КРЫЛЕНКО МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КРЫЛЕ́НКО МӨҢГҮСҮ – Борб. Теңир-Тоодо жайгашкан өрөөн тибиндеги ири мөңгү. Сары-Жаздын алабында, Боз-Кыр жана Постышев кырка тоолорунун кошулган жеринен башталып, Көйкап өрөөнүнүн таманына бир аз жетпей бүтөт. Уз. 6,1 км, аянты 2,4 км2. Башы деңиз деңг. 5420 м, этеги 3460 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4100 м. Мурда (болжол менен 1850– 60-ж.) ал Көйкап мөңгүсүнүн бир чоң салаасы болгон. Кийин чегинүүдөн андан ажырап, өзүнчө мөңгү болуп калган. Мөңгүдөн Көйкаптын сол курамы башталат. Мөңгү альпинист жана мамл. ишмер Н. В. Крыленконун урматына аталган.