«КЫРГЫЗ ЖАНА КЫРГЫЗСТАН ТАРЫХЫ БОЮНЧА ТАНДАЛМА ЭМГЕКТЕР»: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>«КЫРГЫЗ ЖАНА КЫРГЫЗСТАН ТАРЫХЫ БОЮНЧА ТАНДАЛМА ЭМГЕКТЕР»</b> – белгилүү | <b type='title'>«КЫРГЫЗ ЖАНА КЫРГЫЗСТАН ТАРЫХЫ БОЮНЧА ТАНДАЛМА ЭМГЕКТЕР»</b> – белгилүү этнолог, түрколог С. М. [[Абрамзон]]дун эмгеги; автордун 1970-жылга чейин жарык көргөн эмгекте­ринин жыйындысы. Китеп [[кыргыз тили]]не которулуп (которгондор – С. Мамбеталиев, Д. Сулайманкулов, С. Макенов), «[[Кыргыз Республикасы]]нда гуманитардык билим берүүнү өзгөртүү» программасынын талаптарына ылайык КРдин Билим берүү, илим жана маданият министрлиги менен бирдикте «[[Кыргызстан – Сорос]]» фонду тарабынан 1999-жылы чыккан. Эмгекте [[Ыргыз эли|кыргыз эли]]нин [[этнос]]тук тарыхынын, турмуш-тиричилигинин жана маданиятынын ар түрдүү жагдайларына таандык [[этнография]]лык, тарыхый маалыматтарды талдоонун жана корутундулоонун негизинде кыргыздар­дын этностук жана маданий турпатынын кандай жол менен калыптанганы баяндалып, алардын [[Орто Азия]], [[Түштүк Сибирь]] жана [[Борбордук Азия]] элдери менен болгон этногенездик, тарыхый-маданий бай­ланыштары изилденген. Эмгек 2 бөлүктөн туруп, биринчи бөлүгүндө негизинен кыргыздар жөнүндө тарыхый маалыматтар, алардын этногенетикалык жана тарыхый-маданий байланыштары, кыргыз элинин этностук тары­хынын маселелери, негизги кесиптери, мате­риалдык маданияты жана искусствосу, коомдук жана үй-­бүлөлүк турмушу, оозеки поэтикалык чыгармачылыгы изилденген; экинчи бөлүгү кыргыздардын каа­да-салты, этнографиялык маалыматтардагы этногенез маселелери, этностук курамы, этностук тары­хын үйрөнүүдө элдик уламыштардын мааниси тууралуу изилдөөлөргө арналган. Эмгек кыргыз элинин 20-кылымдын ортосуна чейинки каада-салт, үрп-адат, маданиятын окуп-үйрөнүүдө баалуу эмгектердин бири болуп саналат. | ||
этнолог, түрколог С. М. | |||
Эмгек 2 бөлүктөн | |||
[[Категория:4-том, 657-736 бб]] | [[Категория:4-том, 657-736 бб]] | ||
03:07, 10 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
«КЫРГЫЗ ЖАНА КЫРГЫЗСТАН ТАРЫХЫ БОЮНЧА ТАНДАЛМА ЭМГЕКТЕР» – белгилүү этнолог, түрколог С. М. Абрамзондун эмгеги; автордун 1970-жылга чейин жарык көргөн эмгектеринин жыйындысы. Китеп кыргыз тилине которулуп (которгондор – С. Мамбеталиев, Д. Сулайманкулов, С. Макенов), «Кыргыз Республикасында гуманитардык билим берүүнү өзгөртүү» программасынын талаптарына ылайык КРдин Билим берүү, илим жана маданият министрлиги менен бирдикте «Кыргызстан – Сорос» фонду тарабынан 1999-жылы чыккан. Эмгекте кыргыз элинин этностук тарыхынын, турмуш-тиричилигинин жана маданиятынын ар түрдүү жагдайларына таандык этнографиялык, тарыхый маалыматтарды талдоонун жана корутундулоонун негизинде кыргыздардын этностук жана маданий турпатынын кандай жол менен калыптанганы баяндалып, алардын Орто Азия, Түштүк Сибирь жана Борбордук Азия элдери менен болгон этногенездик, тарыхый-маданий байланыштары изилденген. Эмгек 2 бөлүктөн туруп, биринчи бөлүгүндө негизинен кыргыздар жөнүндө тарыхый маалыматтар, алардын этногенетикалык жана тарыхый-маданий байланыштары, кыргыз элинин этностук тарыхынын маселелери, негизги кесиптери, материалдык маданияты жана искусствосу, коомдук жана үй-бүлөлүк турмушу, оозеки поэтикалык чыгармачылыгы изилденген; экинчи бөлүгү кыргыздардын каада-салты, этнографиялык маалыматтардагы этногенез маселелери, этностук курамы, этностук тарыхын үйрөнүүдө элдик уламыштардын мааниси тууралуу изилдөөлөргө арналган. Эмгек кыргыз элинин 20-кылымдын ортосуна чейинки каада-салт, үрп-адат, маданиятын окуп-үйрөнүүдө баалуу эмгектердин бири болуп саналат.