КРЫЛЕНКО МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРЫЛЕ́НКО МӨҢГҮСҮ – Борб. Теңир-Тоодо жай­гашкан өрөөн тибиндеги ири мөңгү. Сары-Жаз­дын алабында, Боз-Кыр жана Постышев кырка тоолорунун кошулган жеринен башталып, Көйкап өрөөнүнүн таманына бир аз жетпей бү­төт. Уз. 6,1 км, аянты 2,4 км2. Башы деңиз деңг. 5420 м, этеги 3460 м бийикте жатат. Кар чеги­нин бийикт. 4100 м. Мурда (болжол менен 1850– 60-ж.) ал Көйкап мөңгүсүнүн бир чоң салаасы болгон. Кийин чегинүүдөн андан ажырап, өзүнчө мөңгү болуп калган. Мөңгүдөн Көйкаптын сол курамы башталат. Мөңгү альпинист жана мамл. ишмер Н. В. Крыленконун урматына аталган.