КОКОН (пилла): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
м (Temirkan moved page КОКОН to КОКОН (пилла))
 
(Айырма жок)

08:23, 17 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы

КО́КОН , п и л л а – көптөгөн курт-кумурска­лардын куурчакчасынын коргонуу түзүлүшү. Кокон личинка куурчакчага айлануунун алдында бөлүп чыгарган жибек жиптен чиеленип куру­лат. Көптөгөн көпөлөктөр, ошондой эле кээ бир кумурс­калар кокон пайда кылат. Көптөгөн коңуздардын личинкалары (мисалы, узун тумшуктар) куурчак­чага айланарда өзү бөлүп чыгарган шилекейден Кокон курат. Сөөлжандар, сүлүк курттар, жөргө­мүштөр, кээ бир моллюскалар жумуртка коконун (пилласы) пайда кылып, анын ичинде жумурт­ка өөрчүйт.