«ЖАЛАЙЫР ЖАЛГЫЗ»: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
мNo edit summary |
||
| (9 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>«ЖАЛАЙЫР ЖАЛГЫЗ»</b> – жөө жомоктун не­гизинде түзүлгөн | <b type='title'>«ЖАЛАЙЫР ЖАЛГЫЗ»</b> – жөө жомоктун не­гизинде түзүлгөн кыргыздын нукура элдик поэмасы. Чыгарманын бардык айтылыштарында айтуучулар «жомок» «эски сөз» деп белгилешет. | ||
КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда поэманын 16дан ашуун варианты сакталып турат. Айрым ва­рианттары басма сөздө жарыяланган. | |||
Поэманын жомоктук башатын аныктоочу дагы бир көрүнүш бул жеке адамдын турмушунун сүрөттөлүшү. Мында жалпы элге тиешелүү проблема көтөрүлбөйт. Эл арасында «Жалайыр жалгыз» комуздун коштоосунда өзүнө мүнөздүү обон менен айтылган. Буга чыгарманын кээ бир варианттарынын, айрыкча мурда жазылып алынган кол жазмаларынын текстиндеги ыр түзүлүшү, айтуучулардын маалыматы далил болот. Ошондой эле эл арасында «Жалайыр жалгыз» деген комуз күүсү да бар экени маалым. | |||
Жомок ­баяндагы баш каарман Жалайыр жалгыз (Жа­лайыл, Жайдин уулу Жалайил) душман алдын­да жалгыз болот. Карындашы Гүлсананын об­разы поэманын бардык варианттарында алдың­кы планда болуп, анын кайраттуу мүнөзү, ай­лакерлик иш-аракети жеткиликтүү сүрөттөлгөн. Окуя эпикалык салттуу мотивдер, айтуучулар­дын алымча-кошумчалары менен өз алдынча сю­жет катары элдик оозеки чыгармачылыктан орун ал­ган. Б. Алыкулов, М. Зулпуев, Т. Абсатаров­дон жана памирлик, жерге-талдык (Тажикстан) кыргыздардан жазылып алынган варианттар өзгөчө көркөм айтылып, архаикалык мүнөздөгү окуялардан, кызыктуу эпизоддордон турат. Аф­ганстандык кыргыздардын айтуусундагы «Жалайыр жалгызды» тюрколог Реми Дор жазып алган. | |||
Ад.: Кыргыз адабиятынын тарыхы. III т. Б., 2002. <i>Г. Орозова. </i> | |||
"Эл адабияты" сериясы Элдик поэмалар Б., 2012. <i>Г. Орозова.</i>[[Категория:3-том, 215-326 бб]] | |||
04:59, 19 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
«ЖАЛАЙЫР ЖАЛГЫЗ» – жөө жомоктун негизинде түзүлгөн кыргыздын нукура элдик поэмасы. Чыгарманын бардык айтылыштарында айтуучулар «жомок» «эски сөз» деп белгилешет.
КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда поэманын 16дан ашуун варианты сакталып турат. Айрым варианттары басма сөздө жарыяланган.
Поэманын жомоктук башатын аныктоочу дагы бир көрүнүш бул жеке адамдын турмушунун сүрөттөлүшү. Мында жалпы элге тиешелүү проблема көтөрүлбөйт. Эл арасында «Жалайыр жалгыз» комуздун коштоосунда өзүнө мүнөздүү обон менен айтылган. Буга чыгарманын кээ бир варианттарынын, айрыкча мурда жазылып алынган кол жазмаларынын текстиндеги ыр түзүлүшү, айтуучулардын маалыматы далил болот. Ошондой эле эл арасында «Жалайыр жалгыз» деген комуз күүсү да бар экени маалым.
Жомок баяндагы баш каарман Жалайыр жалгыз (Жалайыл, Жайдин уулу Жалайил) душман алдында жалгыз болот. Карындашы Гүлсананын образы поэманын бардык варианттарында алдыңкы планда болуп, анын кайраттуу мүнөзү, айлакерлик иш-аракети жеткиликтүү сүрөттөлгөн. Окуя эпикалык салттуу мотивдер, айтуучулардын алымча-кошумчалары менен өз алдынча сюжет катары элдик оозеки чыгармачылыктан орун алган. Б. Алыкулов, М. Зулпуев, Т. Абсатаровдон жана памирлик, жерге-талдык (Тажикстан) кыргыздардан жазылып алынган варианттар өзгөчө көркөм айтылып, архаикалык мүнөздөгү окуялардан, кызыктуу эпизоддордон турат. Афганстандык кыргыздардын айтуусундагы «Жалайыр жалгызды» тюрколог Реми Дор жазып алган.
Ад.: Кыргыз адабиятынын тарыхы. III т. Б., 2002. Г. Орозова.
"Эл адабияты" сериясы Элдик поэмалар Б., 2012. Г. Орозова.