КОЛОРАДО 2
КОЛОРА́ДО – АКШ м-н Мексикадагы дарыя.
Уз. 2334 км (оң салаасы Грин-Ривер м-н 3200 км), алабынын аянты 635 миң км2. Аскалуу тоолордон башталат да, жарым чөл ж-а
чөлдүү аймактар аркылуу агып, Калифорния булуңуна куят. Дельтасынын аянты 8000 км2. Дарыя Колорадо платосунда жалпы уз. 800 кмге жеткен терең (1800 мге чейин) шаңшаарларды (Чоң Каньон ж. б.) пайда кылат. Куймалары: Сан-Хуан, Литл-Колорадо, Хила (сол), Грин- Ривер, Дерти-Девил, Эскаланте, Пария, Канаб-
Крик, Вержин (оң). Кар ж-а жамгыр суусунан куралат. Суусу апрелден июлга чейин ташкындап, күзүндө ж-а кышында азаят. Орт. чыгымы ортонку агымында 677 м3/сек, сугат каналдарына ж-а шаарларды суу м-н камсыз кылуу үчүн таралгандыктан, чатында чыгымы 5 м3/сек гана болуп калат. Калифорния булуңунда суу киргенде анын ташкыны (бийикт. 10 мге чейин) дарыя өрөөнү б-ча 56 кмден ашык аралыкка чейин жетет. Дарыянын суу ресурстары энергетикада, ирригацияда ж-а суу м-н камсыз кылууда пайдаланылат. К-го ири суу сактагычтар
ж-а ГЭСтер курулган. К. – АКШдагы агымы
жөнгө салынган бирден бир дарыя; анын суусу
өлкөнүн башка дарыяларына караганда сугатка ж. б. чарбалык муктаждыктарга арбын пайдаланылат. Натыйжада К-нун суусу Мексикага дээрлик жетпейт. Төмөнкү агымында деңиз кемелери ж-а биржалар каттайт, бирок дарыянын транспорттук мааниси чектелүү гана. К-нун алабында улуттук парктар (мис., Гранд-Каньон, Каньонлендс, Арчес) ж-а эс алуу зоналары бар.