ЕРЕНАК БЕК
ЕРЕНАК БЕК (Ярнак, Яранак, Ереняк, Иренек) – Сибирь кыргыздарынын башчысы (1660–87-ж.). Алтысар беги Ишей-Мергендин уулу, Номчи-бектин небереси. Улуу агасы Айкан Юрукту аманат туткун катары Москва шаарынан билим алып, Иван деген ат менен чокундурулуп, кийин Красноярскиге келип, Еренак бекке каршы бир нече жолу аскердик жүрүш уюштурган. Еренак бек кыргыз княздарын көз карандысыздыгын коргоп, кыргыздарды бирдиктүү бир хандыкка бириктирүүгө аракет кылган жана бытыранды болгон кыргыз улустарын, кыштым аймактарын «Кыргыз өлкөсү», «Кыргыз жери» этностук-саясий бирикмесине айланткан. 20 жыл бою Красноярск (Кызыл-Жар), Ачинск, Кузнецк, Томск, Енисейск, Канск, Нижнеудинск жана анын айланасындагы орус кыштактарына тынымсыз кол салып, оркунуч туудуруп турган. Анын бардык аракети Түштүк Сибирдеги «Кыргыз өлкөсүн» сактап турууга жумшалып, тышкы саясатында Жуңгарияга ыктап, Россияга каршы болгон. Сеңге-Тайша менен Еренак бектин Красноярскиге жасаган чабуулу учурунда (1667) казак-орустардын 375 кишиден турган аскер бөлүгү оор жоготууга учураган Кыргыз жеринин ортосу болгон Абакан дарыясынын Енисейге куйган жердеги Тагар аралындагы красноярдык казак-орустар салышкан чыңдоону 1675-ж. курчоого алып, өрттөп жиберет. 17-кылымдын 2-жарымында Цин империясы моңгол хандыктарын баш ийдирип, аларды жуңгарларга (калмактарга) каршы тукурганда, Галдан Бошокту-хан 1687-ж. Кыргыз өлкөсүнөн жардамга аскер чакырат. Жардамга келген Еренак бек 600дөн ашуун адамы менен Алтайдагы Чулушман дарыясынын жогорку агымына жакын моңголдор койгон буктурмага туш келген. Беттешүү учурунда Еренак бек жана анын 300дөн ашуун жоокери менен Алтыр улусунан 150 адам курман болгон. 1688-ж. Алтай жүрүшүнө катышкан Кызылдын жасоолу Откул моңголдор менен беттешүүдөн кийин кыргыз жерине 30дай гана адам кайтып келгенин орус бийлигине билдирген.
Ад.: Жумагулов Ч. Эпиграфика Киргизии. Вып. 1. Ф. 1963; Бутанаев В. Я., Бутанаева И. И. Хакасский исторический фольклор. Абакан, 2001; Бутанаев В. Я., Худяков Ю. С. История енисейских кыргызов. Абакан, 2000; Бутанаев В. Я. Этническая культура хакасов. Абакан, 1998.
О. Каратаев.