ЖООН-АРЫК КАПЧЫГАЙЫ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖООН-АРЫК КАПЧЫГАЙЫ</b> – Ички Теңир-Тоо­догу антецеденттик капчыгай. Үкөк | <b type='title'>ЖООН-АРЫК КАПЧЫГАЙЫ</b> – Ички Теңир-Тоо­догу антецеденттик капчыгай. Үкөк жана Баба- Ата тоолорун кесип, меридиан багытында 45 <i>км­г</i>е созулуп жатат. Кочкор районунун аймагын­да. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 1900–2100 <i>м</i>, туурасы 200–300 <i>м</i>. Капталдары бийик (300–800 <i>м</i>), тик (45–65°). Капчыгай аркылуу Чүй дарыясынын башы – Жоон-Арык суусу агат. Капчыгай палеозойдун сланецтери менен кумдуктарынан түзүлгөн. Түндүгү кууш, зоокалуу, гранит теги жер бетине чыгып жатат, түштүгү кенен, таманы кашаттуу. Кээ бир жери – кууш шаңшаар. Капчыгайга бетеге, шыбактуу жарым чөл жана кургак талаа ланд­шафттары мүнөздүү. Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүн Нарын облусу менен байланыштыруучу автомобиль жолу өтөт. Ошол эле жолдун тарамдары Коч­кор өрөөнүн Кара-Кужур, Төлөк өрөөндөрү менен байланыштырат. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
04:38, 26 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
ЖООН-АРЫК КАПЧЫГАЙЫ – Ички Теңир-Тоодогу антецеденттик капчыгай. Үкөк жана Баба- Ата тоолорун кесип, меридиан багытында 45 кмге созулуп жатат. Кочкор районунун аймагында. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 1900–2100 м, туурасы 200–300 м. Капталдары бийик (300–800 м), тик (45–65°). Капчыгай аркылуу Чүй дарыясынын башы – Жоон-Арык суусу агат. Капчыгай палеозойдун сланецтери менен кумдуктарынан түзүлгөн. Түндүгү кууш, зоокалуу, гранит теги жер бетине чыгып жатат, түштүгү кенен, таманы кашаттуу. Кээ бир жери – кууш шаңшаар. Капчыгайга бетеге, шыбактуу жарым чөл жана кургак талаа ландшафттары мүнөздүү. Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүн Нарын облусу менен байланыштыруучу автомобиль жолу өтөт. Ошол эле жолдун тарамдары Кочкор өрөөнүн Кара-Кужур, Төлөк өрөөндөрү менен байланыштырат.