ДАНИЯРОВ Базаркул: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(6 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ДАНИЯРОВ''' Санжарбек Бакирович (25. 2. 1928-ж. т. Чүй обл., Кемин р-ну, Кайыӊды айы­лы) медицина илимд. доктору (1970), проф. (1972), КРУИАнын акад. (1989, корр. мүчөсү, 1979), КРдин мамл. сыйл. лауреаты (1996). Кыр­гыз ССРинин эмг. сиӊ. врачы (1977), КРдин илимге эмг. сиӊ. ишмери (1991). КММИни бү­түргөн (1948), ошол эле жерде ассистент (1951), доцент (1954), окуу иштери б-ча проректор (1962), 1971–87-ж. ректор. 1987-жылдан КММАда ка­федра башчысы. Чыгаан илимпоз-эксперимен-
'''ДАНИЯРОВ''' '''Базаркул''' [20. 10. 1897, [[Россия империясы]], [[Түркстан генерал-губернаторлугу]], [[Жети-Суу облусу]], [[Пишпек уезди]] (азыркы [[Чүй облусу]], [[Кемин району]]), [[Чоң-Кемин өрөөнү]] 1. 12. 1942, [[СССР]], [[РСФСР]], [[Свердлов]] облусу, Ивдель кыштагы] – тилчи, алгач­кы кыргыз агартуучусу, окумуштуу педагог, жогорку жана атайы орто билим берүү система­сын түзүүчүлөрдөн, саясий котормочу. «[[Эркин-Тоо]]» гезитин чыгарууга, [[кыргыз тили]]нин [[Термин|тер­мин]]дерин түзүүгө чоӊ салым кошкон. 1916-жылы [[Үркүн]]гө катышкан. Октябрь революциясына чейин [[Шабдан]]дын диний медресесинде, [[Токмок]]тогу орус-татар тузем мектебинде, Верныйдагы муга-


[[File:ДАНИЯРОВ30.png | thumb | none]]
[[File:ДАНИЯРОВ29.png | thumb | none]]
татор, респ-кадагы физио­логдор мектебин негиздөө­чүлөрдүн бири. КММИнин окуу базасын кеӊейтүүгө зор салым кошкон. Д. алдыӊкы педагог, насаатчы катары да белгилүү. 280 ил. эмгектин, а. и. 8 монографиянын, 2 окуу китебинин автору. Не­гизги эмгектери жүрөк-кан тамыр системасынын физи­ологиясын ж-а радиация нурунун организмге тийгизген таасирин изилдөөгө арналган. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак белгиси», Элдердин достугу ордендери, медалдар м-н сыйланган.
лимдер курсунда, СССР Эл агартуу комиссариатынын [[Ташкент]]теги [[Түркстан]] эл агартуу институтунда (1919-1924) окуган. Эмгек жолун 1923- жылы институтта окуп жүргөндө жумушчу жаштар курсунда мугалим болуудан башта­ган. 1924-жылы [[Ош]], [[Жалал-Абад]]да мугалимдердин жана айыл чарба кызматкерлери­нин билимин бышыктоо курстарын (кийин бул курстардын негизинде Ош, Жалал-Абад педтех­никумдары түзүлгөн) уюштуруп, кыргыз тили ж-а адабият сабактарын окуткан, бир эле учурда Ош округдук аткаруу комитетинин эл агартуу бө­лүмүн жетектеген. Ташкенттеги, кийин Пиш­пекке которулган Кыргыз Академиялык илимий борборунда илимий катчы болгон (1924). 1925-жылы Пишпектеги Кыргыз агартуу институтун (Киринп­рос) П. К. [[Юдахин]] менен бирге түптөп ачышкан, анда окуу бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген. 1927-жылы институт Кыргыз борбордук педтехникумга айла­нып, Данияров директорлук кызматты өтөгөн (1929– 31). Ал [[Сагымбай]] Орозбак уулунун айтуусунда «[[Манас]]» эпосун кагазга түшүргөн, «[[Семетей]]ге» арнап илимий эмгек жазган. Данияров [[кыргыз жазуусу]]н [[араб]] [[алфавит]]инен [[латын]] алфавитине которуу­га катышкан. 1928-жылы чыккан «Метр чендери», «Эсеп китеби» (А. Шабданов менен бирге), «Чоӊдорго кат таануу алиппеси» (И. [[Арабаев]], К. [[Тыныстанов|Ты­ныстанов]] менен бирге) аттуу алгачкы окуу китеп­теринин, окуу программаларынын жана бир нече методикалык колдонмонун автору. Эл агартуу комиссариатында окуу-методикалык сектор башчысы, баштапкы партиялык ячейканын секрета­ры (1931–1935). Ташкенттеги САКУда – Кызыл профессурада окуган (1932–1933), республикалык илимий кыз­маткерлер бюросунун секциясын башкарган (1933–1935). 1935-жылы улутчул деген жалаа менен ком­мунисттик партиянын катарынан чыгарылып, Ош пахта-талаачылык техникумуна мугалим­дикке жиберилген. 1937-жылы «Социал-Туран» пар­тиясынын мүчөсү деген негизсиз күнөө коюлуп, камакка алынган. 1942-жылы Ивдель кыштагындагы «Н» лагеринде каза болгон. 1959-жылы акталган. 1990-жылы [[Кыргызстан]] КП БК бюросунда партияга мүчөлүгү ка­лыбына келтирилген.  


Эмг.: Лучевая болезнь и сердечно-сосудистая сис­тема. Ф., 1974; Высокогорье и вегетативная система. Таш., 1977; Работа сердца в условиях высокогорья. Л., 1980; Итоги и перспективы изучения роли веге­тативной нервной системы организма, адаптирующе­гося к высокогорью. Б. 1989; Основы физиологии че­ловека (соавт.). Уч. для вузов, в двух томах. С. П., 1994. [[Category: 3-том, 5-85 бб]]
Ад.: Орузбаева-Даниярова К. Б., Даниярова А. С. Базаркул Данияров — алгачкы агартуучусу. Доор күүсүндөгү инсандын бейнеси. /Кыргызчага которгондор Кашыбаева А. С., Даниярова А. С. Б., 2022.  


''К. Орузбаева.''
[[Category: 3-том, 5-85 бб]]

01:30, 21 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

ДАНИЯРОВ Базаркул [20. 10. 1897, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жети-Суу облусу, Пишпек уезди (азыркы Чүй облусу, Кемин району), Чоң-Кемин өрөөнү – 1. 12. 1942, СССР, РСФСР, Свердлов облусу, Ивдель кыштагы] – тилчи, алгач­кы кыргыз агартуучусу, окумуштуу педагог, жогорку жана атайы орто билим берүү система­сын түзүүчүлөрдөн, саясий котормочу. «Эркин-Тоо» гезитин чыгарууга, кыргыз тилинин тер­миндерин түзүүгө чоӊ салым кошкон. 1916-жылы Үркүнгө катышкан. Октябрь революциясына чейин Шабдандын диний медресесинде, Токмоктогу орус-татар тузем мектебинде, Верныйдагы муга-

лимдер курсунда, СССР Эл агартуу комиссариатынын Ташкенттеги Түркстан эл агартуу институтунда (1919-1924) окуган. Эмгек жолун 1923- жылы институтта окуп жүргөндө жумушчу жаштар курсунда мугалим болуудан башта­ган. 1924-жылы Ош, Жалал-Абадда мугалимдердин жана айыл чарба кызматкерлери­нин билимин бышыктоо курстарын (кийин бул курстардын негизинде Ош, Жалал-Абад педтех­никумдары түзүлгөн) уюштуруп, кыргыз тили ж-а адабият сабактарын окуткан, бир эле учурда Ош округдук аткаруу комитетинин эл агартуу бө­лүмүн жетектеген. Ташкенттеги, кийин Пиш­пекке которулган Кыргыз Академиялык илимий борборунда илимий катчы болгон (1924). 1925-жылы Пишпектеги Кыргыз агартуу институтун (Киринп­рос) П. К. Юдахин менен бирге түптөп ачышкан, анда окуу бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген. 1927-жылы институт Кыргыз борбордук педтехникумга айла­нып, Данияров директорлук кызматты өтөгөн (1929– 31). Ал Сагымбай Орозбак уулунун айтуусунда «Манас» эпосун кагазга түшүргөн, «Семетейге» арнап илимий эмгек жазган. Данияров кыргыз жазуусун араб алфавитинен латын алфавитине которуу­га катышкан. 1928-жылы чыккан «Метр чендери», «Эсеп китеби» (А. Шабданов менен бирге), «Чоӊдорго кат таануу алиппеси» (И. Арабаев, К. Ты­ныстанов менен бирге) аттуу алгачкы окуу китеп­теринин, окуу программаларынын жана бир нече методикалык колдонмонун автору. Эл агартуу комиссариатында окуу-методикалык сектор башчысы, баштапкы партиялык ячейканын секрета­ры (1931–1935). Ташкенттеги САКУда – Кызыл профессурада окуган (1932–1933), республикалык илимий кыз­маткерлер бюросунун секциясын башкарган (1933–1935). 1935-жылы улутчул деген жалаа менен ком­мунисттик партиянын катарынан чыгарылып, Ош пахта-талаачылык техникумуна мугалим­дикке жиберилген. 1937-жылы «Социал-Туран» пар­тиясынын мүчөсү деген негизсиз күнөө коюлуп, камакка алынган. 1942-жылы Ивдель кыштагындагы «Н» лагеринде каза болгон. 1959-жылы акталган. 1990-жылы Кыргызстан КП БК бюросунда партияга мүчөлүгү ка­лыбына келтирилген.

Ад.: Орузбаева-Даниярова К. Б., Даниярова А. С. Базаркул Данияров — алгачкы агартуучусу. Доор күүсүндөгү инсандын бейнеси. /Кыргызчага которгондор Кашыбаева А. С., Даниярова А. С. Б., 2022.

К. Орузбаева.