КӨЛӨП (КУЛЯБ) ВИЛАЙЕТИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КӨЛӨП (КУЛЯБ) ВИЛАЙЕТИ</b> - Аму- | <b type='title'>КӨЛӨП (КУЛЯБ) ВИЛАЙЕТИ</b> - [[Аму-Дарыя]]нын жогорку агымындагы Ысар (Гиссар)-[[Алай]] кыр­ка тоо этектерин камтыган аймак. 16-кылымда [[Кыргыздар|кыр­гыздар]] Алай жана Каратегинди ээлеп, 17-кылымдын 1-жарымында калмактардын кысымына байла­ныштуу (кара: [[Кыргыз-калмак согуштары]], [[Махмуд ибн-Вали]]<i>)</i> батышка Ысар-Көлөптү карай жы­лып, Көлөп (Куляб) вилайети менен чектешип калган. Натый­жада кыргыздар мененн коңшулаш Көлөп (Куляб) вилайети жана Бухара хандыгынын ортосунда чек ара боюнча ай­рым келишпес мамилелер жаралган. 17-кылымдын 20-жылдарынын аягында Балхтын бийлөөчусу Аштарханид Надир-Мухаммед Абд ар-Рахман аталык кыргыздарга кол салып, Алайга чейин жеткен. 17-кылымдын аягында да калмак кысымы­нан улам кыргыздардын басымдуу бөлүгү Ку­ляб аймагына көчүп кетишкен. Бул тууралуу калк арасында «Казак кайың саап, кыргыз Ысар-Көлөпкө кирди» деген сөз калган. 18-кылымда Бухара хандыгын караган бир вилайети да Көлөп (Куляб) вилайети деп аталган. | ||
жогорку агымындагы Ысар (Гиссар)-Алай кыр­ка тоо этектерин камтыган аймак. 16- | |||
1-жарымында калмактардын кысымына байла­ныштуу ( | |||
ибн-Вали)</i> батышка Ысар-Көлөптү карай жы­лып, | |||
Бухара хандыгынын ортосунда чек ара | |||
20-жылдарынын аягында Балхтын бийлөөчусу | |||
Аштарханид Надир-Мухаммед Абд ар-Рахман | |||
аталык кыргыздарга кол салып, Алайга чейин | |||
жеткен. 17- | |||
калк арасында «Казак кайың саап, кыргыз | |||
Ысар-Көлөпкө кирди» деген сөз калган. 18- | |||
Бухара хандыгын караган бир вилайети да | |||
<p align='right'><i type='author'>Т.Асанов.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Т.Асанов.</i></p> | ||
[[Категория:4-том, 497-546 бб]] | [[Категория:4-том, 497-546 бб]] | ||
10:53, 4 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
КӨЛӨП (КУЛЯБ) ВИЛАЙЕТИ - Аму-Дарыянын жогорку агымындагы Ысар (Гиссар)-Алай кырка тоо этектерин камтыган аймак. 16-кылымда кыргыздар Алай жана Каратегинди ээлеп, 17-кылымдын 1-жарымында калмактардын кысымына байланыштуу (кара: Кыргыз-калмак согуштары, Махмуд ибн-Вали) батышка Ысар-Көлөптү карай жылып, Көлөп (Куляб) вилайети менен чектешип калган. Натыйжада кыргыздар мененн коңшулаш Көлөп (Куляб) вилайети жана Бухара хандыгынын ортосунда чек ара боюнча айрым келишпес мамилелер жаралган. 17-кылымдын 20-жылдарынын аягында Балхтын бийлөөчусу Аштарханид Надир-Мухаммед Абд ар-Рахман аталык кыргыздарга кол салып, Алайга чейин жеткен. 17-кылымдын аягында да калмак кысымынан улам кыргыздардын басымдуу бөлүгү Куляб аймагына көчүп кетишкен. Бул тууралуу калк арасында «Казак кайың саап, кыргыз Ысар-Көлөпкө кирди» деген сөз калган. 18-кылымда Бухара хандыгын караган бир вилайети да Көлөп (Куляб) вилайети деп аталган.
Т.Асанов.