КОЛОРАДО (АКШ м-н Мексикадагы дарыя): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

04:09, 19 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы

КОЛОРА́ДО – АКШ м-н Мексикадагы дарыя. Узундугу 2334 км (оң салаасы Грин-Ривер м-н 3200 км), алабынын аянты 635 миң км2. Аска­луу тоолордон башталат да, жарым чөл ж-а чөлдүү аймактар аркылуу агып, Калифорния бу­луңуна куят. Дельтасынын аянты 8000 км2. Дарыя Колорадо платосунда жалпы узундугу 800 кмге жеткен терең (1800 мге чейин) шаңшаарларды (Чоң Каньон ж. б.) пайда кылат. Куймалары: Сан-Хуан, Литл-Колорадо, Хила (сол), Грин- Ривер, Дерти-Девил, Эскаланте, Пария, Канаб-Крик, Вержин (оң). Кар ж-а жамгыр суусунан куралат. Суусу апрелден июлга чейин ташкын­дап, күзүндө ж-а кышында азаят. Орточо чыгымы ортонку агымында 677 м3/сек, сугат каналда­рына ж-а шаарларды суу м-н камсыз кылуу үчүн таралгандыктан, чатында чыгымы 5 м3/сек гана болуп калат. Калифорния булуңунда суу кир­генде анын ташкыны (бийиктиги 10 мге чейин) дарыя өрөөнү боюнча 56 кмден ашык аралыкка че­йин жетет. Дарыянын суу ресурстары энергети­када, ирригацияда ж-а суу м-н камсыз кылуу­да пайдаланылат. Колорадого ири суу сактагычтар ж-а ГЭСтер курулган. Колорадо – АКШдагы агымы жөнгө салынган бирден бир дарыя; анын суусу өлкөнүн башка дарыяларына караганда сугат­ка ж. б. чарбалык муктаждыктарга арбын пай­даланылат. Натыйжада Колорадонун суусу Мексикага дээрлик жетпейт. Төмөнкү агымында деңиз ке­мелери ж-а биржалар каттайт, бирок дарыянын транспорттук мааниси чектелүү гана. Колорадонун ала­бында улуттук парктар (мисалы, Гранд-Каньон, Каньонлендс, Арчес) ж-а эс алуу зоналары бар.