КОЛУМБИЯ (Түштүк Америкадагы мамлекет): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

08:08, 23 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы

КОЛУ́МБИЯ , К о л у м б и я Р е с п у б л и ­к а с ы – Түштүк Американын түндүк-батыш бөлү­гүндө жайгашкан мамлекет. Батышынан Тынч океан, түндүгүнөн Кариб деңизи м-н чулганат. Түндүк-батышынан Панама, түндүк-чыгышынан Ве-

несуэла, түштүк-чыгышынан Бразилия, түштүгүнөн Перу, түштүк-батышынан Эквадор м-н чектешет. Аянты 1141,7 миң км2 (Латын Америкасында 5-орун). Калкы 53,3 млн (2026; Латын Амери­касындагы Бразилия, Мексикадан кийин 3- орун). Борбору – Санта-Фе-де-Богота (Богота).
Расмий тили – испан тили (этностук топтордун тилдери да өздөрү жашаган жерлерде расмий тил болот). Акча бирдиги – колумбия песосу. Административдик-аймактык жактан 32 департаментке ж-а 1 борбордук ок­ругга бөлүнөт (к. таблицаны).

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2005)

Колумбия – БУУнун (1945), ЭВФтин (1945), Эл ара­лык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1946), Америка өлкөлөрү уюмунун (1948), Анд тобу­нун (1969), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), МЕРКОСУРдун (2004-жылдан ассоциа­циялашкан) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү. Колумбия – унитардык мам­лекет. Конституциясы 1991-жылы 4-июлда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент, эл тарабынан 4 жылдык мөөнөткө шайланат. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – Конгресс (Сенат ж-а Өкүлдөр палатасынан тур­ган парламент 4 жылга шайланат). Сенатка улуттук округдардан 100, индейлер жамааты­нан 2, Өкүлдөр палатасына 166 сенатор шайла­нат. Аткаруучу жогорку органы – улуттук өкмөт (президент, министрлер кабинеттин мүчөлөрү ж-а административдик бөлүмдөрдүн директорлору). Өкмөт пар­ламент алдында жооптуу. Колумбияда көп партия­луу система орун алган. Белгилүү партиялары: Колумбия либералдар партиясы, Колумбия консерваторлор пар­тиясы, «Биринчи кезекте – Колумбия», Патриот­тук союз.

Табияты. Колумбиянын аймагында бийик Колумбия Анд тоолору, Кариб деңизин ж-а Тынч океанды жээктей жаткан ойдуңдар, Амазонка ойдуңунун батыш бөлүгү, Льянос-Ориноко өзгөчөлөнүп ту­рат. Тоолор өлкөнүн 33%ке жакын аймагын ээлейт. Колумбия Анд тоолору өлкөнүн батыш бөлүгүндө бири-бирине дээрлик жарыш созулуп, Чыгыш, Борбордук, Батыш ж-а Жээк Кордильера

Магдалена дарыясынын өрөөнү.

Анд тоолорун камтыйт. Алар бири-биринен Кау­ка ж-а Магдалена дарыяларынын өрөөндөрү аркылуу бө­лүнөт. Чыгыш Кордильера бийик (5000 мден ашык) ж-а жазы (270 кмге чейин) келип, кы­рына байыркы ж-а азыркы мөңгүлөр пайда кыл­ган рельефтин формалары мүнөздүү. Эң бийик жери – 5775 м (Кристобаль-Колон чокусу). Борбордук
Кордильера – Колумбия Анд тоолорунун эң би­йик кырка тоосу (5750 м – Уила; Руис жанар­тоолору). Мында аракеттеги (бийиктиги 4500 м) ж-а өчкөн жанартоолор арбын, Батыш Кор­дильера Колумбия Анд тоолорунун эң жапыз бөлүгү (негизинен бийиктиги 3000 м чамасында),

Борбордук Кордильерадагы парамос.

байыркы ж-а азыркы вулканизм мүнөздүү. Жээк Кордильерасы – Анд тоолорунун эң кийин (жаш) пайда болгон бөлүгү (бийиктиги 1810 мге чейин); капталдары салыштырмалуу тик. Кариб деңи­зинин жээк түздүгүн мезгил-мезгили м-н суу каптап турат, агын суулардын өрөөндөрү м-н тилмеленген. Колумбиянын түздүктүү чыгыш бөлүгүн калдык тоолуу бөксө тоолор ээлейт. Амазонка ойдуңу Амазонка дарыясынын көптөгөн куймалары м-н тилмеленген. Льянос-Ориноконун Колумбиянын че­тиндеги бөлүгү – деңиз деңгээлинен 350 м бийиктикте жаткан ж-а өтө тилмеленген түздүк. Тектоникалык жактан Колумбиянын батыш бөлүгү Түштүк Америка платформасына, батышы Чыгыш Тынч океан кыймылдуу алкагынын Анд бүктөлүү кырчоо­суна кирет. Маанилүү кен байлыктары: нефть, газ, темир, никель, жез, фосфорит, зымырыт (изумруд).
Колумбия экватор ж-а субэкватор климат алкакта­рында жайгашкан. Жеринин деңиз деңгээлинен би­йиктигине жараша Колумбиянын аймагы төмөнкү кли­маттык алкактарга бөлүнөт: тьерра кальенте (ысык алкак), тьерра темплада (мелүүн алкак), тьерра фриа (суук алкак), тьерра элада (субни­валь ж-а ниваль алкактары), аска-зоокалуу, кардуу алкак. Өлкөнүн аймагы боюнча температуранын ж-а нымдуулуктун зор айырмачылыгы мүнөздүү. Аба массаларынын циркуляциясы негизинен ички тропиктик конвергенция зонасынын жай­гашуусуна байланыштуу. Жайында ал өлкөнүн түндүк аймагында, кышында түштүгүндө жайга­шат. Колумбиянын түндүк бөлүгүнө бир кургакчыл, бир нымдуу сезон мүнөздүү. Борбордук ж-а түштүк аймак­тарында андай сезондор экиден болот. Колум­бия Анд тоолору нымдуу тынч океан ж-а ама­зонка аба массаларынын жолуна тоскоол бо­луп турат. Тьерра кальенте өлкөнүн аймагынын 85%ин (1000 м бийиктикке чейин) ээлеп, Ко­лумбия Анд тоолорунун этек бөлүктөрүн, Тынч океандын жээк түздүктөрүн, Амазонка ойдуңун, Льянос-Оринокону, Магдалена өрөөнүнүн ба­сымдуу ж-а Каука дарыясынын өрөөнүнүн бир аз бө­лүктөрүн камтыйт. Абанын жылдык орточо темп­расы 24–28°С. Температура сутка ичинде анча көп өзгөрбөйт. Тынч океандын жээк түздүктөрү – Жер шарындагы эң нымдуу жерлердин бири, анда жаан-чачындын көп жылдык орточо өлчөмү 9000 ммге жетет (Чоко департаментинде); Туту­нендо метеорологиялык станциясында 11 700 мм жаа­гандыгы катталган. Амазонка ойдуңунун баты­шында 5000 ммден чыгышында 2000 ммге че­йин азаят. Кариб деңизинин жээгинде ж-а Лья­нос-Оринокодо пассатка байланыштуу кургак­чыл ж-а нымдуу сезондор даана байкалат. Ным­дуу сезондо (май, октябрь) алаамат ташкындоо болуп турат. Колумбиянын эң кургакчыл жери – Гуа­хира жарым аралы (мында жаан-чачын 300 ммден аз түшөт). Тьерра темплада (өлкөнүн аймагынын 8%и) Колумбия Анд тоолорунун, ошондой эле Магда­лена, Каука өрөөндөрүнүн капталдарын (1000–2000 м бийиктиктерди) камтыйт. Абанын жыл­дык орточо температурасы 17–24°С, температуранын жыл­дык амплитудасы 2°Сден ашпайт. Жаан-чачын­дын жылдык өлчөмү 1500–3000 мм, узакка со­зулган ак жаан болуп турат. Абанын нымдуу­лугу дайыма жогору. Тьерра фриа (6%) 2000–3000 м бийиктиктерде жайгашкан аймактарга мүнөздүү. Бул алкакка (тоо аралык плато, ой­дуңдарга) «түбөлүк жаз» климаты мүнөздүү; аба­нын жылдык орточо температурасы 12–17°С, температура­нын сутка ичиндеги амплитудасы 20°Сге чейин жетет, түн ичинде 0°Сден төмөн түшкөн учур­лар да болот. Жаан-чачыны жыл ичинде жээк түздүктөрүнө караганда салыштырмалуу бир кылка жаайт; нымдуу эки (күзүндө ж-а жазын­да) ж-а кургакчыл эки сезон болот. Жылдык жаан-чачыны 1000–2000 мм; дээрлик туман ба­сып турат. Тьерра элада 3000–4000 м бийиктик­ке мүнөздүү. Айлык орточо температурасы 13–16°С, температуранын суткалык амплитудасы жогору. Андан жогору аска-зоокалар жайгашкан; кар чегинин орточо бийиктиги 5000 м. Колумбиянын дарыяла­ры өтө жыш, негизинен жамгыр суусунан кура­лат; босоголуу. Негизги дарыялары: Магдалена (Каука м-н кошо), Атранто (Кариб деңизине куят); Ориноконун куймалары – Гуавьяре, Мета; Амазонканын куймалары – Путумайо ж-а Какета. Чыгыш Кордильерада ж-а түндүк­төгү ойдуңдарда көлдөр көп. Жер астындагы суу­ларга да бай.
Эң нымдуу аймактары (Тынч океан жээгин­деги түздүктөр, Амазонка ойдуңу ж. б.) ж-а тоо этектери – дайыма жашыл жыш токой – гилея же сельва (кызыл-сары латерит топурактуу), се­зондуу нымдуу аймактары (Мета түздүктөрү) – кызыл топурактуу льянос саваннасы, анын ичинде саз­дуу (Кариб бою ойдуңу) же жалбырагын күбүүчү дайыма жашыл (негизинен тоолордо; күрөң ­кызыл латериттешкен топурактуу), түндүк-чыгыш чет жакасы ксерофилдүү бадалдар ж-а кактус м-н капталган. Анд тоолорунун нымдуу кап­талдарында бийиктик алкактуулук даана бай­калат: тоо гилеясы (тропиктик туман токою) 3000–3200 м бийиктиктен жогору экватордук бийик тоо шалбаасы – парамос, 4700–4800 м бийиктикте кар зонасы м-н алмашат. Анддын бөксө тоолорунун, ички капталдарынын ж-а өрөөндөрүнүн өсүмдүктөрү адам баласынын чар­балык аракетинен өтө өзгөрүп кеткен. Токоюн­да маймыл көп, ошондой эле тапир, илендилер, ягуар, кумурскачылар, кескелдириктер – игуан ж. б. мекендейт; сууларында крокодил, балыктар – пиранья ж. б. бар.
Колумбияда 41 улуттук парк, 9 фауна ж-а флора ре­зерваты, 2 улуттук корук, 3 экологиялык корук бар. Жалпысынан өлкөнүн аймагынын 10%ке жа­кыны корголот. Эң ирилери: Амазонияда – Чирибикете (аянты 1,28 млн га), Рио-Пуре (1 млн га), Кауинари, Колумбия Анд тоолорун­да – Эль-Кокуй, Кордильера-лос-Пикачос улут­тук парктары. Лос-Катиос Улуттук паркы (Тынч океан жээгинин бир бөлүгү), Мальпело фауна ж-а флора резерваты (аты окшош аралды ж-а Тынч океандын аралды чулгаган акваториясын камтыйт) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмеси­не кирген.

Калкы. Басымдуу бөлүгү (94,6%и) испан ти­линде сүйлөгөн – колумбиялыктар; анын 30%и актар, 51%и метистер, 10,6%и негрлер, 31%и самбо. Индейлер 3,4%ти түзөт, алардын көбү – аравиктер (0,4%), анын ичинде гуахиралар (0,3%тен ашык), паэс (0,3%), чако (0,2%), чибча, тука­но, кечуа ж. б. 2007-жылы төрөлүү 1000 адамга 20,2, өлүм-житим 5,8 адам болгон. Өмүрдүн орточо узак­тыгы 72,3 жыл (эркектер – 68,4, аялдар – 76,3 жыл). Курактык түзүлүшүндө балдардын (15 жашка чейинки) үлүшү 29,8%, эмгекке жарам­дуу курактагылар (15–65 жаш) 64,8%, 65тен аш­кандар 5,4%. Калкынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 39 адам. Калкынын көбү өлкөнүн батыш (тоолуу) бөлүгүндө ж-а тоо аралык өрөөндөрүндө отурукташкан (бул аймактарда калктын орточо жыштыгы: 1 км2де 100 адамдан ашат). Шаар калкы 73%ке жакын (негизинен калктын шаар­ларга көп көчүп келүүсүнөн көбөйгөн). Ири шаарлары: Богота (калкы 7137,8 миң; 2008), Ме­дельин (2283,4 миң), Кали (2167,5 миң), Кукута (589,6 миң), Соледад (524,5 миң), Букараманга (516,9 миң), Ибаге (488,3 миң). Өтө жакыр жа­шагандар Колумбиянын калкынын 49,2%ин түзөт (2005). Өлкөнүн калкынын 90%и – католиктер; 3–13,5%и – протестанттар.

Тарыхы. Археологиялык табылгалар Колумбия аймагында адам соңку плейстоценден (мындан 12–11 миң жыл мурда) баштап жашаганын далилдейт. Бул мезгилге таандык сөөк, таш куралдар Сабана­де-Богота бөксө тоосундагы байыркы турак жай­лардан табылган. Батыш Колумбияда мындан 7–6 миң жыл мурда дыйканчылык пайда болгон. Б. з. ч. 4–2-миң жылдыктарда Колумбиянын Кариб деңиз жээ­гинде шакек сымал кыштактар (Монсу, Пуэр­то-Ормига ж. б.) болгон. Ал жерден геометриялык оймо-­чийме түшүрүлгөн карапа, таш куралдары та­былган. Колумбия аймагын байыртадан индейлер (16- кылымдын башында индейлердин саны 2 млндой болгон) мекендеген. 15–16-кылымдарда Колумбияны испандар каратып, аны Жаңы Гранада деп атаган. Анын губернатору болуп Хименес де Кесада дайындал­ган. Жаңы Гранада 1549-жылы аудиенсия, 1564-жылы Перу вице-королдугунун курамындагы пресиден­сия статусуна ээ болгон. 1717-жылы ал вице-корол­дукка айланып, курамына Эквадор, Венесуэла ж-а Панаманын азыркы аймактары кирген. Жаңы Гранаданын экономикалык өсүшүнүн негизги фор­масы энкомьенда болгон. Жээк аймактарында плантациялык чарба (кофе, банан, бал камыш өстүрүлгөн), борбордо ж-а чыгыш райондорунда зымырат, алтын, күмүш кендери иштетилген. 17-кылымдын аягында колониялаштыруудан индей­лердин саны азайып, Африкадан кул негрлерди алып келе башташкан. Элдин көпчүлүгүн кре­олдор түзгөн. 18-кылымдын аягында Жаңы Гранада м-н метрополия ортосундагы мамиле курчуй баштаган. Испан бийлигинин экономикалык саясаты эл­дин нааразылыгын туудурган. 1810-жылы 20-июл­да испан үстөмдүгүнө каршы көтөрүлүш чыгып, ал Латын Америкасындагы көз карандысыздык үчүн согуштун негизги бөлүгүнө айланган. Кө­төрүлүшчүлөр вице-королду кетирип, революциялык хунта деп аталган өз өкмөтүн түзүшкөн. 1811-жылы ноябрда Жаңы Гранада Кошмо провинциялар конфедерациясын түзүү ж-дө актыга кол коюл­ган. Мамлекеттик түзүлүш формасы (унитардык же федералдык республика) жөнүндө маселени талкуу­лоодо пикир келишпестиктер пайда болуп, фе­дералисттер м-н централисттердин ортосунда күрөш күч алган. Провинцияларда ж-а шаар­ларда көз карандысыз башкаруу органдары (хун­талар) түзүлүп, өздөрүнүн эгемендигин жарыя­лашкан. 1812–13-жылдарда С. Боливар жетектеген күчтөр Жаңы Гранаданын көз карандысыздыгы үчүн болгон күрөшкө катышкан. Жаңы Гранада м-н Венесуэла патриотторунун биргелешкен күчтөрү испан аскерлерин талкалап, 1819-ж. 17-декабр­да Ангостура (азыркы Сьюдад-Боливар, Венесуэ­ла) шаарында Улуу Колумбия федерациялык республикасы (курамында Жаңы Гранада ж-а Венесуэла) түзүл­гөн. С. Боливар Улуу Колумбия президенти, Ф. де Паула Сантандер вице-президенти болуп дайындалган. Экономикалык ж-а саясий байланыштар болбогондуктан, 1830-жылы Улуу Колумбия өз ал­дынча мамлекеттерге (Венесуэла, Эквадор, Жа­ңы Гранада) бөлүнүп кеткен. 1832-жылы Жаңы Гра­нада (курамына Панаманын азыркы аймагы кир­ген) конституция кабыл алып, президенттикке Ф. де Паула Сантандер шайланган. 1830-жыл­дары Жаңы Гранадада эки ири партия (консер­вативдик ж-а либералдык) түзүлгөн. Консерва­торлор (боливарчылар) католик чиркөөсү м-н союздаш, борбордошкон күчтүү мамлекет түзүүнү максат кылса, либералдар (сантандерчилер) фе­дерализм принциптерин ж-а жалпыга бирдей шайлоо укугун жакташкан. 1845-жылы консерва-

тивдик партиянын өкүлү генерал Т. С. де Мос­кера-и-Арболеда өлкөнүн президенти болгондон кийин экономикалык реформаларды жүргүзгөн. 1851-жылы Жаңы Гранадада кул сатуу жоюлган. 1863-жылы мамлекеттик түзүлүштүн федерациялык бийликтин формасын бекемдеген конституция кабыл алын­ган. Чиркөө мамлекеттен бөлүнгөн, республика Ко­лумбия Кошмо Штаты деп аталган. Президент Р. Нуньес Моледонун убагында (1880–94; үз­гүлтүк м-н) Колумбияда мамлекеттик түзүлүштүн унитардык системасын бекемдеген жаңы конституция ка­был алынган (1886). Мамлекет Колумбия Респуб­ликасы деп аталган. 1890-жылдары Р. Нуньес Моледо өлгөндөн кийин бийликте калган кон­серваторлор м-н либералдардын ортосундагы каршылашуудан чыккан «миң күндүк» жарандык согушта (1899–1902) 100 миңден ашык ко­лумбиялыктар өлгөн. 19-кылымдын 2-жарымында Панама мойногунда океан аралык канал куруу долбооруна байланыштуу Колумбияга таасирин күчөтүү үчүн Улуу Британия м-н АКШнын ортосунда күрөш курчуган. АКШ каналга ээ болуу макса­тында Панама департаментин Колумбиядан бөлүүгө аракет жасаган. Натыйжада 1903-жылы ноябрда АКШнын колдоосу м-н Панама Колумбиядан бөлүнүп, өз алдынча Панама мамлекети түзүлгөн. 20-кылым­дын башында Колумбиянын экономикасы бир кыйла өнүгүүгө (темир жол салынып, кен иштетилген, тек­стиль өнөр жайлары курулуп, кофе, банан планта­циялары кеңейтилген ж. б.) жетишкен. 1- дүйнөлүк согуш жылдарында АКШ Колумбия эко­номикасынын маанилүү тармактарынан британ капиталын четтеткен. Колумбиянын киреше бере тур­ган ири аймактары америкалык компаниялардын ко­луна өткөн. Чет элдик капиталдын басымдуу­лугу улуттук буржуазия ж-а жумушчулар кый­мылынын нааразылыгын туудурган. 1919-жылы Колумбия Социалисттик партиясы, 1926-жылы Бо­готада түзүлгөн Революциялык-социалисттик партиянын ба­засында 1930-жылы Колумбия Коммунисттик пар­тиясы түзүлгөн. 1934-жылы солчул либералдар өкүлү А. Лопес Пумарехо Колумбиянын президенти болуп шайланып, 1886-жылдагы конституцияны кай­ра карап чыгып, жумушчуларга иш таштоо уку­гун берүү, 8 сааттык иш күнүн киргизүү, жыл сайын эмгек өргүүсүнө, оору же жумушсуздук боюнча жөлөкпул төлөө, профсоюз түзүү ж. б. то­луктоолорду киргизген. Өндүрүштү жөнгө салуу ж-а өнөр жайды өнүктүрүү максаты м-н өлкөнүн экономикасын көзөмөлдөө үчүн өкмөткө укук берилген. Боготада университеттик шаарча курулуп, билим берүү мамлекеттин көзөмөлүнө өткөн. 1938-жылы өлкөдөгү жүргүзүлгөн радикалдуу рефор­малар консерватордук оппозициянын нааразы­лыктарын пайда кылып, А. Лопес Пумарехо от­ставкага кетүүгө аргасыз болгон. Өлкөнүн пре­зиденттигине оңчул либерал Э. Сантос Монтехо шайланып, прогрессивдүү кайра түзүүлөрдү ток­тоткон. Колумбиянын АКШга экономикалык ж-а саясий көз карандылыгы күчөгөн. 1942-жылы А. Лопес Пума­рехо президенттик шайлоодо кайрадан жеңиш­ке ээ болгон. 1943-жылы ноябрда анын өкмөтү Гер­манияга согуш жарыялаган. Колумбия согуштук ара­кеттерге катышкан эмес, бирок антигитлердик коалиция мамлекеттерине жардам (сырьё ж-а азык-түлүк) берген. 2-дүйнөлүк согуш учурунда өлкөнүн экономикасы жогорулаган. 1946-жылы президенттик шайлоодо Консерватордук пар­тиянын өкүлү М. Оспина Перес жеңип чыгып, бийликке келген консерваторлор демократиялык күч­төргө каршы террор компаниясын уюштуруш­кан. Буга жооп катары Либералдар партиясы өкмөт ж-а парламенттен өз өкүлдөрүн чакырып алган. Өлкөдө башталган иш таштоолор, жал­пы стачкага айланган. Оппозициянын башчы­сы Х. Э. Гайтандын өлтүрүлүшү элдик көтөрү­лүшкө алып келип, ал жарандык согушка ай­ланган. 1957-жылы консервативдик ж-а либерал­дык партиялар Улуттук фронт коалициясын түзүү жөнүндө өз ара макулдашкан. Анда 1958-жыл­дан бул партиялардын өлкөнү 16 жыл тең укук­та башкаруусу каралган. 1960-жылдардын ба­шынан тартып, Улуттук фронт саясаты бардык коомдук турмушту кучагына алган терең кри­зиске учураган. Баңги зат өндүрүү күч алган. 1974-жылы паритеттик башкаруу мөөнөтү аякта­ган. Өлкөгө жаңы президент либерал А. Лопес Микельсен шайланып, анын экономиканы кө­төрүүгө ж-а чет элдик капиталга көз каранды болбоого жасаган аракеттери өлкөдөгү саясий кырдаалды жакшырта алган эмес. 1970-жыл­дары Колумбияда жаңы партизандык уюмдар пайда бол­гон. 1978-жылы президенттикке шайланган либе­ралдык партиянын өкүлү Х. С. Турбай Аяла­нын учурунда Колумбиянын экономикасы өнүккөн, би­рок ал инфляция ж-а элдин турмуш деңгээли­нин төмөндөшү, жарандык согуштун күчөшү м-н коштолгон. 1980-жылдары Колумбияда ири нарко­картелдер (анын ичинде Медельин ж-а Кали) түзүлүп, өлкөнүн саясатына ж-а экономикасына теске­ри таасирин тийгизип, куралдуу отряддарды каржылап турушкан. 2002-жылы оңчул либерал өкүлү А. Урибе Велес Колумбиянын президенти болуп шайланган (2006-жылы экинчи мөөнөткө кайра шайланган). Анын өкмөтү АКШнын колдоосу астында наркобизнеске каршы күрөшүүдө. 2004- жылдан Патриот планын (көтөрүлүшчүлөр кый­мылынын иш-аракеттерин токтотуу, Эквадор аймагында партизандык базаларды жок кы­луу ж. б.) ишке ашырууда. 2008-жылы колумбия­лык аскер кызматкерлери (14 адам, анын ичинде өл­көнүн президенттигине кандидат болгон И. Бе­танкур да бар) туткундан бошотулган. Өлкөнүн ички саясий абалын тынчтык жол м-н жөнгө салууга аракеттенүүдө. Тышкы саясатта Колумбиянын башкы партнёру – АКШ, ошондой эле Европа ж-а Азия-Тынч океан регионундагы мамлекеттер м-н ма­милеси бекемделүүдө.

Чарбасы. Колумбия – Латын Америкасындагы турук­туу өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн бири. ИДПнин жалпы көлөмү (2007-жылы 319,5 млрд доллар) боюнча Латын Америкасында Бразилия, Мексика, Аргентина ж-а Венесуэладан кийинки 5-орунду ээлейт. Аны киши башына бөлүштүргөндө 6,7 миң доллардан туура келет. Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,791 (дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичинен 75-орунду ээлейт; 2005).
Өлкөнүн экономикасынын туруктуу өнүгүү­сүнө 1990-жылы жүргүзүлгөн экономикалык реформа – административдик, салык, банк, менчиктештирүү чаралары, ошондой эле чет элдик инвестицияны тартуу, сырткы соода­ны либералдаштыруу, региондогу өлкөлөр м-н экономикалык интеграцияны тереңдетүү боюнча мамлекеттик сая­сат түрткү болгон. Колумбияда ондогон эркин экономикалык зона (анын ичинде өндүрүштүк ж-а илимий-техникалык, туристтик ж. б.) түзүлгөн. Экономикалык өнүгүүсү импорттоо моделинен экспорттоо багытына өтө баштаган. Колумбияда жүр­гүзүлгөн экономикалык реформа «калтааруу терапиясын» киргизбегендиги, прагматизм ж-а консерватизм м-н мүнөздөлгөн, натыйжада региондогу башка өлкөлөрдүн көбүнөн өзгөчөлөнүп, Колумбиянын эко­номикасында кескин төмөндөөлөр болгон эмес. 21-кылымдын башталышында өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө – отун-энергетика ресурстарынын (нефть, газ, таш көмүр, гидроэнергия) ж-а кен­дин (никель, алтын, платина ж. б.) молдугу, ошондой эле жумушчу күчүнүн арзандыгы өбөлгө түз­гөн. Колумбия 2006-жылы экономикалык өсүүнүн темпи боюнча (6,8%) Латын Америкасында Венесуэла, Аргентина, Уругвайдан кийинки 4-орунду ээлеген. Эң жо­горку темп – курулушта (14,4%), иштеп чыга­руу өнөр жайында (10,8%) ж-а соодада (10,7%) бай­калган.
Экономиканын өнүгүүсүндөгү азыркы негизги пробле­малар – түшкөн кирешенин бирдей бөлүнбөшү (өлкөнүн калкынын 10%ин түзгөн эң жакыр­ларга кирешенин 7,9%и, ал эми 10%ин түзгөн бай адамдарга кирешенин 34,3%и бөлүнгөн), калктын басымдуу бөлүгүнүн жакырдыгы ж-а анын негизинде пайда болгон баңги зат өндүрүшү (эл аралык экономикалык институттардын эсеби боюнча баңги бизнес чөйрөсүндө өлкөнүн ИДПсинин 1/2 ге жа­кыны өндүрүлөт).
ИДПнин структурасында 52,4%ти тейлөө чөйрөсү, 35,6%ти өнөр жайы, 12%ти айыл чарбасы, токой чар­басы ж-а балык кармоо түзөт. Чарбалык жак­тан тоо аралык Магдалена, Каука өрөөндөрү ж-а аларды чектеп турган Борбордук ж-а Чыгыш Кор­дильера тоолорунун капталдары, ошондой эле Кариб деңизинин жээктери жакшы өздөштүрүлгөн, ал эми Тынч океандын жээктери, түздүктүү чыгыш ж-а түштүк-чыгыш бөлүктөрү (Амазония, Льянос) анча өздөштүрүлгөн эмес.
Колумбия – индустриялык өнүгүү темпи (9,4%; 2007) б-ча Латын Америкасында Чили, Панамадан кийинки 3-орунда. Жеңил (кездеме, кийим ж-а бут кийим чыгаруу), тамак-аш, отун (нефть өндүрүү ж-а ылгоо, газ өндүрүү, таш көмүр ка­зып алуу) ж-а химия өнөр жайы өнүккөн. Ал эми машина куруу, кара ж-а түстүү металлургия, курулуш материалдар (цемент), токой ж-а жы­гач иштетүү өнөр жайы экинчи мааниде. 2006-жылы 25,6 млн т нефть өндүрүлгөн. Нефть өндүрүлгөн не­гизги аймактары (50дөн ашык кени пайдала­нылат): Магдалена дарыясынын өрөөнү, Кариб деңи­зинин жээги, өлкөнүн түндүк-чыгышы ж-а түштүк- батышы. Өндүрүлгөн нефтинин 57%и өлкө ичинде керектелет, 43%и экспортко (анын 80%и АКШга) чыгарылат. Табигый газ (6,4 млрд м3; 2006) адатта нефть м-н кошо өндүрүлүп (негизи­нен Гуахира департаментинде), дээрлик барды­гы өлкө ичинде пайдаланылат. Нефть ылгоочу негизги борборлору – Барранкилья ж-а Карта-

Барранкильядагы нефть-химия комплекси.

хена. Колумбияда таш көмүрдүн ири запасы бар. Ка­зып алынган көмүрдүн өлчөмү (65,5 млн т) боюнча дүйнөдө 10-, Латын Америкасында 1-орунду ээлейт. Электр станцияларынын аныкталган кубаттуулугу 13,3 миң МВт (2006). 2006-жылы 50,47 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн; анын 75%тейи ГЭСке таандык. 2006-жылы 644 миң т темир кенташ казылып алынып, 1,22 млн т болот өндүрүлгөн. Никель кенташынын запасы боюнча региондо Куба ж-а Доминика Республикаларынан ки­йинки 3-орунду, ал эми никель кенташын ка­зып алуу ж-а ферроникель эриндисин өндүрүү (52,7 миң т; 2007) боюнча дүйнөдө Япониядан ки­йинки 2-орунду ээлейт. Ошондой эле жез, цинк, кор­гошун өндүрүлөт. Колумбиянын аймагынан эзелтен эле алтын, күмүш, платина казылып алынган. Ал­тын казып алуу (2006-жылы 15,68 т; Латын Аме­рикасыныкынын 8%и, дүйнөлүк алтындын 1%и) боюнча Перу, Бразилия, Чилиден кийинки 4-орунда турат. 18-кылымда Антьокия кенинен дүйнө­лүк алтындын 40%ке жакыны казылып алын­ган Колумбия зымырыт (изумруд) казып алуу боюнча дүй­нөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт; анын 90%и (5,73 млн кар) экспортко чыгарылат (дүй­нөлүк экспорттун жарымына жакыны).
Колумбиянын машина куруу өнөр жайы өнүгүү деңгээли боюнча региондо Бразилия, Мексика, Аргентина ж-а Венесуэладан кийин турат. Электр-техникалык (ти­ричилик электр приборлорун чыгарууну кошо), автомобиль, айыл чарба машиналарын куруу (трактор ж. б. айыл чарба техникасы), жыгач иштетүү, жеңил ж-а тамак-аш өнөр жай тармактары үчүн жабдуулар­ды чыгаруунун, кеме ремонттоочу ж-а куруучу өнөр жайынын мааниси зор. Машина куруу өнөр жайынын ири борборлору: Богота, Медельин, Барранки­лья, Кили, Пальмира. Химия өнөр жайы органикалык син­тез продукцияларын (органикалык кислота, спирт, аль­дегид, кетон, фенол ж. б.), полимер материал­дарын (синтездик чайыр, пластмасса, химиялык була, синтездик каучук ж-а резина), синтездик боёк ж. б. чыгарат; ошондой эле таза күкүрт, таш туз ж-а деңиз тузу өндүрүлөт. Жыгач (анын ичинде баалуу дарактар – каоба, махагони, окатеа, хинна да­рагы ж. б.) Тынч океандын жээгиндеги то­койлордон даярдалат; Амазонияда да жыгач даярдоо ылдам өнүгүүдө. Цемент өндүрүшү (9,96 млн т) боюнча Латын Америкасында Мексика, Бразилия ж-а Венесуэладан кийинки 4-орунду ээлейт.
Жеңил өнөр жайы Колумбиянын ички муктаждыгын то­лук камсыз кылат. Текстиль (айрыкча кебез­-кездеме, ошондой эле кылторко), тигүү, трикотаж, бул­гаары бут кийим өнөр жайы өнүккөн. Тамак-аш өнөр жайы кант, кофе, какао, эт, тамеки ж. б. чы­гарат.
Айыл чарбага жарактуу жеринин жалпы аянты 42,56 млн га, анын ичинде айдоо жери 2 млн га (анын 0,58 млн гасы жүгөрү, 0,44 млн гасы шалы), көп жылдык өсүмдүктөрү 1,61 млн га, калганы шалбаа ж-а жайыт. Негизги иштетилүүчү жер­лери (сугат жери 0,9 млн га) Чыгыш, Борбордук ж-а Батыш Кордильеранын тоо аралык өрөөндөрү ж-а Кариб деңизинин жээктери. Башкы тар­магы – өсүмдүк өстүрүүчүлүк (айыл чарба продукция­сынын наркынын 58%и); анын кыйла бөлүгү экспортко багытталган. Экспорттук маанилүү өсүмдүктөрү: кофе, бал камыш, гүл, банан. Колумбия кофени жыйноо (дүйнөлүк жыйымдын 10%ке жакыны) ж-а экспорттоо (дүйнөлүк экспорттун 12%тейи) боюнча дүйнөдө Бразилия, Вьетнамдан

Кандиодогу кофе плантациясы.

кийинки 3-орунда. Кофе өндүрүшү айыл чарбасынын дүң про­дукция наркынын 12,4%ин түзүп, анда 513 миң фермер чарбасы иштейт. Кофе плантациясынын жалпы аянты 874 миң га чамасында. Кофенин 95%и экспортко чыгарылат; анын негизги кар­дарлары: АКШ, Япония, Германия, Бельгия, Канада. Жыл сайын 22 млн т бал камыш (жа­шыл масса) даярдалып, 2,4 млн т кант өндүрү­лөт. Гүл өстүрүү экспортко багытталган; Колумбия үзүл­гөн гүлдү даярдоо боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкө­лөрдүн бири (238,6 миң т, 2007); негизинен – атыр гүл, чеге гүл, хризантема, алстромерия өс­түрүлөт. Гүл плантациясынын жалпы аянты 7,3 миң га чамасында. Аны экспорттоо боюнча дүйнөдө Нидерланддан кийинки 2-өлкө. Гүл са­тып алуучу негизги өлкөлөр: АКШ (80%и), Рос­сия, Улуу Британия, Канада, Япония, Герма­ния. Банан да маанилүү экспорттук продукция­га кирет; банан өндүрүшү (2007-жылы 1,54 миң т ) боюнча дүйнөдөгү алдыңкы 10 өлкөгө кирет; Ла­тын Америкасында Бразилия, Эквадор, Коста- Рика, Мексикадан кийинки 5-орунда. Банандын 98%и (жылына 1,5 млн т ) экспортко чыгары­лат. Өлкөнүн негизги азык-түлүгү – күрүч, жүгө­рү, төө буурчак, тамыры азык өсүмдүктөр (ай­рыкча кассава, юкка), жашылча; ошондой эле май пальмасы, пахта, соя, кунжут, тамеки, мөмө-жемиш (шабдаалы, өрүк, кайналы, алму­рут, алма), манго, цитрус ж. б. тропик өсүмдүк­төрү өстүрүлөт.
Мал чарбасы ички муктаждыкты гана канаат­тандырат. 2004-жылы 24,95 млн баш кара мал, 2,15 млн баш кой, 1,25 млн баш чочко, 1,2 млн баш эчки болгон; мал көптүгүнө карабай, анын продукциясынын өлчөмү чектелүү. Балык да кармалат.
Колумбия адатта «наркобарондордун чордону» делет: кокаинди зор өлчөмдө өндүрүүчү ж-а экспорт­тоочу дүйнөдөгү өлкө. Дээрлик бардык жеринде курамында наркотика бар өсүмдүктөр (кока ба­далы, кара куурай, апийим), мыйзамсыз өстүрү­лөт. Мындай жерлерге АКШ м-н бирдиктеги «Ко­лумбия планын» жүзөгө ашырууда абадан уулуу химикаттарды чачышат.

Транспорту. Транспорттун негизги түрү авто­мобиль жолу (ага ички жүргүнчү ташуунун 95%и, жүк ташуунун 66%тен ашыгы, сырткы жүргүнчү ташуунун 6%и туура келет). Жалпы узундугу 164,5 миң км. Негизги автомобиль жолдору: Богота – Хирардот – Ибаге – Фресно – Богота; Богота – Тунха – Букараманга – Санта-Марта – Барранкилья – Картахена; Букараманга – Ку­кута (Венесуэла м-н чек ара), Ипьялес (Эквадор м-н чек ара) – Пасто – Попаян – Кали – Буга­лагранде – Ансерма – Медельин – Картахена ж. б. Панамерика шоссесинин (ал Каука дарыясынын өрөөнү м-н Медельин, Кали шаарлары аркылуу өтөт) мааниси зор. Темир жол транспорту ички жүктүн (не­гизинен минералдык сырьё ж-а айыл чарба продукция­сы) 30%тен ашыгын ташыйт. Темир жолунун жалпы узундугу 2,14 миң км. Дарыя транспорту ички жүктүн 2,6%ин, жүргүнчүлөрдүн 5%ке жакынын та­шыйт. Өлкөнүн жетүүгө татаал айрым жерле­рине жүк ташууда дарыя бирден-бир негизги жол болуп саналат. Ички суу жолунун пайдаланыл­ган жалпы узундугу 18,2 миң км. Эң маанилүү суу жолу – Магдалена дарыясы (1100 км аралыкка кеме каттайт), анда дарыя транспортундагы жүктүн 55%ке жакыны, жүргүнчүнүн 40%тен ашыгы ташылат. Ошондой эле Каука, Путамайо, Какета, Ат­ранто, Сан-Хуан, Патия, Сину, Мета, Гуавьяре ж. б. дарыялары боюнча да кеме каттайт. Деңиз транспорту негизинен сырткы соода жүктөрүн ташыйт. Ири порттору: Кариб деңизинде – Бар­ранкилья, Картахена, Санта-Марта, Тынч оке­андын жээгинде – Буэнавентура. Нефть ж-а нефть продукт куурларынын жалпы узундугу 8,5 миң км, газ куурунуку 4,4 миң км. Өлкөдө жалпы 934 аэропорт бар; ирилери – Богота, Ме­дельин, Барранкилья ж-а Кали шаарларында. Негизги экспорттук товарлары: нефть ж-а

Колумбия акчасы.

нефть продуктулары, көмүр, кофе, ферроникель, гүл, банан, (изумруд) зымырыт, ошондой эле күндө ке­ректелүүчү товарлар (кийим, текстиль, бут ки­йим, самын ж. б. косметика каражаттары), ма­шина ж-а жабдуулар, химия, металлургия өнөр жай продукциялары; автомобиль куруу продукция­ларын, алтын, пальма майын, кондитер про­дуктуларын экспорттоо тез темп м-н өсүүдө. Не­гизги кардарлары: АКШ, Венесуэла, Европа сою­зуна кирген өлкөлөр, Кытай, Мексика, Бра­зилия, Россия. Импортунда металлдан жасал­ган буюмдар, өнөр жай жабдуулары, дан эгин (буу­дай, жүгөрү), мал чарбасы үчүн тоют, химиялык про­дукция, автомобиль, электр-жабдуулары, ком­пьютер ж. б. техника, керектелүүчү товарлар ба­сымдуу. Аларды негизинен АКШ, Кытай, Мек­сика, Бразилиядан алат. Маданияты. Колумбияда билим берүүгө жалпы же­текчиликти улуттук билим берүү министрлиги жүзөгө ашырат. Жогорку мамлекеттик билим жөнүндө мыйзам (1992-, 1999-, 2000-жылдары түзөтүүлөр кир­гизилген), Билим берүү жөнүндө жалпы (1994) мый­зам (1994), Этностук топторго билим берүү жөнүндө декрет (1995), Мектепке чейинки билим жөнүндө (1997), Жогорку техникалык билим жөнүндө (1997) жана башка мыйзамдар менен жөнгө салынат. Колумбия билим берүү системасы мектепке чейинки тарбияны (4–5 жаш) жана 10 жылдык (айылдарда 5 жылдык) милдеттүү окутууну (5–15 жаш) камтыйт. 15–16 жашта 2 жылдык академиялык же кесиптик-техникалык билим алышат. Жогорку окуу жайлары мамлекеттик жана менчик. Калктын сабаттуулугу 15 жаштан жогору 92,8%ти түзөт (2005). Башкы университеттери, илимий мекемелери, китепканалары жана музейлери Богота, Ибага, Картахена, Медельин шаарларында, анын ичинде Колумбия Улуттук университети (1867). Мамлекеттик ири жогорку окуу жайлары: По­паяндагы Каука (1827), Пастодогу Нариньо (1827), Барранкильядагы Атлантико (1941) университеттери жана башкалар. Консерваториялары Ибага, Бар­ранкилья, Попаян жана Санта-Мартада. Мамлекеттик эмес жогорку окуу жайлары: Букараманги автономиялык (1952), Манисалестеги католик (1954), Барранкильяда­гы Түндүк университеттери (1966) жана башкалар. Илимий-изилдөө иштерин көптөгөн илимий мекемелери жүзөгө ашырат. Та­рыхый жана диний искусство музейлери иштейт.
Улуттук ири басылмалары: жумасына чыгуу­чу «El Espectador» (1887), «Ei Tiempo» (1911), «El Nuevo Siglo» (1936), «Ia Republica» (1954), күнүнө чыгуучу аймактык «Ei Pais» (1950), «Ei Pueblo» (1972), «Ei Heraldo» (1933), «E i Colombiano» (1912) жана башка гезиттер. 1924-жыл­дан радио уктуруу, 1954-жылдан телекөрсөтүү иштейт. Мамлекеттик көз карандысыз теле жана ра­диокомпаниялары бар. Маалымат агенттиги – Colpzensa (1980).
Колумбиянын адабияты испан тилинде өнүгүүдө. Индей урууларынын маданиятын (анын ичинде фольклорун) ис­пан колониячылары XVI кылымда бүлүнткөн. XVII кылымда биринчи драматургиялык чыгармалар, XVIII кылымда испан үлгүсүндөгү тарыхый-турмуштук хрони­калар (Х. Родригес Фрейле) жана поэзия (Х. де Кастельянос) пайда болгон. XVIII кылымдын аягы – XIX кылымдын башында агартуучулук багыт класси­цизмге ыктаган (А. Нариньо), чечендик өнөр (С. Боливар, Ф. А. Сеа жана башкалар), патриоттук поэ­зия, (Х. М. Саласар, Х. Фернандес Мадрид жана башкалар) өнүккөн. 1830–1900-жылдары романтизмдин гүлдөгөн мезгили болгон, тарыхый романдар жа­ралган. Х. М. Маррокин, Т. Карраскильянын чыгармачылыгында реалисттик жана натуралисттик тенденциялар байкалат. Колумбия адабиятындагы костумбристтик прозанын жана поэзиянын өкүлдөрү чы­гармаларында элдин жашоо-тиричилигин ча­гылдырышкан. XX кылымдын башында модернист­тик лирика, кийинчерээк авангардизм, психологиялык роман, сюрреализм өкүм сүргөн (Х. Э. Ривера, С. Урибе). Реалисттер социалдык тематикага кайрылышкан. XX кылымдын 2-жарымында магия­лык реализмдин өкүлү Г. Гарсиа Маркес бүт дүй­нөгө белгилүү болгон.
Колумбия аймагындагы байыркы сүрөт өнөр эстелик­тери (карапа, сүрөт түшүрүлгөн алтын буюмдар) биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкка (Томака жана Илама маданияттары) таандык. Биздин замандын 1-миң жылдыгынын аягы – 2-миң жылдыгынын башындагы Сан-Агустин маданиятына (жаныбарлар менен кишилер­дин сүрөттөрү тартылган рельефтер, таш статуя­лар, дубалга түшүрүлгөн оймо-чийме сүрөттөр жана башкалар) болжол менен VI–X кылымдардагы Тьеррадентро (Каука департаменти) комплексинин искусствосу (склептер жана аларга алып барчу тепкичтүү таш жолдор, оймо-чиймелер менен кооздолгон жайла­ры) жакын. Муиск маданиятына (Сабана-де-Богота платосу) тумбагадан жасалган (жез менен алтындын куймасы) идолдор (тунхо) жана башкаларга таандык. Испандар келгенге чейинки Колумбия искусствосу Эква­дор, Перу искусствосуна тектеш, биздин замандын 2-миң жыл­дыгынын аягында колумбиялык Амазония мадания­тынын таасири тийген. Испан каратууларынын мезгилинде индей кыштагынын ордуна испан ти­биндеги архитектуралык курулуштар тургузулуп, чиркөө искусствосу (Монгидеги жана башка чиркөөлөр) өнүк­көн. Латын Америкасынын башка өлкөлөрүнө караганда Колумбияда классицизм көбүрөөк өнүккөн (Боготанын борбордук аянтындагы XVI–XIX кылымдарга таан­дык курулуштар: собор, архиепископ хан са­райы, Капитолий жана башкалар). Байыркы индей искусствосунун салттары европалык таасир менен ширелишип, индей чеберлеринин чыгармаларында сакталган. Колумбияда эң маанилүү живопись мектеби калыптанган. XVI кылымда испа­ниялык, италиялык чеберлер иштеген. Колумбия живописи XVII кылымдын 2-жарымынан Ф. Сурбаран жана Б. Э. Му­рильонун таасиринде өнүккөн. Живописчи Г. Вас­кес (XVII кылым) реалисттик портреттерди, пейзаждар­ды, диний жана жанрдык сүрөттөрдү тарткан. Көз карандысыздык жарыялангандан кийин Колумбия искусствосунда улуттук стиль калыптанган. 1886-жылы Боготада Улуттук искусство мектеби ачыл­ган. XX кылымда сүрөт өнөрүндө костумбризм өнүгүп, модернизм менен авангардизм (А. Обрегон, Э. Ра­мире Вальямисар) реалисттик салтта өнүккөн агымдар менен канатташ өкүм сүргөн. XX кылымда Колумбия айкелчилери (айкелчи Р. Росо) индейлердин салттарына кайрылышкан. XX кылымдын 2-жары­мында Колумбия искусствосуна абстракционизм агымы (живописчилер М. Оспина жана Г. Видеманн, айкелчи Э. Негре) таасирин тийгизген. XIX–XX кылымдарда Колумбия архитектурасында Америка Кошмо Штаттары жана европалык өлкөлөрдүн архитектурасынын таасири менен Колумбияда неоготика (Ипья­лестеги Лас-Лахас чиркөөсү, 1916–1949), кийин модерн кеңири тараган. 2-дүйнөлүк согуштан кийин функционализм (Х. Л. Серт жана Ле Кор­бюзье) өнүккөн.
Колумбиянын музыка өнөрү креол, индей жана афри­калык музыкалык салттардын айкалышынан жарал­ган. 1847-жылы Колумбияда биринчи симфониялык оркестр менен Боготада филармониялык коом түзүлүп, «Эс­фирь» аттуу биринчи колумбиялык опера жа­зылган (автору Х. М. Понсе де Леон). 1887-жылы италиялык эмигрант О. Синдичи улуттук гимндин «Өчпөс даңк» музыкасын жазган. Белгилүү ком­позиторлор: Г. Фернандес Идальго, Х. Де Хер­рера (XVI–XVIII кылымдар), Г. Урибе Ольгин, Л. А. Эско­бар, Х. Росо Контрерас, Б. Э. Атеортуа, Ж. Нова (XX кылым.), музыка таануучу: Х. И. Педромо Эско­бар. 1936-жылы Боготада дирижёр Г. Эспиноса Грау Улуттук симфониялык оркестрди (1952-жыл­дан Колумбиянын симфониялык оркестри) негиздеген.
Колумбиянын ири музыкалык окуу жайы – Боготадагы Улут­тук консерватория (1882; 1909-жылга чейин Улуттук музыкалык академия).
Колумбияда театр искусствосу XVI кылымда пайда болгон. 1790-жылы Кали шаарында алгачкы улуттук трагедия­сы «Ракель» (автору белгисиз) көрүүчүлөргө тар­тууланган. 1792-жылы Боготада (Санта-Фе) бирин­чи «Колисео» театры курулган. XVII кылымда Ф. Фер­нандес де Валенсуэла жана Х. де Куэто-и-Мена жана башка драматургдардын чыгармаларында улут­тук салттар пайда болгон. XIX кылымдын ортосун­да Л. М. Льерас европалык авторлордун пьесаларын которуп, Боготада өз театрын ачып, анын ал­дында актёрдук чеберчилик өнөрканасын – өлкөнүн биринчи театр мектебин түзгөн. Роман­тикалык маанайдагы (Х. М. Вергара-и-Верга­ра, С. Перес жана башкалар), детектив жанрындагы («Па­риж полициясы», 1882) алгачкы чыгармалар жаралган. 1877-жылы Колумбияда биринчи курчак театры түзүлгөн. XIX кылымдын ортосунда драматургияда ко­стумбризм (Х. Т. Сампер, Х. М. Маррокин жана башкалар) алдыңкы орунду ээлеген. XX кылымдын ортосунда Колумбия театры төмөндөй баштаган. Театрдын ки­йинки жылдардагы өнүгүшү А. Альварес Льерас, Л. Э. Осорио жана башка драматургдардын ишмер­диктерине байланыштуу. 1940-жылдары радио­театр өнүккөн (О. Диас Диас). Колумбияда 1950-жыл­дын ортосунан театр өнөрү жанданып, Богота, Кали, Медельин шаарларында улуттук драма мектеп­тери түзүлгөн. Манисалесте университеттик (1968) жана эл аралык театрлардын (1972) фестивалдары өткөрүлөт. 1970–1980-жылдары 100 театр коллек­тиви Колумбия театр корпорациясына (1970) бириккен. XX–XXI кылымдардын чегинде Боготада «Теат­ро Петра» (жетекчиси Ф. Рубиано), «Театро Вре­ве» (В. Вивьескас) «Мапа Театро» (Р. жана Э. Аб­дерхальдендер) жана Медельинде «Театро Мата­канделас» (К. Пелаэс) театрлары көрүнүктүү роль ойноодо. 1988-жылдан Боготада дүйнөдөгү эң чоң фестивалдардын бири – Ибер - америкалык театр фес­тивалы (уюштуруучусу белгилүү актриса жана театр ишмери Ф. Микей), 2002-жылдан Меде­льинде жыл сайын Колумбиялык театр фести­валы өткөрүлөт. 1908-жылы италиялык бир туугандар Ф. жана В. Ди Домениколор Колумбияда кино прокат фирмасын түзүшкөн. Либералдар партиясынын башчысы, генерал Р. Урибенин өлүмү жөнүндөгү «15-декабр­дагы драма» (1915) аттуу Колумбиянын биринчи тасмасын тартышкан. А. дель Дьестро жана М. Каль­вонун «Мария» (1922, Х. Исаакстын романы боюнча) жана бир туугандар Ди Домениколордун «Аура, же Фиалкалар» (1923, Х. М. Варгас Ви­ланын романы боюнча) кино тасмалары ири ийги­ликтерге ээ болгон. 1941-жылы Кальво «Өрөөндүн гүлдөрү» аттуу биринчи үндүү киносун койгон. Улуттук кино өндүрүшү 1960-жылдары жого­рулай баштап, көркөм («Таш тамырлар», 1963, Локарнодогу Эл аралык кино фестивалдын ЭКФтин сыйлыгы; «Кесилген мери­диан» 1968, режиссёру Х. М. Арсуаги) жана саясий да­ректүү тасмалар тартылган. 1979-жылы Боготада ФОСИНЕ (кинематография өнүгүшүнө көмөктө­шүү фонду) мамлекеттик кино уюму түзүлгөндөн кийин, кино өндүрүшү жогорулай баштаган. 1980- жылдары С. А. Соловьёвдун «Тандалгандар», (1983); Куба менен биргеликте тартылган Х. Али Триана «Өлүүчү мезгил», (1985); Л. Дуке Наран­хонун «Америка Кошмо Штаттар визасы» (1986); С. Кабреранын «Эрөөлдүн техникасы» (1988) жана башка кино тасма­лары жарык көргөн. 1992-жылы ФОСИНЕ жабы­лып, 1997-жылы Колумбия маданият министрлигинин алдын­да кинематография дирекциясы жана колум­биялык кинону колдоо жана алдыга жылдыруу бириккен фонду түзүлгөн. 2000-жылдары Р. Триана («Мышык чычкан ойнундай», 2001; «Кыялдануу зыяндуу эмес», 2006), Л. А. Рест­репо («Биринчи түн», 2003), С. Герра («Жөө ки­шинин көлөкөсү», 2004), А. Баиса («Сатана», 2007) жана башка режиссёрлор мыкты тасмаларды жа­ратышты. Жылына Эл аралык кинофестиваль (1961-жылдан Картахенада), улуттук кинофес­тиваль (1983-жылдан Боготада) өткөрүлүп турат.



Ад.: Лукашова Е. Н. Южная Америка. М., 1958; Культура Колумбии. М., 1974; Поэзия Колумбии. М., 1991; Колумбия// БРЭ. Т. 14. М., 2009.

Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.