«ЖАЛАЙЫР ЖАЛГЫЗ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ЖАЛАЙЫР ЖАЛГЫЗ» – жөө жомоктун не­гизинде түзүлгөн кыргыздын нукура элдик поэмасы. Чыгарманын бардык айтылыштарында айтуучулар «жомок» «эски сөз» деп белгилешет.

КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда поэманын 16дан ашуун варианты сакталып турат. Айрым ва­рианттары басма сөздө жарыяланган.

Поэманын жомоктук башатын аныктоочу дагы бир көрүнүш бул жеке адамдын турмушунун сүрөттөлүшү. Мында жалпы элге тиешелүү проблема көтөрүлбөйт. Эл арасында «Жалайыр жалгыз» комуздун коштоосунда өзүнө мүнөздүү обон менен айтылган. Буга чыгарманын кээ бир варианттарынын, айрыкча мурда жазылып алынган кол жазмаларынын текстиндеги ыр түзүлүшү, айтуучулардын маалыматы далил болот. Ошондой эле эл арасында «Жалайыр жалгыз» деген комуз күүсү да бар экени маалым.

Жомок ­баяндагы баш каарман Жалайыр жалгыз (Жа­лайыл, Жайдин уулу Жалайил) душман алдын­да жалгыз болот. Карындашы Гүлсананын об­разы поэманын бардык варианттарында алдың­кы планда болуп, анын кайраттуу мүнөзү, ай­лакерлик иш-аракети жеткиликтүү сүрөттөлгөн. Окуя эпикалык салттуу мотивдер, айтуучулар­дын алымча-кошумчалары менен өз алдынча сю­жет катары элдик оозеки чыгармачылыктан орун ал­ган. Б. Алыкулов, М. Зулпуев, Т. Абсатаров­дон жана памирлик, жерге-талдык (Тажикстан) кыргыздардан жазылып алынган варианттар өзгөчө көркөм айтылып, архаикалык мүнөздөгү окуялардан, кызыктуу эпизоддордон турат. Аф­ганстандык кыргыздардын айтуусундагы «Жалайыр жалгызды» тюрколог Реми Дор жазып алган.



Ад.: Кыргыз адабиятынын тарыхы. III т. Б., 2002. Г. Орозова.

"Эл адабияты" сериясы Элдик поэмалар Б., 2012. Г. Орозова.