ДАНИЯРОВ Базаркул: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (7 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДАНИЯРОВ''' Базаркул | '''ДАНИЯРОВ''' '''Базаркул''' [20. 10. 1897, [[Россия империясы]], [[Түркстан генерал-губернаторлугу]], [[Жети-Суу облусу]], [[Пишпек уезди]] (азыркы [[Чүй облусу]], [[Кемин району]]), [[Чоң-Кемин өрөөнү]] – 1. 12. 1942, [[СССР]], [[РСФСР]], [[Свердлов]] облусу, Ивдель кыштагы] – тилчи, алгач­кы кыргыз агартуучусу, окумуштуу педагог, жогорку жана атайы орто билим берүү система­сын түзүүчүлөрдөн, саясий котормочу. «[[Эркин-Тоо]]» гезитин чыгарууга, [[кыргыз тили]]нин [[Термин|тер­мин]]дерин түзүүгө чоӊ салым кошкон. 1916-жылы [[Үркүн]]гө катышкан. Октябрь революциясына чейин [[Шабдан]]дын диний медресесинде, [[Токмок]]тогу орус-татар тузем мектебинде, Верныйдагы муга- | ||
Кемин | |||
[[File:ДАНИЯРОВ29.png | thumb | none]] | [[File:ДАНИЯРОВ29.png | thumb | none]] | ||
лимдер курсунда, СССР Эл агартуу комиссариатынын | лимдер курсунда, СССР Эл агартуу комиссариатынын [[Ташкент]]теги [[Түркстан]] эл агартуу институтунда (1919-1924) окуган. Эмгек жолун 1923- жылы институтта окуп жүргөндө жумушчу жаштар курсунда мугалим болуудан башта­ган. 1924-жылы [[Ош]], [[Жалал-Абад]]да мугалимдердин жана айыл чарба кызматкерлери­нин билимин бышыктоо курстарын (кийин бул курстардын негизинде Ош, Жалал-Абад педтех­никумдары түзүлгөн) уюштуруп, кыргыз тили ж-а адабият сабактарын окуткан, бир эле учурда Ош округдук аткаруу комитетинин эл агартуу бө­лүмүн жетектеген. Ташкенттеги, кийин Пиш­пекке которулган Кыргыз Академиялык илимий борборунда илимий катчы болгон (1924). 1925-жылы Пишпектеги Кыргыз агартуу институтун (Киринп­рос) П. К. [[Юдахин]] менен бирге түптөп ачышкан, анда окуу бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген. 1927-жылы институт Кыргыз борбордук педтехникумга айла­нып, Данияров директорлук кызматты өтөгөн (1929– 31). Ал [[Сагымбай]] Орозбак уулунун айтуусунда «[[Манас]]» эпосун кагазга түшүргөн, «[[Семетей]]ге» арнап илимий эмгек жазган. Данияров [[кыргыз жазуусу]]н [[араб]] [[алфавит]]инен [[латын]] алфавитине которуу­га катышкан. 1928-жылы чыккан «Метр чендери», «Эсеп китеби» (А. Шабданов менен бирге), «Чоӊдорго кат таануу алиппеси» (И. [[Арабаев]], К. [[Тыныстанов|Ты­ныстанов]] менен бирге) аттуу алгачкы окуу китеп­теринин, окуу программаларынын жана бир нече методикалык колдонмонун автору. Эл агартуу комиссариатында окуу-методикалык сектор башчысы, баштапкы партиялык ячейканын секрета­ры (1931–1935). Ташкенттеги САКУда – Кызыл профессурада окуган (1932–1933), республикалык илимий кыз­маткерлер бюросунун секциясын башкарган (1933–1935). 1935-жылы улутчул деген жалаа менен ком­мунисттик партиянын катарынан чыгарылып, Ош пахта-талаачылык техникумуна мугалим­дикке жиберилген. 1937-жылы «Социал-Туран» пар­тиясынын мүчөсү деген негизсиз күнөө коюлуп, камакка алынган. 1942-жылы Ивдель кыштагындагы «Н» лагеринде каза болгон. 1959-жылы акталган. 1990-жылы [[Кыргызстан]] КП БК бюросунда партияга мүчөлүгү ка­лыбына келтирилген. | ||
«Эсеп китеби» (А. Шабданов | |||
Ад.: Орузбаева-Даниярова К. Б., Даниярова А. С. Базаркул Данияров — алгачкы агартуучусу. Доор күүсүндөгү инсандын бейнеси. /Кыргызчага которгондор Кашыбаева А. С., Даниярова А. С. Б., 2022. | |||
''К. Орузбаева.'' | |||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] | |||
01:30, 21 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
ДАНИЯРОВ Базаркул [20. 10. 1897, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жети-Суу облусу, Пишпек уезди (азыркы Чүй облусу, Кемин району), Чоң-Кемин өрөөнү – 1. 12. 1942, СССР, РСФСР, Свердлов облусу, Ивдель кыштагы] – тилчи, алгачкы кыргыз агартуучусу, окумуштуу педагог, жогорку жана атайы орто билим берүү системасын түзүүчүлөрдөн, саясий котормочу. «Эркин-Тоо» гезитин чыгарууга, кыргыз тилинин терминдерин түзүүгө чоӊ салым кошкон. 1916-жылы Үркүнгө катышкан. Октябрь революциясына чейин Шабдандын диний медресесинде, Токмоктогу орус-татар тузем мектебинде, Верныйдагы муга-

лимдер курсунда, СССР Эл агартуу комиссариатынын Ташкенттеги Түркстан эл агартуу институтунда (1919-1924) окуган. Эмгек жолун 1923- жылы институтта окуп жүргөндө жумушчу жаштар курсунда мугалим болуудан баштаган. 1924-жылы Ош, Жалал-Абадда мугалимдердин жана айыл чарба кызматкерлеринин билимин бышыктоо курстарын (кийин бул курстардын негизинде Ош, Жалал-Абад педтехникумдары түзүлгөн) уюштуруп, кыргыз тили ж-а адабият сабактарын окуткан, бир эле учурда Ош округдук аткаруу комитетинин эл агартуу бөлүмүн жетектеген. Ташкенттеги, кийин Пишпекке которулган Кыргыз Академиялык илимий борборунда илимий катчы болгон (1924). 1925-жылы Пишпектеги Кыргыз агартуу институтун (Киринпрос) П. К. Юдахин менен бирге түптөп ачышкан, анда окуу бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген. 1927-жылы институт Кыргыз борбордук педтехникумга айланып, Данияров директорлук кызматты өтөгөн (1929– 31). Ал Сагымбай Орозбак уулунун айтуусунда «Манас» эпосун кагазга түшүргөн, «Семетейге» арнап илимий эмгек жазган. Данияров кыргыз жазуусун араб алфавитинен латын алфавитине которууга катышкан. 1928-жылы чыккан «Метр чендери», «Эсеп китеби» (А. Шабданов менен бирге), «Чоӊдорго кат таануу алиппеси» (И. Арабаев, К. Тыныстанов менен бирге) аттуу алгачкы окуу китептеринин, окуу программаларынын жана бир нече методикалык колдонмонун автору. Эл агартуу комиссариатында окуу-методикалык сектор башчысы, баштапкы партиялык ячейканын секретары (1931–1935). Ташкенттеги САКУда – Кызыл профессурада окуган (1932–1933), республикалык илимий кызматкерлер бюросунун секциясын башкарган (1933–1935). 1935-жылы улутчул деген жалаа менен коммунисттик партиянын катарынан чыгарылып, Ош пахта-талаачылык техникумуна мугалимдикке жиберилген. 1937-жылы «Социал-Туран» партиясынын мүчөсү деген негизсиз күнөө коюлуп, камакка алынган. 1942-жылы Ивдель кыштагындагы «Н» лагеринде каза болгон. 1959-жылы акталган. 1990-жылы Кыргызстан КП БК бюросунда партияга мүчөлүгү калыбына келтирилген.
Ад.: Орузбаева-Даниярова К. Б., Даниярова А. С. Базаркул Данияров — алгачкы агартуучусу. Доор күүсүндөгү инсандын бейнеси. /Кыргызчага которгондор Кашыбаева А. С., Даниярова А. С. Б., 2022.
К. Орузбаева.