевальский жылкысын, Гавай дудук казын ж. б.) тукум курут болуудан сактап калган.