ЖЕТИ-ӨГҮЗ ӨРӨӨНҮ
ЖЕТИ-ӨГҮЗ ӨРӨӨНҮ Ысык-Көл ойдуңунда, Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында, Жети-Өгүз суусунун алабында жайгашкан. Жети-Өгүз районунун аймагында. Аянты 63,0 км2, узундугу 28,5 км, туурасы 8–11 км. Басымдуу бийиктиги 2000– 3500 м. Курортко чейин тепши сымал өрөөн, андан жогору V формасына өтүп, каптал өрөөн-

дөр жана кокту-колоттор менен тилмеленген. Өрөөндүн этек бөлүгү салааланган кургак сайлуу, дөңсөөлүү адырлардан турат. Жети-Өгүз кыштагынан жогору чыга бергенде, суунун оң тарабында кенен Казанбак түздүгү, ал эми суунун сол тарабында тик капталдуу Ак-Жар тектирлери (үчөө) жатат. Рельефи жалпысынан тоолуу; терең жана кууш каптал өрөөндөрү көп. Капчыгай оозундагы адырлар улам жогорулаган сайын анча бийик эмес (1800–2200 м) бөксө тоого, орто бийиктиктеги (2200–2800 м) тоолорго, тик капталдуу (30–50°) бийик (3000 мден жогору) тоолорго өтөт. Өрөөн кооз ландшафттары жана курорт байлыгы менен өзгөчөлөнөт. Табияты (токойчулук чарбасынан жогору карай) өтө кооз. Суунун сол тарабынан Бөйрөк деген жерден орун алган Жети-Өгүз курортунун (2200–2400 м) аймагы, анын түндүк жагындагы Кызыл-Жар аскасынын панорамасы өзүнүн табигый кооздугу менен маалым. Ал эми чыгыш уландысы Кызыл-
Үңкүр деп аталат. Асканын түндүк капталы (ортосунан жарылган) жүрөк түспөлүндө болгондуктан, аны «Жарылган жүрөк» деп аташат. Ушул аска жаракалары экзодинамикалык (атмосфералык жаан-чачын, күндүн радиациясы, үбөлөнүү жана башка) процесстердин таасиринен пайда болгон. Курорттон жогору өрдөй бергенде капчыгай 3–4 км аралыкка кууш тартып, андан чыга бергенде шиберлүү Көк-Жайык түздүгүнө өтөт. Ал – Жети-Өгүз өрөөнүнүн кенен жана тегиз, көрктүү жайы. Бул жерде кыргыздын улуттук оюндары өткөрүлүп келген. Көк-Жайыктан жогору капчыгай кууш тартып, каптал өрөөндөр (Ат-Жайлоо, Асан-Тукум, Бай-Төр, Өөн-Төр, Кыргый-Уя, Телети, Аюу-Төр, Чуңкур-Төр, Ашуу-Төр жана башкалар) менен тилмеленген.
Өрөөндүн ооз жагы жана Жети-Өгүз курортунун аймагы палеоген-неогендин кум, чопо, конгломерат, шагыл таштан, Көк-Жайыктан жогору негизинен палеозойдун акиташ теги, гранит, сланец тектеринен түзүлгөн. Климаты мелүүн континенттик; июль айынын орточо температурасы 14,8°С, январдыкы –8,4°С. Жылдык жаан-чачыны 500–600 мм. Өрөөн аркылуу Жети-Өгүз суусу агып өтөт. Анын жайылмаларында кайың, тал, терек, чычырканак, ыргай, бөрү карагат, ит мурун, жылгын жана башка жыгач жана бадал өсүмдүктөрү жыш өсөт. 1800–2200 м бийиктикте талаа, 2200–2800 карагайлуу токой, 2800– 3400 мде субальп жана альп шалбаа ландшафттары мүнөздүү. Карагайлуу токой негизинен тоонун түндүк капталдарынан орун алып, айрым жеринде чер токойду түзөт. Күнгөй беттеринде жана токой тилкесинен жогору арча өсөт. Деңиз деңгээлинен 3400 мден жогору жагын кар, мөңгүлүү аскалар ээлейт. Өрөөндө 1958-жылы Жети-Өгүз корукчасы уюшулган. Курорттун аймагынан минералдуу булактар чыгат (к. Жети-Өгүз минералдуу суусу). Аны Жети-Өгүз курорту пайдаланат.
Ад.: Забиров Р. Д. Иссык-Куль (Физико-географический очерк). Ф., 1963; Почвы Иссык-Кульской области и пути их рационального использования. Ф., 1977; Озеро Иссык-Куль. Очерки по физической географии / Отв. ред. В. Г. Королёв. Ф., 1978; Качаганов Ш. Древние ледниковые комплексы горного обрамления Иссык-Куля // Северный Тянь-Шань в кайнозое. Ф., 1979; Щиитников А. В. Иссык-Куль // Природа, охрана и перспективы использования озера. Ф., 1979; Ысык-Көл облусу. Энциклопедия. Б., 1995.