КУНАСТАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КУНАСТАР</b> (Ciconndae) – куштардын кунас сымалдар түркүмүндөгү тукуму. Дене | <b type='title'>КУНАСТАР</b> (Ciconndae) – куштардын кунас сымалдар түркүмүндөгү тукуму. Дене узундугу 76–152 <i>см</i>, салмагы 4 <i>кг</i>га жетет. Тумшугу узун же ийилген. Канаты узун, жазы, үн чыгаруучу бул­чуңдары жок болгондуктан, айрым түрү үн чыгаралбайт. 11 уруусу, 17 түрү тропик, субтропик | ||
[[File:КУНАСТАР35.png | thumb | Кунастар: 1 – ак кунас; 2 – кара кунас. | [[File:КУНАСТАР35.png | thumb | Кунастар: 1 – ак кунас; 2 – кара кунас. | ||
]]жана мелүүн алкактарда таралган. КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү (кара, ак жана кара тумшук | ]]жана мелүүн алкактарда таралган. КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү (кара, ак жана кара тумшук кунастар) бар. Ак кунастардын салмагы 4 <i>кг</i>га жетет. Буту, тумшугу узун, жүнү ак, чалгындары кара. Алар Европа, Япония, Борбордук Азия ж. б. кездешет. Туруктуу түгөй күтөт. Ачык жерде, дарак, аска, жар, үй чатырларына диаметри 1–2 <i>м</i> уя салып, 3–5 жумуртка тууп, 1 айга экөөлөп басат. Алар уялагандан кийин көбүнчө топко чогулат. Бака, кескелдирик, чычкан, курт-кумурскалар ж. б. менен азыктанат. Келгин куш. Борбордук жана Түштүк Аф­рика, Түштүк-Батыш Азия жана Батыш Кытайда кыштайт. Нымдуу шалбаада, сазда азыгын из­дейт. Азайып кеткендиктен, коргоого алынган. | ||
[[Категория:4-том, 597-656 бб]] | [[Категория:4-том, 597-656 бб]] | ||
09:39, 9 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
КУНАСТАР (Ciconndae) – куштардын кунас сымалдар түркүмүндөгү тукуму. Дене узундугу 76–152 см, салмагы 4 кгга жетет. Тумшугу узун же ийилген. Канаты узун, жазы, үн чыгаруучу булчуңдары жок болгондуктан, айрым түрү үн чыгаралбайт. 11 уруусу, 17 түрү тропик, субтропик

жана мелүүн алкактарда таралган. КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү (кара, ак жана кара тумшук кунастар) бар. Ак кунастардын салмагы 4 кгга жетет. Буту, тумшугу узун, жүнү ак, чалгындары кара. Алар Европа, Япония, Борбордук Азия ж. б. кездешет. Туруктуу түгөй күтөт. Ачык жерде, дарак, аска, жар, үй чатырларына диаметри 1–2 м уя салып, 3–5 жумуртка тууп, 1 айга экөөлөп басат. Алар уялагандан кийин көбүнчө топко чогулат. Бака, кескелдирик, чычкан, курт-кумурскалар ж. б. менен азыктанат. Келгин куш. Борбордук жана Түштүк Африка, Түштүк-Батыш Азия жана Батыш Кытайда кыштайт. Нымдуу шалбаада, сазда азыгын издейт. Азайып кеткендиктен, коргоого алынган.