КОШИ Огистен Луи: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Dilde moved page КОШИ to КОШИ Огистен Луи) |
(Айырма жок)
| |
08:32, 30 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КОШИ́ Огюстен Луи (21. 8. 1789, Париж – 23. 5.1857, Со) – франциялык математик, Париж ИАнын мүчөсү (1816). Париж политехникалык (1807) ж-а көпүрө жол мектебин (1810) бүтүргөн. 1810–13-ж. Шербурда инженер, 1816–30-ж. Политехехникалык мектепте, де Франс коллежинде, 1848-ж. Париж университептинде сабак берген. Кошинин эмгектери математиканын ж-а математикалык физиканын түрдүү тармактарына тиешелүү. Ал комплекстик өзгөрмөлүү анализдик функциянын интеграл түрүндө туюнтулушун, функциянын катарга ажыроосун, вычеттер теориясынын системаларын өнүктүргөн. Дифференциалдык теңдемелер, серпилгичтик теориясы боюнча да изилдөө жүргүзгөн. Оптика боюнча Френель теориясы ж-а дисперсия теориясынын математикалык чыгарылышын тапкан. Ошондой эле, Кошиге геометрия, сандар теориясы, алгебра ж. б. илимдер б-ча изилдөөлөр таандык.