ЕРЕНАК БЕК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(4 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ЕРЕНАК БЕК''' , Я р н а к, Я р а н а к, Е р е­н я к ''Сибирь кыргыздарынын'' башчысы (1660– 87-ж.). Алтысар беги Ишей-Мергендин уулу, Номчи-бектин небереси. Улуу агасы Айкан Юрукту аманат туткун катары Москва ш-нан билим алып, Иван деген ат м-н чокундурулуп, кийин Красноярскиге келип, Е. б-ке каршы бир нече жолу аскердик жүрүш уюштурган. Е. б. бы­тыранды болгон кыргыз улустарын ж-а кыш­тым аймактарын «Кыргыз өлкөсү», «Кыргыз жери» этностук-саясий бирикмесине айланткан. 20 жылдан ашуун Красноярск, Кузнецк, Томск, Енисей ж. б. орус кыш-на коркунуч туудуруп турган. Анын бардык аракети Түш. Сибирдеги
'''ЕРЕНАК БЕК''' (Ярнак, Яранак, Ереняк, Иренек) [[Сибирь кыргыздары]]нын башчысы (1660–87-ж.). Алтысар беги Ишей-Мергендин уулу, Номчи-бектин небереси. Улуу агасы Айкан Юрукту аманат туткун катары [[Москва шаары]]нан билим алып, Иван деген ат менен чокундурулуп, кийин Красноярскиге келип, Еренак бекке каршы бир нече жолу аскердик жүрүш уюштурган. Еренак бек кыргыз княздарын көз карандысыздыгын коргоп, [[кыргыздар]]ды бирдиктүү бир хандыкка бириктирүүгө аракет кылган жана бытыранды болгон кыргыз улустарын, [[кыштым]] аймактарын «Кыргыз өлкөсү», «Кыргыз жери» эт­но­­стук-саясий бирикмесине айланткан. 20 жыл бою [[Красноярск]] (Кызыл-Жар), Ачинск, Кузнецк, Томск, Енисейск, Канск, Нижнеудинск жана анын айланасындагы орус кыштактарына тынымсыз кол салып, оркунуч туудуруп турган. Анын бардык аракети Түштүк Сибирдеги «Кыргыз өлкө­сүн» сактап турууга жумшалып, тышкы сая­сатында [[Жуңгария]]га ыктап, [[Россия]]­га каршы болгон. Сеңге-Тайша менен Еренак бектин Красноярскиге жасаган чабуулу учурунда (1667) казак-орустардын 375 кишиден турган аскер бөлүгү оор жоготууга учураган Кыргыз жеринин ортосу болгон [[Аба­кан дарыясы]]нын [[Енисей]]ге куйган жердеги Тагар аралындагы красноярдык казак-орустар салышкан чыңдоону 1675-ж. курчоого алып, өрттөп жиберет. 17-кылымдын 2-жарымында [[Цин империясы]] [[моңгол]] хандыктарын баш ийдирип, аларды жуңгарларга (калмактарга) каршы тукурганда, [[Галдан Бошокту-хан]] 1687-ж. Кыргыз өлкөсүнөн жардамга аскер чакырат. Жардамга келген Еренак бек 600дөн ашуун адамы менен [[Ал­тай]]дагы Чулушман дарыясынын жогорку агымына жакын моңголдор койгон буктурмага туш келген. Беттешүү учурунда Еренак бек жана анын 300дөн ашуун жоокери менен Алтыр улусунан 150 адам курман болгон. 1688-ж. Алтай жүрүшүнө катышкан Кызылдын жасоолу Откул моңголдор менен беттешүү­дөн кийин кыргыз жерине 30дай гана адам кайтып келгенин орус бийлигине бил­дирген.  
«Кыргыз өлкөсүн» сактап турууга жумшалып, тышкы саясатында Жуӊгарияга ыктап, Россия­га каршы болгон. Сеӊге-Тайша м-н Е. б-тин Красноярскиге жасаган чабуулу учурунда (1667) казак-орустардын 375 кишиден турган аскер бөлүгү оор жоготууга учураган Кыргыз жеринин ортосу болгон Абакан д. Енисейге куйган жер­деги Тагар а-ндагы красноярдык казак-орустар салышкан чыӊдоону 1675-ж. курчоого алып,
өрттөп жиберет. 17-к-дын 2-жарымында Цин
империясы моӊгол хандыктарын баш ийдирип, аларды жуӊгарларга (калмактарга) каршы ту­курганда, ''Галдан Бошокту-хан'' 1687-ж. Кыр­гыз өлкөсүнөн жардамга аскер чакырат. Жар­дамга келген Е. б. 600дөн ашуун адамы м-н Ал­тайдагы Чулушман д-нын жогорку агымына жакын моӊголдор койгон буктурмага туш кел­ген. Беттешүү учурунда Е. б. ж-а анын 300дөн ашуун жоокери м-н Алтыр улусунан 150 адам курман болот. 1688-ж. Алтай жүрүшүнө катыш­кан Кызылдын жасоолу Откул моӊголдор м-н беттешүүдөн кийин кыргыз жерине 30дай гана адам кайтып келгенин орус бийлигине бил­дирген.  


Ад.: ''Жумагулов Ч.'' Эпиграфика Киргизии. Вып. 1. Ф. 1963; ''Бутанаев В. Я., Бутанаева И. И.'' Хакасский исторический фольклор. Абакан, 2001; ''Бутанаев В. Я., Худяков Ю. С.'' История енисейских кыргызов.
Ад.: Жумагулов Ч.  Эпиграфика Киргизии. Вып. 1. Ф. 1963; Бутанаев В. Я., Бутанаева И. И. Хакасский исторический фольклор. Абакан, 2001; Бутанаев В. Я., Худяков Ю. С. История енисейских кыргызов. Абакан, 2000; Бутанаев В. Я. Этническая культура хакасов. Абакан, 1998.
 
 
Абакан, 2000; ''Бутанаев В. Я.'' Этническая культура хакасов. Абакан, 1998. ''О. Каратаев.'' [[Категория:3-том, 172-214 бб]]


''О. Каратаев.''
[[Категория:3-том, 172-214 бб]]

04:51, 7 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

ЕРЕНАК БЕК (Ярнак, Яранак, Ереняк, Иренек) – Сибирь кыргыздарынын башчысы (1660–87-ж.). Алтысар беги Ишей-Мергендин уулу, Номчи-бектин небереси. Улуу агасы Айкан Юрукту аманат туткун катары Москва шаарынан билим алып, Иван деген ат менен чокундурулуп, кийин Красноярскиге келип, Еренак бекке каршы бир нече жолу аскердик жүрүш уюштурган. Еренак бек кыргыз княздарын көз карандысыздыгын коргоп, кыргыздарды бирдиктүү бир хандыкка бириктирүүгө аракет кылган жана бытыранды болгон кыргыз улустарын, кыштым аймактарын «Кыргыз өлкөсү», «Кыргыз жери» эт­но­­стук-саясий бирикмесине айланткан. 20 жыл бою Красноярск (Кызыл-Жар), Ачинск, Кузнецк, Томск, Енисейск, Канск, Нижнеудинск жана анын айланасындагы орус кыштактарына тынымсыз кол салып, оркунуч туудуруп турган. Анын бардык аракети Түштүк Сибирдеги «Кыргыз өлкө­сүн» сактап турууга жумшалып, тышкы сая­сатында Жуңгарияга ыктап, Россия­га каршы болгон. Сеңге-Тайша менен Еренак бектин Красноярскиге жасаган чабуулу учурунда (1667) казак-орустардын 375 кишиден турган аскер бөлүгү оор жоготууга учураган Кыргыз жеринин ортосу болгон Аба­кан дарыясынын Енисейге куйган жердеги Тагар аралындагы красноярдык казак-орустар салышкан чыңдоону 1675-ж. курчоого алып, өрттөп жиберет. 17-кылымдын 2-жарымында Цин империясы моңгол хандыктарын баш ийдирип, аларды жуңгарларга (калмактарга) каршы тукурганда, Галдан Бошокту-хан 1687-ж. Кыргыз өлкөсүнөн жардамга аскер чакырат. Жардамга келген Еренак бек 600дөн ашуун адамы менен Ал­тайдагы Чулушман дарыясынын жогорку агымына жакын моңголдор койгон буктурмага туш келген. Беттешүү учурунда Еренак бек жана анын 300дөн ашуун жоокери менен Алтыр улусунан 150 адам курман болгон. 1688-ж. Алтай жүрүшүнө катышкан Кызылдын жасоолу Откул моңголдор менен беттешүү­дөн кийин кыргыз жерине 30дай гана адам кайтып келгенин орус бийлигине бил­дирген.

Ад.: Жумагулов Ч.  Эпиграфика Киргизии. Вып. 1. Ф. 1963; Бутанаев В. Я., Бутанаева И. И. Хакасский исторический фольклор. Абакан, 2001; Бутанаев В. Я., Худяков Ю. С. История енисейских кыргызов. Абакан, 2000; Бутанаев В. Я. Этническая культура хакасов. Абакан, 1998.

О. Каратаев.