ЖЕТИ-ӨГҮЗ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖЕТИ-ӨГҮЗ ӨРӨӨНҮ</b> Ысык-Көл ойдуңунда, Тескей Ала-Тоонун түн. капталында, Жети-Өгүз суусунун алабында жайгашкан. Жети-Өгүз р-нунун аймагында. Аянты 63,0 <i>км</i><sup>2</sup>, уз. 28,5 <i>км</i>, туурасы 8–11 <i>км</i>. Басымдуу бийикт. 2000– 3500 <i>м</i>. Курортко чейин тепши сымал өрөөн, андан жогору V формасына өтүп, каптал өрөөн-
<b type='title'>ЖЕТИ-ӨГҮЗ ӨРӨӨНҮ</b> Ысык-Көл ойдуңунда, Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында, Жети-Өгүз суусунун алабында жайгашкан. Жети-Өгүз районунун аймагында. Аянты 63,0 <i>км</i><sup>2</sup>, узундугу 28,5 <i>км</i>, туурасы 8–11 <i>км</i>. Басымдуу бийиктиги 2000– 3500 <i>м</i>. Курортко чейин тепши сымал өрөөн, андан жогору V формасына өтүп, каптал өрөөн-
 
 


[[File:ЖЕТИ-ӨГҮЗ ӨРӨӨНҮ18.png | thumb |  
[[File:ЖЕТИ-ӨГҮЗ ӨРӨӨНҮ18.png | thumb |  
Өрөөндөгү «Жарылган-Жүрөк».]] дөр ж-а кокту-колоттор м-н тилмеленген. Өрөөн&shy;дүн этек бөлүгү салааланган кургак сайлуу, дөңсөөлүү адырлардан турат. Жети-Өгүз кыш&shy;нан жогору чыга бергенде, суунун оң тарабында кенен Казанбак түздүгү, ал эми суунун сол та&shy;рабында тик капталдуу Ак-Жар тектирлери (үчөө) жатат. Рельефи жалпысынан тоолуу; терең ж-а кууш каптал өрөөндөрү көп. Капчы&shy;гай оозундагы адырлар улам жогорулаган са&shy;йын анча бийик эмес (1800–2200 <i>м</i>) бөксө тоого, орто бийиктиктеги (2200–2800 <i>м</i>) тоолорго, тик капталдуу (30–50°) бийик (3000 <i>м</i>ден жогору) тоолорго өтөт. Өрөөн кооз ландшафттары ж-а курорт байлыгы м-н өзгөчөлөнөт. Табияты (то&shy;койчулук чарбасынан жогору карай) өтө кооз. Суунун сол тарабынан Бөйрөк деген жерден орун алган <i>Жети-Өгүз курортунун</i> (2200–2400 <i>м</i>) аймагы, анын түн. жагындагы Кызыл-Жар ас&shy;касынын панорамасы өзүнүн табигый кооздугу м-н маалым. Ал эми чыгыш уландысы Кызыл-
Өрөөндөгү «Жарылган-Жүрөк».]] дөр жана кокту-колоттор менен тилмеленген. Өрөөн&shy;дүн этек бөлүгү салааланган кургак сайлуу, дөңсөөлүү адырлардан турат. Жети-Өгүз кыш&shy;тагынан жогору чыга бергенде, суунун оң тарабында кенен Казанбак түздүгү, ал эми суунун сол та&shy;рабында тик капталдуу Ак-Жар тектирлери (үчөө) жатат. Рельефи жалпысынан тоолуу; терең жана кууш каптал өрөөндөрү көп. Капчы&shy;гай оозундагы адырлар улам жогорулаган са&shy;йын анча бийик эмес (1800–2200 <i>м</i>) бөксө тоого, орто бийиктиктеги (2200–2800 <i>м</i>) тоолорго, тик капталдуу (30–50°) бийик (3000 <i>м</i>ден жогору) тоолорго өтөт. Өрөөн кооз ландшафттары жана курорт байлыгы менен өзгөчөлөнөт. Табияты (то&shy;койчулук чарбасынан жогору карай) өтө кооз. Суунун сол тарабынан Бөйрөк деген жерден орун алган <i>Жети-Өгүз курортунун</i> (2200–2400 <i>м</i>) аймагы, анын түндүк жагындагы Кызыл-Жар ас&shy;касынын панорамасы өзүнүн табигый кооздугу менен маалым. Ал эми чыгыш уландысы Кызыл-
Үңкүр деп аталат. Асканын түн. капталы (ор&shy;тосунан жарылган) жүрөк түспөлүндө болгон&shy;дуктан, аны «Жарылган жүрөк» деп аташат. Ушул аска жаракалары экзодинамикалык (атм. жаан-чачын, күндүн радиациясы, үбөлөнүү ж. б.) процесстердин таасиринен пайда болгон. Курорт&shy;тон жогору өрдөй бергенде капчыгай 3–4 <i>км</i> ара&shy;лыкка кууш тартып, андан чыга бергенде ши&shy;берлүү Көк-Жайык түздүгүнө өтөт. Ал – Ж.-Ө.
Үңкүр деп аталат. Асканын түндүк капталы (ор&shy;тосунан жарылган) жүрөк түспөлүндө болгон&shy;дуктан, аны «Жарылган жүрөк» деп аташат. Ушул аска жаракалары экзодинамикалык (атмосфералык жаан-чачын, күндүн радиациясы, үбөлөнүү жана башка) процесстердин таасиринен пайда болгон. Курорт&shy;тон жогору өрдөй бергенде капчыгай 3–4 <i>км</i> ара&shy;лыкка кууш тартып, андан чыга бергенде ши&shy;берлүү Көк-Жайык түздүгүнө өтөт. Ал – Жети-Өгүз өрөөнүнүн кенен жана тегиз, көрктүү жайы. Бул жер&shy;де кыргыздын улуттук оюндары өткөрүлүп кел&shy;ген. Көк-Жайыктан жогору капчыгай кууш тар&shy;тып, каптал өрөөндөр (Ат-Жайлоо, Асан-Тукум, Бай-Төр, Өөн-Төр, Кыргый-Уя, Телети, Аюу-Төр, Чуңкур-Төр, Ашуу-Төр жана башкалар) менен тилмеленген.<br>Өрөөндүн ооз жагы жана Жети-Өгүз курортунун аймагы палеоген-неогендин кум, чопо, конгло&shy;мерат, шагыл таштан, Көк-Жайыктан жогору негизинен палеозойдун акиташ теги, гранит, сланец тектеринен түзүлгөн. Климаты мелүүн континенттик; июль айынын орточо температурасы 14,8°С, январдыкы –8,4°С. Жылдык жаан-ча&shy;чыны 500–600 <i>мм</i>. Өрөөн аркылуу Жети-Өгүз суусу агып өтөт. Анын жайылмаларында ка&shy;йың, тал, терек, чычырканак, ыргай, бөрү ка&shy;рагат, ит мурун, жылгын жана башка жыгач жана ба&shy;дал өсүмдүктөрү жыш өсөт. 1800–2200 <i>м</i> бийик&shy;тикте талаа, 2200–2800 карагайлуу токой, 2800– 3400 <i>м</i>де субальп жана альп шалбаа ландшафт&shy;тары мүнөздүү. Карагайлуу токой негизинен тоонун түндүк капталдарынан орун алып, айрым жеринде чер токойду түзөт. Күнгөй беттеринде жана токой тилкесинен жогору арча өсөт. Деңиз деңгээлинен 3400 <i>м</i>ден жогору жагын кар, мөңгүлүү ас&shy;калар ээлейт. Өрөөндө 1958-жылы Жети-Өгүз корук&shy;часы уюшулган. Курорттун аймагынан мине&shy;ралдуу булактар чыгат (к. <i>Жети-Өгүз мине&shy;ралдуу суусу</i>). Аны Жети-Өгүз курорту пайда&shy;ланат.
ө-нүн кенен ж-а тегиз, көрктүү жайы. Бул жер&shy;де кыргыздын улуттук оюндары өткөрүлүп кел&shy;ген. Көк-Жайыктан жогору капчыгай кууш тар&shy;тып, каптал өрөөндөр (Ат-Жайлоо, Асан-Тукум, Бай-Төр, Өөн-Төр, Кыргый-Уя, Телети, Аюу-Төр,
Чуңкур-Төр, Ашуу-Төр ж. б.) м-н тилмеленген.
<br>Өрөөндүн ооз жагы ж-а Жети-Өгүз курортунун аймагы палеоген-неогендин кум, чопо, конгло&shy;мерат, шагыл таштан, Көк-Жайыктан жогору негизинен палеозойдун акиташ теги, гранит, сланец тектеринен түзүлгөн. Климаты мелүүн континенттик; июль айынын орт. темп-расы 14,8°С, январдыкы –8,4°С. Жылдык жаан-ча&shy;чыны 500–600 <i>мм</i>. Өрөөн аркылуу Жети-Өгүз суусу агып өтөт. Анын жайылмаларында ка&shy;йың, тал, терек, чычырканак, ыргай, бөрү ка&shy;рагат, ит мурун, жылгын ж. б. жыгач ж-а ба&shy;дал өсүмдүктөрү жыш өсөт. 1800–2200 <i>м</i> бийик&shy;тикте талаа, 2200–2800 карагайлуу токой, 2800– 3400 <i>м</i>де субальп ж-а альп шалбаа ландшафт&shy;тары мүнөздүү. Карагайлуу токой негизинен тоонун түн. капталдарынан орун алып, айрым жеринде чер токойду түзөт. Күнгөй беттеринде ж-а токой тилкесинен жогору арча өсөт. Деңиз деңг. 3400 <i>м</i>ден жогору жагын кар, мөңгүлүү ас&shy;калар ээлейт. Өрөөндө 1958-ж. Жети-Өгүз корук&shy;часы уюшулган. Курорттун аймагынан мине&shy;ралдуу булактар чыгат (к. <i>Жети-Өгүз мине&shy;ралдуу суусу</i>). Аны Жети-Өгүз курорту пайда&shy;ланат.
 
 


Ад.: <i>Забиров Р. Д.</i> Иссык-Куль (Физико-географи&shy;ческий очерк). Ф., 1963; Почвы Иссык-Кульской об&shy;ласти и пути их рационального использования. Ф., 1977; Озеро Иссык-Куль. Очерки по физической геог&shy;рафии / Отв. ред. <i>В. Г. Королёв.</i> Ф., 1978; <i>Качаганов Ш.</i> Древние ледниковые комплексы горного обрамления Иссык-Куля // Северный Тянь-Шань в кайнозое. Ф., 1979; <i>Щиитников А. В.</i> Иссык-Куль // Природа, ох&shy;рана и перспективы использования озера. Ф., 1979; Ысык-Көл облусу. Энциклопедия. Б., 1995. [[Категория:3-том, 327-448 бб]]
Ад.: <i>Забиров Р. Д.</i> Иссык-Куль (Физико-географи&shy;ческий очерк). Ф., 1963; Почвы Иссык-Кульской об&shy;ласти и пути их рационального использования. Ф., 1977; Озеро Иссык-Куль. Очерки по физической геог&shy;рафии / Отв. ред. <i>В. Г. Королёв.</i> Ф., 1978; <i>Качаганов Ш.</i> Древние ледниковые комплексы горного обрамления Иссык-Куля // Северный Тянь-Шань в кайнозое. Ф., 1979; <i>Щиитников А. В.</i> Иссык-Куль // Природа, ох&shy;рана и перспективы использования озера. Ф., 1979; Ысык-Көл облусу. Энциклопедия. Б., 1995. [[Категория:3-том, 327-448 бб]]

05:29, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы

ЖЕТИ-ӨГҮЗ ӨРӨӨНҮ Ысык-Көл ойдуңунда, Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында, Жети-Өгүз суусунун алабында жайгашкан. Жети-Өгүз районунун аймагында. Аянты 63,0 км2, узундугу 28,5 км, туурасы 8–11 км. Басымдуу бийиктиги 2000– 3500 м. Курортко чейин тепши сымал өрөөн, андан жогору V формасына өтүп, каптал өрөөн-

Өрөөндөгү «Жарылган-Жүрөк».

дөр жана кокту-колоттор менен тилмеленген. Өрөөн­дүн этек бөлүгү салааланган кургак сайлуу, дөңсөөлүү адырлардан турат. Жети-Өгүз кыш­тагынан жогору чыга бергенде, суунун оң тарабында кенен Казанбак түздүгү, ал эми суунун сол та­рабында тик капталдуу Ак-Жар тектирлери (үчөө) жатат. Рельефи жалпысынан тоолуу; терең жана кууш каптал өрөөндөрү көп. Капчы­гай оозундагы адырлар улам жогорулаган са­йын анча бийик эмес (1800–2200 м) бөксө тоого, орто бийиктиктеги (2200–2800 м) тоолорго, тик капталдуу (30–50°) бийик (3000 мден жогору) тоолорго өтөт. Өрөөн кооз ландшафттары жана курорт байлыгы менен өзгөчөлөнөт. Табияты (то­койчулук чарбасынан жогору карай) өтө кооз. Суунун сол тарабынан Бөйрөк деген жерден орун алган Жети-Өгүз курортунун (2200–2400 м) аймагы, анын түндүк жагындагы Кызыл-Жар ас­касынын панорамасы өзүнүн табигый кооздугу менен маалым. Ал эми чыгыш уландысы Кызыл-

Үңкүр деп аталат. Асканын түндүк капталы (ор­тосунан жарылган) жүрөк түспөлүндө болгон­дуктан, аны «Жарылган жүрөк» деп аташат. Ушул аска жаракалары экзодинамикалык (атмосфералык жаан-чачын, күндүн радиациясы, үбөлөнүү жана башка) процесстердин таасиринен пайда болгон. Курорт­тон жогору өрдөй бергенде капчыгай 3–4 км ара­лыкка кууш тартып, андан чыга бергенде ши­берлүү Көк-Жайык түздүгүнө өтөт. Ал – Жети-Өгүз өрөөнүнүн кенен жана тегиз, көрктүү жайы. Бул жер­де кыргыздын улуттук оюндары өткөрүлүп кел­ген. Көк-Жайыктан жогору капчыгай кууш тар­тып, каптал өрөөндөр (Ат-Жайлоо, Асан-Тукум, Бай-Төр, Өөн-Төр, Кыргый-Уя, Телети, Аюу-Төр, Чуңкур-Төр, Ашуу-Төр жана башкалар) менен тилмеленген.
Өрөөндүн ооз жагы жана Жети-Өгүз курортунун аймагы палеоген-неогендин кум, чопо, конгло­мерат, шагыл таштан, Көк-Жайыктан жогору негизинен палеозойдун акиташ теги, гранит, сланец тектеринен түзүлгөн. Климаты мелүүн континенттик; июль айынын орточо температурасы 14,8°С, январдыкы –8,4°С. Жылдык жаан-ча­чыны 500–600 мм. Өрөөн аркылуу Жети-Өгүз суусу агып өтөт. Анын жайылмаларында ка­йың, тал, терек, чычырканак, ыргай, бөрү ка­рагат, ит мурун, жылгын жана башка жыгач жана ба­дал өсүмдүктөрү жыш өсөт. 1800–2200 м бийик­тикте талаа, 2200–2800 карагайлуу токой, 2800– 3400 мде субальп жана альп шалбаа ландшафт­тары мүнөздүү. Карагайлуу токой негизинен тоонун түндүк капталдарынан орун алып, айрым жеринде чер токойду түзөт. Күнгөй беттеринде жана токой тилкесинен жогору арча өсөт. Деңиз деңгээлинен 3400 мден жогору жагын кар, мөңгүлүү ас­калар ээлейт. Өрөөндө 1958-жылы Жети-Өгүз корук­часы уюшулган. Курорттун аймагынан мине­ралдуу булактар чыгат (к. Жети-Өгүз мине­ралдуу суусу). Аны Жети-Өгүз курорту пайда­ланат.

Ад.: Забиров Р. Д. Иссык-Куль (Физико-географи­ческий очерк). Ф., 1963; Почвы Иссык-Кульской об­ласти и пути их рационального использования. Ф., 1977; Озеро Иссык-Куль. Очерки по физической геог­рафии / Отв. ред. В. Г. Королёв. Ф., 1978; Качаганов Ш. Древние ледниковые комплексы горного обрамления Иссык-Куля // Северный Тянь-Шань в кайнозое. Ф., 1979; Щиитников А. В. Иссык-Куль // Природа, ох­рана и перспективы использования озера. Ф., 1979; Ысык-Көл облусу. Энциклопедия. Б., 1995.