ДНЕСТР: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДНЕСТР''' – Чыгыш Европадагы дарыя. Украина | '''ДНЕСТР''' – Чыгыш Европадагы дарыя. Украина жана Молдованын аймагы менен (айрым бөлүгү эки республиканын чек арасы аркылуу) агат. Узундугу 1352 ''км'', алабынын аянты 72,1 ''км''<sup>2</sup>. Кара деңиздин Днестр лиманына куят. Жогорку агымында – тоо да­рыясы, Галич шаарынан ылдый агымы жайлап, тө­мөнкү агымы Кара деңиз бою ойдуңундагы жа­йык өрөөн аркылуу агат. Негизги куймалары: Стрый, Реут (оң), Сереет, Збруч (сол). Суусунун орточо чыгымы Бендеры шаары тушта 310 ''м''<sup>3</sup>/''сек''. Жа­йында кирет. Айрым жылдарда тоңот. Днестрде Ду­боссары ГЭСи жана суу сактагычы курулган. Су­гатка, сал агызууда (жогорку агымы) пайдала­нылат. Сороки шаарынан Дубоссары ГЭСине чейин үзгүлтүксүз кеме каттайт. Боюнда Могилёв-По­дольский (Украина), Сороки, Рыбница, Бенде­ры, Тирасполь (Молдова) шаарлары жайгашкан. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
04:38, 20 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
ДНЕСТР – Чыгыш Европадагы дарыя. Украина жана Молдованын аймагы менен (айрым бөлүгү эки республиканын чек арасы аркылуу) агат. Узундугу 1352 км, алабынын аянты 72,1 км2. Кара деңиздин Днестр лиманына куят. Жогорку агымында – тоо дарыясы, Галич шаарынан ылдый агымы жайлап, төмөнкү агымы Кара деңиз бою ойдуңундагы жайык өрөөн аркылуу агат. Негизги куймалары: Стрый, Реут (оң), Сереет, Збруч (сол). Суусунун орточо чыгымы Бендеры шаары тушта 310 м3/сек. Жайында кирет. Айрым жылдарда тоңот. Днестрде Дубоссары ГЭСи жана суу сактагычы курулган. Сугатка, сал агызууда (жогорку агымы) пайдаланылат. Сороки шаарынан Дубоссары ГЭСине чейин үзгүлтүксүз кеме каттайт. Боюнда Могилёв-Подольский (Украина), Сороки, Рыбница, Бендеры, Тирасполь (Молдова) шаарлары жайгашкан.