КООН: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КООН</b> (Cucumismelo) – ашкабактар тукумунда­гы бир жылдык өсүмдүк. Сабагы жерге | <b type='title'>КООН</b> (Cucumismelo) – ашкабактар тукумунда­гы бир жылдык өсүмдүк. Сабагы жерге төшөлүп өсөт. Жалбырагы чоң. Гүлү айрым жыныстуу (кош жыныстуулары да бар), курт-кумурскалар аркылуу чаңдашат. Коон – көп уруктуу өсүмдүк.<br> Борбордук ж-а Кичи Азиядан таралган. Салмагы (сортуна жараша) 0,2–16,0 <i>кг</i>. КМШ өлкөлө­рүндө, Борбордук Азия республикаларында (Кыргызстандын түштүгүндө ж-а Чүй облусунда), Волга бою, Молда- | ||
[[File:КООН27.png | thumb | Коондун «Арабакеч 1219» сорту. | [[File:КООН27.png | thumb | Коондун «Арабакеч 1219» сорту. | ||
]]вия, Украина ж-а Закавказьеде (көбүнчө аш сорту) эгилет. Коон баалуу диеталык азык. Анда кант (16–18%), С витамини (60 <i>мг</i> %ке чейин), каротин, пектин заттары, минерал туздар бар. Коон желет, кургатылат. Андан кыям, цукат, мар­мелад, повидло ж. б. азыктар даярдалат. Кеңи­ри таралган сорттору; Анделек, Босвалды, Бу­харка 944, Заами 672, Кой баш 476, Ак коон 557, Сары коон 31, Үргөнч, Ассате 3806 ж. б. Коондун уругу 4–6 <i>см</i> тереңдикке, топурактагы температура 12–14°Сге жеткенде себилет. 1 <i>га</i> аянт­ка 2–3 <i>кг</i> урук кетет. Кыргызстанда коондун эрте бы­шуучу сорту 10–30-апрелде, убагында бышуучу­су 20-апрелден 15-майга чейин, кеч бышуучусу 10–30-июнда эгилет. Коондун түшүмүн жыйноодо мезгил-мезгили м-н улам бышканы үзүлөт. Кеч бышуучу коондор толук быша электе үзүлүп, сак­талган кезде толук бышат. | ]]вия, Украина ж-а Закавказьеде (көбүнчө аш сорту) эгилет. Коон баалуу диеталык азык. Анда кант (16–18%), С витамини (60 <i>мг</i> %ке чейин), каротин, пектин заттары, минерал туздар бар. Коон желет, кургатылат. Андан кыям, цукат, мар­мелад, повидло ж. б. азыктар даярдалат. Кеңи­ри таралган сорттору; Анделек, Босвалды, Бу­харка 944, Заами 672, Кой баш 476, Ак коон 557, Сары коон 31, Үргөнч, Ассате 3806 ж. б. Коондун уругу 4–6 <i>см</i> тереңдикке, топурактагы температура 12–14°Сге жеткенде себилет. 1 <i>га</i> аянт­ка 2–3 <i>кг</i> урук кетет. Кыргызстанда коондун эрте бы­шуучу сорту 10–30-апрелде, убагында бышуучу­су 20-апрелден 15-майга чейин, кеч бышуучусу 10–30-июнда эгилет. Коондун түшүмүн жыйноодо мезгил-мезгили м-н улам бышканы үзүлөт. Кеч бышуучу коондор толук быша электе үзүлүп, сак­талган кезде толук бышат. | ||
[[Категория:4-том, | [[Категория:4-том, 403-452 бб]] | ||
07:16, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
КООН (Cucumismelo) – ашкабактар тукумундагы бир жылдык өсүмдүк. Сабагы жерге төшөлүп өсөт. Жалбырагы чоң. Гүлү айрым жыныстуу (кош жыныстуулары да бар), курт-кумурскалар аркылуу чаңдашат. Коон – көп уруктуу өсүмдүк.
Борбордук ж-а Кичи Азиядан таралган. Салмагы (сортуна жараша) 0,2–16,0 кг. КМШ өлкөлөрүндө, Борбордук Азия республикаларында (Кыргызстандын түштүгүндө ж-а Чүй облусунда), Волга бою, Молда-

вия, Украина ж-а Закавказьеде (көбүнчө аш сорту) эгилет. Коон баалуу диеталык азык. Анда кант (16–18%), С витамини (60 мг %ке чейин), каротин, пектин заттары, минерал туздар бар. Коон желет, кургатылат. Андан кыям, цукат, мармелад, повидло ж. б. азыктар даярдалат. Кеңири таралган сорттору; Анделек, Босвалды, Бухарка 944, Заами 672, Кой баш 476, Ак коон 557, Сары коон 31, Үргөнч, Ассате 3806 ж. б. Коондун уругу 4–6 см тереңдикке, топурактагы температура 12–14°Сге жеткенде себилет. 1 га аянтка 2–3 кг урук кетет. Кыргызстанда коондун эрте бышуучу сорту 10–30-апрелде, убагында бышуучусу 20-апрелден 15-майга чейин, кеч бышуучусу 10–30-июнда эгилет. Коондун түшүмүн жыйноодо мезгил-мезгили м-н улам бышканы үзүлөт. Кеч бышуучу коондор толук быша электе үзүлүп, сакталган кезде толук бышат.