ЖОКЬЯКАРТА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖОКЬЯКА́РТА</b> ( | <b type='title'>ЖОКЬЯКА́РТА</b> (Yogуakarta, Jogjakarta, Djokjakarta) – Индонезиядагы шаар. Ява аралында, Мерапи жанартоосунун (бийиктиги 2911 <i>м</i>) түш­түк тарабында, Инди океанынын жээгинен 35 <i>км</i> аралыкта жайгашкан. Өзгөчө администрациялык бирдик бо­луп бөлүнгөн. Калкы 404 миң (2014, шаар агло­мерациясында 2,4 млн). Жолдор тоому. Эл ара­лык аэропорту бар. Өлкөнүн башка шаарлары менен темир жол аркылуу байланышат. Шаар 1755-жылы негизделген. 1946–49-жылдарда Индонезиянын убакты­луу борбору. Шаар бир нече жолу жер ти­тирөөдөн (2006-жылы 27-майдагы жер титирөөдө 6 миңге жакын адам каза болгон) жана Мерапи жанартоосунун атылышынан жапа чеккен. Батик кездемесин чыгаруучу кустардык өндү- | ||
[[File:ЖОКЬЯКАРТА35.png | thumb | Султандын ак сарайы.]] | [[File:ЖОКЬЯКАРТА35.png | thumb | Султандын ак сарайы.]] | ||
рүшү, тамак-аш (кант, жемиш консервасы, май | рүшү, тамак-аш (кант, жемиш консервасы, май жана башка), тамеки, эмерек жасоочу өнөр жай ишканасы иштейт. Көркөм буюмдар жасалат. Университеттер (анын ичинде Гажа-Мада; 1949, мамлекеттик), Индонезия иск­усство институту, бейөкмөт жогорку окуу жайы (анын ичинде Индонезия Ис­лам университети; 1945), классикалык Ява бийи мекте­би жана көлөкө театры (ваянг-кулит), Ислам жана региондук китепканалар, музейлер (Сонобу­дойо Индонезия искусствосунун, улуттук баатыр ханзаада Дипонегоронун), океанариум (акула­лар үчүн дүйнөдөгү эң ири бассейн), Пасар-Нга­сем канаттуулар базары жана башкалар бар. Шаардын чет-жакасындагы 8–10-кылымдын архитектура эстелик­тери – дүйнөдөгү эң чоң будда храмы Боробу­дур, индуизм храм комплекси Прамбанан <i>Бүт­күл дүйнөлүк мурастын</i> тизмесине киргизил­ген. Ошондой эле Борбордук чиркөө, шаардын тары­хый борборунда султандын ак сарай ансамб­ли («кратон», 18-кылым), парк, Таман-Сари ак са­райынын калдыктары («Суу сепили», 1758; 2006-жылдан калыбына келтирилүүдө) сак­талган. Жокьякарта – Ява аралынын башкы маданий жана туристтик борбору. Жыл сайын Индонезия му­зыкасынын жана бий искусствосунун фестивал­дары өткөрүлүп турат. | ||
чет-жакасындагы 8–10- | |||
туристтик борбору. Жыл сайын Индонезия му­зыкасынын | |||
<i>Р. Карачалова.</i> | |||
[[Категория:3-том, 327-448 бб]] | |||
03:50, 26 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
ЖОКЬЯКА́РТА (Yogуakarta, Jogjakarta, Djokjakarta) – Индонезиядагы шаар. Ява аралында, Мерапи жанартоосунун (бийиктиги 2911 м) түштүк тарабында, Инди океанынын жээгинен 35 км аралыкта жайгашкан. Өзгөчө администрациялык бирдик болуп бөлүнгөн. Калкы 404 миң (2014, шаар агломерациясында 2,4 млн). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн башка шаарлары менен темир жол аркылуу байланышат. Шаар 1755-жылы негизделген. 1946–49-жылдарда Индонезиянын убактылуу борбору. Шаар бир нече жолу жер титирөөдөн (2006-жылы 27-майдагы жер титирөөдө 6 миңге жакын адам каза болгон) жана Мерапи жанартоосунун атылышынан жапа чеккен. Батик кездемесин чыгаруучу кустардык өндү-

рүшү, тамак-аш (кант, жемиш консервасы, май жана башка), тамеки, эмерек жасоочу өнөр жай ишканасы иштейт. Көркөм буюмдар жасалат. Университеттер (анын ичинде Гажа-Мада; 1949, мамлекеттик), Индонезия искусство институту, бейөкмөт жогорку окуу жайы (анын ичинде Индонезия Ислам университети; 1945), классикалык Ява бийи мектеби жана көлөкө театры (ваянг-кулит), Ислам жана региондук китепканалар, музейлер (Сонобудойо Индонезия искусствосунун, улуттук баатыр ханзаада Дипонегоронун), океанариум (акулалар үчүн дүйнөдөгү эң ири бассейн), Пасар-Нгасем канаттуулар базары жана башкалар бар. Шаардын чет-жакасындагы 8–10-кылымдын архитектура эстеликтери – дүйнөдөгү эң чоң будда храмы Боробудур, индуизм храм комплекси Прамбанан Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Ошондой эле Борбордук чиркөө, шаардын тарыхый борборунда султандын ак сарай ансамбли («кратон», 18-кылым), парк, Таман-Сари ак сарайынын калдыктары («Суу сепили», 1758; 2006-жылдан калыбына келтирилүүдө) сакталган. Жокьякарта – Ява аралынын башкы маданий жана туристтик борбору. Жыл сайын Индонезия музыкасынын жана бий искусствосунун фестивалдары өткөрүлүп турат.
Р. Карачалова.