КОЛОРАДО (АКШ м-н Мексикадагы дарыя): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (Temirkan moved page КОЛОРАДО 2 to КОЛОРАДО (АКШ м-н Мексикадагы дарыя)) |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОЛОРА́ДО</b> – АКШ м-н Мексикадагы дарыя. | <b type='title'>КОЛОРА́ДО</b> – АКШ м-н Мексикадагы дарыя. Узундугу 2334 <i>км</i> (оң салаасы Грин-Ривер м-н 3200 <i>км</i>), алабынын аянты 635 миң <i>км</i><sup>2</sup>. Аска­луу тоолордон башталат да, жарым чөл ж-а чөлдүү аймактар аркылуу агып, Калифорния бу­луңуна куят. Дельтасынын аянты 8000 <i>км</i><sup>2</sup>. Дарыя <i>Колорадо</i> платосунда жалпы узундугу 800 <i>км</i>ге жеткен терең (1800 <i>м</i>ге чейин) шаңшаарларды (Чоң Каньон ж. б.) пайда кылат. Куймалары: Сан-Хуан, Литл-Колорадо, Хила (сол), Грин- Ривер, Дерти-Девил, Эскаланте, Пария, Канаб-Крик, Вержин (оң). Кар ж-а жамгыр суусунан куралат. Суусу апрелден июлга чейин ташкын­дап, күзүндө ж-а кышында азаят. Орточо чыгымы ортонку агымында 677 <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек</i>, сугат каналда­рына ж-а шаарларды суу м-н камсыз кылуу үчүн таралгандыктан, чатында чыгымы 5 <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек</i> гана болуп калат. Калифорния булуңунда суу кир­генде анын ташкыны (бийиктиги 10 <i>м</i>ге чейин) дарыя өрөөнү боюнча 56 <i>км</i>ден ашык аралыкка че­йин жетет. Дарыянын суу ресурстары энергети­када, ирригацияда ж-а суу м-н камсыз кылуу­да пайдаланылат. Колорадого ири суу сактагычтар ж-а ГЭСтер курулган. Колорадо – АКШдагы агымы жөнгө салынган бирден бир дарыя; анын суусу өлкөнүн башка дарыяларына караганда сугат­ка ж. б. чарбалык муктаждыктарга арбын пай­даланылат. Натыйжада Колорадонун суусу Мексикага дээрлик жетпейт. Төмөнкү агымында деңиз ке­мелери ж-а биржалар каттайт, бирок дарыянын транспорттук мааниси чектелүү гана. Колорадонун ала­бында улуттук парктар (мисалы, Гранд-Каньон, Каньонлендс, Арчес) ж-а эс алуу зоналары бар. | ||
чөлдүү аймактар аркылуу агып, Калифорния бу­луңуна куят. Дельтасынын аянты 8000 <i>км</i><sup>2</sup>. Дарыя <i>Колорадо</i> платосунда жалпы | |||
Крик, Вержин (оң). Кар ж-а жамгыр суусунан куралат. Суусу апрелден июлга чейин ташкын­дап, күзүндө ж-а кышында азаят. | |||
ж-а ГЭСтер курулган. | |||
жөнгө салынган бирден бир дарыя; анын суусу | |||
өлкөнүн башка дарыяларына караганда сугат­ка ж. б. чарбалык муктаждыктарга арбын пай­даланылат. Натыйжада | |||
[[Категория:4-том, 353-402 бб]] | [[Категория:4-том, 353-402 бб]] | ||
04:09, 19 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КОЛОРА́ДО – АКШ м-н Мексикадагы дарыя. Узундугу 2334 км (оң салаасы Грин-Ривер м-н 3200 км), алабынын аянты 635 миң км2. Аскалуу тоолордон башталат да, жарым чөл ж-а чөлдүү аймактар аркылуу агып, Калифорния булуңуна куят. Дельтасынын аянты 8000 км2. Дарыя Колорадо платосунда жалпы узундугу 800 кмге жеткен терең (1800 мге чейин) шаңшаарларды (Чоң Каньон ж. б.) пайда кылат. Куймалары: Сан-Хуан, Литл-Колорадо, Хила (сол), Грин- Ривер, Дерти-Девил, Эскаланте, Пария, Канаб-Крик, Вержин (оң). Кар ж-а жамгыр суусунан куралат. Суусу апрелден июлга чейин ташкындап, күзүндө ж-а кышында азаят. Орточо чыгымы ортонку агымында 677 м3/сек, сугат каналдарына ж-а шаарларды суу м-н камсыз кылуу үчүн таралгандыктан, чатында чыгымы 5 м3/сек гана болуп калат. Калифорния булуңунда суу киргенде анын ташкыны (бийиктиги 10 мге чейин) дарыя өрөөнү боюнча 56 кмден ашык аралыкка чейин жетет. Дарыянын суу ресурстары энергетикада, ирригацияда ж-а суу м-н камсыз кылууда пайдаланылат. Колорадого ири суу сактагычтар ж-а ГЭСтер курулган. Колорадо – АКШдагы агымы жөнгө салынган бирден бир дарыя; анын суусу өлкөнүн башка дарыяларына караганда сугатка ж. б. чарбалык муктаждыктарга арбын пайдаланылат. Натыйжада Колорадонун суусу Мексикага дээрлик жетпейт. Төмөнкү агымында деңиз кемелери ж-а биржалар каттайт, бирок дарыянын транспорттук мааниси чектелүү гана. Колорадонун алабында улуттук парктар (мисалы, Гранд-Каньон, Каньонлендс, Арчес) ж-а эс алуу зоналары бар.