ДИДАКТИКАЛЫК МАТЕРИАЛДАР: нускалардын айырмасы
No edit summary |
мNo edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИДАКТИКАЛЫК МАТЕРИАЛДАР''' – көрсөт­мөлүү окуу куралдарынын бир түрү. Окуучулар андан окууга | '''ДИДАКТИКАЛЫК МАТЕРИАЛДАР''' – көрсөт­мөлүү окуу куралдарынын бир түрү. Окуучулар андан окууга жана оюнга байланыштуу тапшыр­маларды аткарууга зарыл болгон иштиктүү иш­терди жасайт. Бул термин бала-бакчанын уюш­турулушуна байланыштуу педагогика адабиятка мектеп­ке чейинки тарбия боюнча киргизилген. Дидактикалык материалдарга сүрөт, текст же сан жазылган карточкалардын топтому; саноого керектүү буюмдар (таякча, те­герекче); жашылча-жемиштердин, жаныбарлар­дын үлгүлөрү; геометриялык фигуралардын жана тулку моделдери жана башка түрдүү деталдар кирет. Көрсөт­мөлүү жана балдар өздөрү түздөн-түз колдонуп иштеши үчүн таратылып берилүүчү дидактикалык материалдар болот. Дидактикалык материалдар сабактын бардык этабында – жаңы окуу материалын түшүндүрүп өтүүдө жана бышыктоо­до, окуучулардын билимин текшерүүдө, өтүлгөн материалды кайталоодо колдонулат. Бир эле дидактикалык материалдар ар түрдүү окуу маселелерин чечүүдө колдо­нулушу мүмкүн. Мисалы, металлдан жасалган топ­том черчение сабагында ар түрдүү чийме жумуш­тарды аткаруу үчүн, ал эми математика саба­гында көлөмдү эсептөө үчүн колдонулат. Баш­талгыч класстарда дидактикалык материалдар негизинен эне тили, орус тили жана математика сабактарында кол­донулат. Мисалы, эне тили жана орус тили сабакта­рында сүрөт тартылган, тамгалар, муундар, сөздөр жана кыска сүйлөмдөр жазылган карточ­калар пайдаланылат. Дидактикалык материалдар класстагы бардык окуучулар менен же алардын айрым топтору, ошондой эле окуу материалын өздөштүрө албай артта калган же, тескерисинче, тапшырмаларды баш­калардан мурда аткарган ар бир окуучу менен жекече иштөөдө да пайдаланылат. | ||
''И. Бекбоев.'' | ''И. Бекбоев.'' | ||
[[Категория:3-том, 86-170 бб]] | [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
10:54, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ДИДАКТИКАЛЫК МАТЕРИАЛДАР – көрсөтмөлүү окуу куралдарынын бир түрү. Окуучулар андан окууга жана оюнга байланыштуу тапшырмаларды аткарууга зарыл болгон иштиктүү иштерди жасайт. Бул термин бала-бакчанын уюштурулушуна байланыштуу педагогика адабиятка мектепке чейинки тарбия боюнча киргизилген. Дидактикалык материалдарга сүрөт, текст же сан жазылган карточкалардын топтому; саноого керектүү буюмдар (таякча, тегерекче); жашылча-жемиштердин, жаныбарлардын үлгүлөрү; геометриялык фигуралардын жана тулку моделдери жана башка түрдүү деталдар кирет. Көрсөтмөлүү жана балдар өздөрү түздөн-түз колдонуп иштеши үчүн таратылып берилүүчү дидактикалык материалдар болот. Дидактикалык материалдар сабактын бардык этабында – жаңы окуу материалын түшүндүрүп өтүүдө жана бышыктоодо, окуучулардын билимин текшерүүдө, өтүлгөн материалды кайталоодо колдонулат. Бир эле дидактикалык материалдар ар түрдүү окуу маселелерин чечүүдө колдонулушу мүмкүн. Мисалы, металлдан жасалган топтом черчение сабагында ар түрдүү чийме жумуштарды аткаруу үчүн, ал эми математика сабагында көлөмдү эсептөө үчүн колдонулат. Башталгыч класстарда дидактикалык материалдар негизинен эне тили, орус тили жана математика сабактарында колдонулат. Мисалы, эне тили жана орус тили сабактарында сүрөт тартылган, тамгалар, муундар, сөздөр жана кыска сүйлөмдөр жазылган карточкалар пайдаланылат. Дидактикалык материалдар класстагы бардык окуучулар менен же алардын айрым топтору, ошондой эле окуу материалын өздөштүрө албай артта калган же, тескерисинче, тапшырмаларды башкалардан мурда аткарган ар бир окуучу менен жекече иштөөдө да пайдаланылат.
И. Бекбоев.