ЗООЛОГИЯЛЫК ПАРК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗООЛОГИЯЛЫК ПАРК , з о о п а р к – жапайы айбанаттарды изилдөө, элге көрсөтүү ж-а төл­дөтүү үчүн атайын капаста (мисалы, тордо) же эр­кин багуучу илимий агартуу мекемеси. Зоологиялык парк зообак­тарга караганда кеңири аянтты ээлейт, анда ар кыл айбанат багылат. Зоологиялык парк жаныбар дүйнө­сүнүн көп түрдүүлүгүн көрсөтүү м-н бирге, та­бият илимин жайылтуу ж-а жапайы айбанат­тарды коргоо боюнча үгүт, тарбия иштерин жүр­гүзөт. Ошондой эле табиятта жоголуп же тукум курут болуп бараткан жапайы жаныбарлардын туку­мун сактоо чараларын көрөт. Зоологиялык паркта айба­наттардын ылаңы, аларды алдын алуу ыкма­лары, дарылоо, азыктандыруу, көбөйтүү, ба­йырлаштыруу ж. б. боюнча илимий-изилдөө иштери жүр­гүзүлөт. Окуучулар, студенттер м-н окуу таж­рыйба иштери өткөрүлөт. Б. з. ч. Байыркы Еги­петте, Кытайда зоологиялык парк болгон. Европада алгачкы зоологиялык парк Венада (1752), Мадридде (1770), андан ки­йин Москвада (1864), Петербургда (1865) уюшул­ган. Дүйнөдө 800дөн ашык зоологиялык парк бар. Эң ири зоологиялык парк Берлинде (1700дөй түр кармалат), Амстер­дамда (1300дөй түр), Лондондо (1000дей түр) ж. б. Алардын негизги материалдык байлыгы – тирүү жапайы айбанаттар. Зоологиялык парк жаныбарлардын айрым түрүн (Давид бугусун, Пржевальский жылкысын, Гавай дудук казын ж. б.) тукум курут болуудан сактап калган.