КОЖОМБЕРДИЕВ Турар: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (Temirkan moved page КОЖОМБЕРДИЕВ 1 to КОЖОМБЕРДИЕВ Турар) |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОЖОМБЕРДИЕВ</b> Турар (22. 6. 1941, Чүй | <b type='title'>КОЖОМБЕРДИЕВ</b> '''Турар''' (22. 6. 1941, Чүй облусу, Жайыл району, Сары-Булак айылы – 30. 1. 1989, Бишкек) | ||
Жайыл | |||
Бишкек) | |||
[[File:КОЖОМБЕРДИЕВ 139.png | thumb | none]] | [[File:КОЖОМБЕРДИЕВ 139.png | thumb | none]] | ||
– акын, котормочу, | – акын, котормочу, Кыргызстан Ленин ком­сомолу сыйлыгынын лауреаты (1968). 1966-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1965–66-жылдарда «Кыргызстан пионери» гезитинде адабий кызматкер, 1969-жылы «Кыр­гызстан» басмасында редак­тор, 1970-жылдардын 2-жа­рымында маданият ми­нистрлигинде, 1976–83-жылдарда республикалык методикалык борбор­до бөлүм башчы болуп иш­теген. Туңгуч ырлар жыйна­гы 1961-жылы «Көлчүктөгү ай» деген ат м-н жарык көргөн. Кожомбердиев – Бүткүл союз­дук фестивалдардын катышуучусу. «Кызылалма» (1965), «Тоо үстүндөгү күн» (1966), «Таң­кы симфония» (1968), «От өчпөгөн коломто» (1972), «Эне жана от» (1972), «Кызгылтым кеч» (1973), «Нурлуу терезе» (1975), «Токтогул ГЭСи» (1976), «Ай тийген тоо» (1981), «Ыр булак» (1984) ж. б. ыр жыйнактары бар. Кожомбердиев метафоралуу ой жүгүрткөн, айлана-чөйрөнү өзгөчө баамдаган лирик акын, поэзия м-н сүрөт жарата билген сезимтал сүрөткер катары кыргыз поэзиясын жаңы көз караш, көркөм табылгалар, жаңы темалар м-н байыткан. Кыргыз адабиятында обон­го ылайыкталган ыр жанрын өзгөчө бийиктик­ке көтөргөн. К. <i>Молдобасанов</i> м-н бирдикте «Са­манчынын жолу» аттуу балет-ораторияcынын, «Гүлдө Кыргызстан», «Шаңдан мекен» канта­танын, М. <i>Абдраев</i> м-н бирдикте «Лирикалык хоровод», Т. Эрматов м-н бирдикте «Элүү жыл­да элим жаңырды» аттуу кантаталардын тек­сттерин жазган. 70тен ашуун ырларына обон чыгарылган. Кожомбердиевдин айрым ырлары орус, укра­ин, казак, азербайжан, өзбек, француз, англис ж. б. тилдерге которулган. Кара-Балта шаарында­гы борбордук көчөгө ж-а өзү туулуп өскөн айы­лындагы көчөгө, Сары-Булак орто мектебине ысмы ыйгарылган. | ||
1965–66- | |||
пионери» гезитинде адабий кызматкер, 1969- | |||
деген ат м-н жарык көргөн. | |||
«Гүлдө Кыргызстан», «Шаңдан мекен» канта­танын, М. <i>Абдраев</i> м-н бирдикте «Лирикалык хоровод», Т. Эрматов м-н бирдикте «Элүү жыл­да элим жаңырды» аттуу кантаталардын тек­сттерин жазган. 70тен ашуун ырларына обон | |||
чыгарылган. | |||
Ад.: <i>Кожомбердиева У.</i> Турар Кожомбердиев. Эс­керүүлөр. Б., 2010. | Ад.: <i>Кожомбердиева У.</i> Турар Кожомбердиев. Эс­керүүлөр. Б., 2010. | ||
[[Категория:4-том, 307-352 бб]] | [[Категория:4-том, 307-352 бб]] | ||
03:14, 16 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КОЖОМБЕРДИЕВ Турар (22. 6. 1941, Чүй облусу, Жайыл району, Сары-Булак айылы – 30. 1. 1989, Бишкек)

– акын, котормочу, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1968). 1966-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1965–66-жылдарда «Кыргызстан пионери» гезитинде адабий кызматкер, 1969-жылы «Кыргызстан» басмасында редактор, 1970-жылдардын 2-жарымында маданият министрлигинде, 1976–83-жылдарда республикалык методикалык борбордо бөлүм башчы болуп иштеген. Туңгуч ырлар жыйнагы 1961-жылы «Көлчүктөгү ай» деген ат м-н жарык көргөн. Кожомбердиев – Бүткүл союздук фестивалдардын катышуучусу. «Кызылалма» (1965), «Тоо үстүндөгү күн» (1966), «Таңкы симфония» (1968), «От өчпөгөн коломто» (1972), «Эне жана от» (1972), «Кызгылтым кеч» (1973), «Нурлуу терезе» (1975), «Токтогул ГЭСи» (1976), «Ай тийген тоо» (1981), «Ыр булак» (1984) ж. б. ыр жыйнактары бар. Кожомбердиев метафоралуу ой жүгүрткөн, айлана-чөйрөнү өзгөчө баамдаган лирик акын, поэзия м-н сүрөт жарата билген сезимтал сүрөткер катары кыргыз поэзиясын жаңы көз караш, көркөм табылгалар, жаңы темалар м-н байыткан. Кыргыз адабиятында обонго ылайыкталган ыр жанрын өзгөчө бийиктикке көтөргөн. К. Молдобасанов м-н бирдикте «Саманчынын жолу» аттуу балет-ораторияcынын, «Гүлдө Кыргызстан», «Шаңдан мекен» кантатанын, М. Абдраев м-н бирдикте «Лирикалык хоровод», Т. Эрматов м-н бирдикте «Элүү жылда элим жаңырды» аттуу кантаталардын тексттерин жазган. 70тен ашуун ырларына обон чыгарылган. Кожомбердиевдин айрым ырлары орус, украин, казак, азербайжан, өзбек, француз, англис ж. б. тилдерге которулган. Кара-Балта шаарындагы борбордук көчөгө ж-а өзү туулуп өскөн айылындагы көчөгө, Сары-Булак орто мектебине ысмы ыйгарылган.
Ад.: Кожомбердиева У. Турар Кожомбердиев. Эскерүүлөр. Б., 2010.