ДЕӉИЗ ЧӨКМӨЛӨРҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ДЕӉИЗ ЧӨКМӨЛӨРҮ''' – деӊиз, океан түбүндө
'''ДЕӉИЗ ЧӨКМӨЛӨРҮ''' – деӊиз, океан түбүндө чөкмөлөрдүн жыйылышынан пайда болгон тоо ­тек катмарлары. Алар кургактыктан дарыя агы­мы, шамал, жээктердеги суу толкуну менен сүрүлүп келген заттардан, деӊизде жашаган организм калдыктарынан, химиялык жол менен пайда болгон минералдардан жана суу астындагы жанар тоо бүркүндүлөрүнөн түзүлөт. Деңиз чөкмөлөрүндөгү бөлүкчөлөр: терриген (тоо тектердин талкаланып үбөлө­нүшүнөн), биоген (деӊиз организмдеринин ске­лет жана кабык калдыктарынан) жана хемоген (деӊиз сууларында туздардын чөгүшүнөн же деӊиз түбүндө жүргөн химиялык процесстерден) жолдо­ру менен пайда болот. Пайда болуу тереӊдигине жараша литораль, нерит, батиаль жана абиссаль чөкмөлөрү болуп бөлүнөт. Механикалык курамы боюнча деңиз чөкмөлөрү кум, ылайлуу кум, алевролит жана ылайлардан турат. Деңиз чөкмөлөрү диагенездин натыйжасында катуу чөкмө тектерге айланат. Кыргызстанда байыркы деңиз чөкмөлөрү геологиялык мезгилдердин дээрлик бардыгында (мезо­зой жана кайнозой замандарынан башка) кеӊи­ри таралган. Алар менен Теӊир-Тоонун темир, мар­ганец, коргошун, пирит, фосфорит, боксит, нефть жана газдын кендери байланыштуу.
чөкмөлөрдүн жыйылышынан пайда болгон тоо­тек катмарлары. Алар кургактыктан дарыя агы­мы, шамал, жээктердеги суу толкуну м-н сүрүлүп келген заттардан, деӊизде жашаган организм калдыктарынан, хим. жол м-н пайда болгон минералдардан ж-а суу астындагы жанар тоо бүркүндүлөрүнөн түзүлөт. Д. ч-ндөгү бөлүкчөлөр: терриген (тоотектердин талкаланып үбөлө­нүшүнөн), биоген (деӊиз организмдеринин ске­лет ж-а кабык калдыктарынан) ж-а хемоген (деӊиз сууларында туздардын чөгүшүнөн же де-
ӊиз түбүндө жүргөн хим. процесстерден) жолдо­ру м-н пайда болот. Пайда болуу тереӊдигине жараша литораль, нерит, батиаль ж-а абиссаль
чөкмөлөрү болуп бөлүнөт. Мех. курамы б-ча Д. ч. кум, ылайлуу кум, алевролит ж-а ылайлардан турат. Д. ч. диагенездин натыйжасында катуу
чөкмө тектерге айланат. Кырг-нда байыркы Д. ч.
геол. мезгилдердин дээрлик бардыгында (мезо­зой ж-а кайнозой замандарынан башка) кеӊи­ри таралган. Алар м-н Теӊир тоонун темир, мар­ганец, коргошун, пирит, фосфорит, боксит, нефть ж-а газдын кендери байланыштуу.


Ад.: ''Страхов Н. М.'' Основы теории литогенеза. Т. 1–3-е, М., 1962; ''Швецов М. С.'' Петрография оса­дочных пород. 3-е изд., М.; Л., 1958; ''Крашенинни­ков Г. Ф.'' Учение о фациях. М., 1971. [[Category: 3-том, 5-85 бб]]
Ад.: ''Страхов Н. М.'' Основы теории литогенеза. Т. 1–3-е, М., 1962; ''Швецов М. С.'' Петрография оса­дочных пород. 3-е изд., М.; Л., 1958; ''Крашенинни­ков Г. Ф.'' Учение о фациях. М., 1971. [[Category: 3-том, 5-85 бб]]

05:24, 13 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы

ДЕӉИЗ ЧӨКМӨЛӨРҮ – деӊиз, океан түбүндө чөкмөлөрдүн жыйылышынан пайда болгон тоо ­тек катмарлары. Алар кургактыктан дарыя агы­мы, шамал, жээктердеги суу толкуну менен сүрүлүп келген заттардан, деӊизде жашаган организм калдыктарынан, химиялык жол менен пайда болгон минералдардан жана суу астындагы жанар тоо бүркүндүлөрүнөн түзүлөт. Деңиз чөкмөлөрүндөгү бөлүкчөлөр: терриген (тоо тектердин талкаланып үбөлө­нүшүнөн), биоген (деӊиз организмдеринин ске­лет жана кабык калдыктарынан) жана хемоген (деӊиз сууларында туздардын чөгүшүнөн же деӊиз түбүндө жүргөн химиялык процесстерден) жолдо­ру менен пайда болот. Пайда болуу тереӊдигине жараша литораль, нерит, батиаль жана абиссаль чөкмөлөрү болуп бөлүнөт. Механикалык курамы боюнча деңиз чөкмөлөрү кум, ылайлуу кум, алевролит жана ылайлардан турат. Деңиз чөкмөлөрү диагенездин натыйжасында катуу чөкмө тектерге айланат. Кыргызстанда байыркы деңиз чөкмөлөрү геологиялык мезгилдердин дээрлик бардыгында (мезо­зой жана кайнозой замандарынан башка) кеӊи­ри таралган. Алар менен Теӊир-Тоонун темир, мар­ганец, коргошун, пирит, фосфорит, боксит, нефть жана газдын кендери байланыштуу.

Ад.: Страхов Н. М. Основы теории литогенеза. Т. 1–3-е, М., 1962; Швецов М. С. Петрография оса­дочных пород. 3-е изд., М.; Л., 1958; Крашенинни­ков Г. Ф. Учение о фациях. М., 1971.