КРИКУН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КРИКУ́Н</b> Василий Гаврилович | <b type='title'>КРИКУ́Н</b> Василий Гаврилович [24. 12 (башка маалыматтарда 02). 1918, 24. [[РСФСР]], [[Түркстан АССРи]], [[Фергана]] (азыркы [[Жалал-Абад]]) облусу, Наманган уезди (азыркы [[Сузак району]]), [[Октябрь кыштагы]] – 10. 03. 2007, [[Россия Федерациясы]], Новосибирск шаары)] – Советтер Союзунун Баатыры (1943), улук лейтенант. Толук эмес орто мектептен беш жылдык билим алгандан кийин «Заря» колхозунда эмгектенген. 1942-жылы өз ыктыяры менен [[Кызыл Армия]]нын катарына кабыл алынган жана ошол эле жылы [[Улуу Ата Мекендик согуш]]ка кирип, 4-Украина фронтунда кызмат өтөгөн. | ||
Баатыры (1943), улук лейтенант. | |||
[[File:КРИКУН18.png | thumb | none]] | [[File:КРИКУН18.png | thumb | none]] | ||
362-аткычтар полкунун отряд командири сержант В. Г. Крикун Мелитополду ([[Украина ССРи]]) бошотууда (1943-жылын 12–23-октябрь) душмандын ондон ашык жоокерин жок кылып, рация жана документтери менен экөөнү туткунга алууга жетишкен. Бул эрдиги үчүн [[СССР Жогорку Совети]]нин Президиумунун 01. 11. 1943-жылдагы жарлыгына ылайык ага Советтер Союзунун Баатыры (№ 1300) наамы ыйгарылган. Согуш мезгилинде сержант В. Г. Крикун 250дөн ашык фашистти жок кылып, жети танк ж. б. жабдыктарын жардырган. 1946-жылы демобилизацияланып, Ош облусунун [[Таш-Көмүр шаары]]нда иштеп, кийин Новосибирск (Россия) шаарына көчүп кеткен. Сөөгү Новосибирскдеги Клещихинское көрүстөнүнө коюлган. Ленин, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери ж.б. медалдар менен сыйланган. | |||
Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.1942-жылдан Сов.<br> | |||
[[Категория:4-том, 547-596 бб]] | [[Категория:4-том, 547-596 бб]] | ||
04:08, 5 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
КРИКУ́Н Василий Гаврилович [24. 12 (башка маалыматтарда 02). 1918, 24. РСФСР, Түркстан АССРи, Фергана (азыркы Жалал-Абад) облусу, Наманган уезди (азыркы Сузак району), Октябрь кыштагы – 10. 03. 2007, Россия Федерациясы, Новосибирск шаары)] – Советтер Союзунун Баатыры (1943), улук лейтенант. Толук эмес орто мектептен беш жылдык билим алгандан кийин «Заря» колхозунда эмгектенген. 1942-жылы өз ыктыяры менен Кызыл Армиянын катарына кабыл алынган жана ошол эле жылы Улуу Ата Мекендик согушка кирип, 4-Украина фронтунда кызмат өтөгөн.

362-аткычтар полкунун отряд командири сержант В. Г. Крикун Мелитополду (Украина ССРи) бошотууда (1943-жылын 12–23-октябрь) душмандын ондон ашык жоокерин жок кылып, рация жана документтери менен экөөнү туткунга алууга жетишкен. Бул эрдиги үчүн СССР Жогорку Советинин Президиумунун 01. 11. 1943-жылдагы жарлыгына ылайык ага Советтер Союзунун Баатыры (№ 1300) наамы ыйгарылган. Согуш мезгилинде сержант В. Г. Крикун 250дөн ашык фашистти жок кылып, жети танк ж. б. жабдыктарын жардырган. 1946-жылы демобилизацияланып, Ош облусунун Таш-Көмүр шаарында иштеп, кийин Новосибирск (Россия) шаарына көчүп кеткен. Сөөгү Новосибирскдеги Клещихинское көрүстөнүнө коюлган. Ленин, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери ж.б. медалдар менен сыйланган.
Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.1942-жылдан Сов.