ЗАТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЗАТ</b> – материянын | <b type='title'>ЗАТ</b> – материянын физикалык ж-а химиялык касиеттерге ж-а тынч абалда массага ээ түрү. Зат тынч абал­да массасы нөлгө барабар эмес <i>элементардык бөлүкчөлөрдөн (электрон, протон, нейтрон</i> ж. б.) турат. «Материя» философияда, ал эми «зат» физикалык ж-а химиялык маанилерде каралат. Зат бөлүкчө­лөрүнүн өз ара аракеттенүүсү электр-магниттик, гравитациялык ж. б. талааларда ишке ашат. Ал ар кандай татаал объектилер: электрон, про­тон ж-а нейтрон, ошондой эле ар кандай өлчөмдөгү макроскопиялык телолор, геологиялык система, пла­нета, жылдыз, галактикалар ж. б. түрүндө бо­лот. Азыркы физикада элементардык бөлүкчө­лөр фундаменталдык бөлүкчөлөрдөн – <i>кварк</i><i>тардын</i> ж-а <i>лептондордон</i> түзүлгөн деп кабыл алынган. Жаратылыштагы заттар агрегаттык абалы боюнча катуу, суюк, газ ж-а плазма түрүндө болуп төрткө бөлүнөт. Зат бөлүкчөлөрдөн (бир­дей типтеги атом же молекуланын) турат. Алар­ды аралаштырганда гомогендүү (мисалы, эритме­лер) же гетерогендүү (мисалы, дисперстүү система) аралашма пайда болот. Зат жөнөкөй ж-а татаал болуп бөлүнөт. Жөнөкөй зат бир эле химиялык эле­менттин атомунан, ал эми татаал заттар химиялык бирикмелер деп аталып, бир нече химиялык элемент­тин атомдорунан турат. Айрым заттардын мүнөз­дөмөсү алардын химиялык түзүлүшүнө, агрегаттык абалына, тыгыздыгы, илешкектиги, электр­физикалык, оптикалык ж. б. касиеттерине байланыш­туу. Бул касиеттер сырткы физикалык шартка жара­ша өзгөрүп турат. Заттын химиялык касиеттерин анын түзүлүшүнө, агрегаттык абалына жараша бел­гилүү чөйрөдө химиялык реакцияга катышуу жөндөмү­нүн химияда мааниси чоң. Заттын саны өтө көп ж-а саны табияттан жаңы ачылган, синтезде­лип алынган жасалма заттардын эсебинен да­йыма өсөт, к. <i type="ref">Материя.</i> | ||
<i>тардын</i> ж-а <i>лептондордон</i> түзүлгөн деп кабыл алынган. Жаратылыштагы | |||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
03:54, 7 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ЗАТ – материянын физикалык ж-а химиялык касиеттерге ж-а тынч абалда массага ээ түрү. Зат тынч абалда массасы нөлгө барабар эмес элементардык бөлүкчөлөрдөн (электрон, протон, нейтрон ж. б.) турат. «Материя» философияда, ал эми «зат» физикалык ж-а химиялык маанилерде каралат. Зат бөлүкчөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсү электр-магниттик, гравитациялык ж. б. талааларда ишке ашат. Ал ар кандай татаал объектилер: электрон, протон ж-а нейтрон, ошондой эле ар кандай өлчөмдөгү макроскопиялык телолор, геологиялык система, планета, жылдыз, галактикалар ж. б. түрүндө болот. Азыркы физикада элементардык бөлүкчөлөр фундаменталдык бөлүкчөлөрдөн – кварктардын ж-а лептондордон түзүлгөн деп кабыл алынган. Жаратылыштагы заттар агрегаттык абалы боюнча катуу, суюк, газ ж-а плазма түрүндө болуп төрткө бөлүнөт. Зат бөлүкчөлөрдөн (бирдей типтеги атом же молекуланын) турат. Аларды аралаштырганда гомогендүү (мисалы, эритмелер) же гетерогендүү (мисалы, дисперстүү система) аралашма пайда болот. Зат жөнөкөй ж-а татаал болуп бөлүнөт. Жөнөкөй зат бир эле химиялык элементтин атомунан, ал эми татаал заттар химиялык бирикмелер деп аталып, бир нече химиялык элементтин атомдорунан турат. Айрым заттардын мүнөздөмөсү алардын химиялык түзүлүшүнө, агрегаттык абалына, тыгыздыгы, илешкектиги, электрфизикалык, оптикалык ж. б. касиеттерине байланыштуу. Бул касиеттер сырткы физикалык шартка жараша өзгөрүп турат. Заттын химиялык касиеттерин анын түзүлүшүнө, агрегаттык абалына жараша белгилүү чөйрөдө химиялык реакцияга катышуу жөндөмүнүн химияда мааниси чоң. Заттын саны өтө көп ж-а саны табияттан жаңы ачылган, синтезделип алынган жасалма заттардын эсебинен дайыма өсөт, к. Материя.