КУЛОН Шарль Агюстен: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (Dilde moved page КУЛОН to КУЛОН Шарль Агюстен) |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КУЛО́Н</b> Шарль Огюстен (14. 6. 1736, Ангулем – 23.8.1806, Париж) – француз физиги, Париж ИАнын мүчөсү (1781). Орто мектепти бүткөндөн кийин | <b type='title'>КУЛО́Н</b> Шарль Огюстен (14. 6. 1736, Ангулем – 23.8.1806, Париж) – француз физиги, Париж ИАнын мүчөсү (1781). Орто мектепти бүткөндөн кийин инженердик аскерде иштеген. 1772-жылдан техникалык механика (курулмалар статикасы, жел тегирмен теориясы ж. б.) боюнча илимий изилдөө иштерин жүргүзгөн. Кылдын, жибек жиптердин жана ичке металл зымдарынын толгонуусун изилдеген жана толгонуу теориясын түзгөн; толгонмо таразаны ойлоп чыгарып, аны электр жана магниттин өз ара аракеттениш күчтөрүн өлчөө үчүн колдонгон. 1785–89-ж. жети мемуары жарыяланган, мында электр заряддарынын жана магнит уюлдарынын өз ара аракеттенүү закону (Кулон закону) берилген. Кулондун эксперимент эмгектери электр-магнит кубулуштар теориясын түзүүдө мааниси зор. Электр санынын бирдиги (кулон) Кулондун ысмынан аталган. Кургак сүрүлүү законун ачкан. | ||
[[Категория:4-том, 597-656 бб]] | [[Категория:4-том, 597-656 бб]] | ||
08:40, 9 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
КУЛО́Н Шарль Огюстен (14. 6. 1736, Ангулем – 23.8.1806, Париж) – француз физиги, Париж ИАнын мүчөсү (1781). Орто мектепти бүткөндөн кийин инженердик аскерде иштеген. 1772-жылдан техникалык механика (курулмалар статикасы, жел тегирмен теориясы ж. б.) боюнча илимий изилдөө иштерин жүргүзгөн. Кылдын, жибек жиптердин жана ичке металл зымдарынын толгонуусун изилдеген жана толгонуу теориясын түзгөн; толгонмо таразаны ойлоп чыгарып, аны электр жана магниттин өз ара аракеттениш күчтөрүн өлчөө үчүн колдонгон. 1785–89-ж. жети мемуары жарыяланган, мында электр заряддарынын жана магнит уюлдарынын өз ара аракеттенүү закону (Кулон закону) берилген. Кулондун эксперимент эмгектери электр-магнит кубулуштар теориясын түзүүдө мааниси зор. Электр санынын бирдиги (кулон) Кулондун ысмынан аталган. Кургак сүрүлүү законун ачкан.