ДИДАКТИКАЛЫК МАТЕРИАЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИДАКТИКАЛЫК МАТЕРИАЛДАР – көрсөт­мөлүү окуу куралдарынын бир түрү. Окуучулар андан окууга жана оюнга байланыштуу тапшыр­маларды аткарууга зарыл болгон иштиктүү иш­терди жасайт. Бул термин бала-бакчанын уюш­турулушуна байланыштуу педагогика адабиятка мектеп­ке чейинки тарбия боюнча киргизилген. Дидактикалык материалдарга сүрөт, текст же сан жазылган карточкалардын топтому; саноого керектүү буюмдар (таякча, те­герекче); жашылча-жемиштердин, жаныбарлар­дын үлгүлөрү; геометриялык фигуралардын жана тулку моделдери жана башка түрдүү деталдар кирет. Көрсөт­мөлүү жана балдар өздөрү түздөн-түз колдонуп иштеши үчүн таратылып берилүүчү дидактикалык материалдар болот. Дидактикалык материалдар сабактын бардык этабында – жаңы окуу материалын түшүндүрүп өтүүдө жана бышыктоо­до, окуучулардын билимин текшерүүдө, өтүлгөн материалды кайталоодо колдонулат. Бир эле дидактикалык материалдар ар түрдүү окуу маселелерин чечүүдө колдо­нулушу мүмкүн. Мисалы, металлдан жасалган топ­том черчение сабагында ар түрдүү чийме жумуш­тарды аткаруу үчүн, ал эми математика саба­гында көлөмдү эсептөө үчүн колдонулат. Баш­талгыч класстарда дидактикалык материалдар негизинен эне тили, орус тили жана математика сабактарында кол­донулат. Мисалы, эне тили жана орус тили сабакта­рында сүрөт тартылган, тамгалар, муундар, сөздөр жана кыска сүйлөмдөр жазылган карточ­калар пайдаланылат. Дидактикалык материалдар класстагы бардык окуучулар менен же алардын айрым топтору, ошондой эле окуу материалын өздөштүрө албай артта калган же, тескерисинче, тапшырмаларды баш­калардан мурда аткарган ар бир окуучу менен жекече иштөөдө да пайдаланылат.

И. Бекбоев.