ИСАКЕЕВ Баялы: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИСАКЕЕВ</b> '''Баялы Дыйканбаевич''' | <b type='title'>ИСАКЕЕВ</b> '''Баялы Дыйканбаевич''' [1897, [[Россия империясы]], [[Түркстан генерал-губернаторлугу]], [[Жети-Суу]] (азыркы [[Нарын]]) обулусу, [[Пишпек уезди]] (азыркы [[Кочкор району]]), Үкөк өрөөнү – 08. 11. 1937, [[СССР]], [[Кыргыз ССРи]], [[Фрунзе шаары]])] – партиялык жана мамлекеттик ишмер; [[Кыргызстан]]­дын алгачкы [[Конституция]]сынын авторлору | ||
[[File:ИСАКЕЕВ 147.png | thumb | none]] | [[File:ИСАКЕЕВ 147.png | thumb | none]]жана улуттук мамлекет­ти негиздөөчү, ошондой эле «Ма­нас» эпосун орус тилине ко­торуунун алгачкы демил­гечилеринин бири. [[Нарын]] шаарындагы орус-жергиликтүү мектеп-­интернатын (1916), [[Ташкент|Ташкент­]]теги [[Орто Азия]] коммунист­тик университетин (1923), Москва­дагы ВКП(б) БКнын ал­дындагы партиялык мектепти (1926) бүтүргөн. 1917–1920-жылдарда Кум-Бел-Арал жана [[Орто-Токой]] менчик почта [[бекет]]теринде күзөтчү, киречи, бекет башчысы, 1920–1921-жылдарда Үчүкө (Кочкор) болуштугунун атка­руу комитетинин, 1921–23-жылдарда Нарын уезддик партия комитетинин, 1924–1925-жылдарда [[Түркстан АССР]] КП(б) Леп­си жана [[Каракол]] уезддик шааркомунун, 1926– 1927-жылдарда [[Кыргыз АССР]] КП(б) Каракол округдук комитетинин бөлүм башчысы, 1927–1928-жылдарда «[[Кызыл Кыргызстан|Кызыл Кыр­гызстан]]» гезитинин жооптуу редактору, 1928– 1929-жылдарда ВКП(б) Кыргыз обкомунун бөлүм башчы­сы, 1929–1930-жылдарда Кыргыз АССР жер иштер комис­сары, 1930–1933-жылдарда ВКП(б) Кыргыз өкмөтүнүн баш­чысы, 1933–1937-жылдарда Кыргыз ССР (адегенде АССР) ЭКСтин төрагасы. Кыргыз АССР БАКка (1928– 1937), [[СССР улуттар совети]]не (1931–35), [[СССР БАК]]ка жана анын Президиумуна (1935–37) мүчө. ВКП(б) БКнын 17-съездинин жана СССР Совети­нин атайын чакырылган 6-, 7-, 8-съезддеринин делегаты. 1937-жылдарда улутчул-контрреволюциячыл топ­тун катышуучусу деген жалаа менен камалган жана атуу жазасына тартылып, 1957-жылы акталган. Бишкек шаарында эстелиги орнотулуп, ысмы борбордун бир көчөсүнө жана Кочкор районунун бир айылына ыйгарылган. | ||
<p align='right'><i type='author'>А. Түркмөнов.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>А. Түркмөнов.</i></p> | ||
[[Категория:3-том, 607-672 бб]] | [[Категория:3-том, 607-672 бб]] | ||
01:59, 27 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
ИСАКЕЕВ Баялы Дыйканбаевич [1897, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жети-Суу (азыркы Нарын) обулусу, Пишпек уезди (азыркы Кочкор району), Үкөк өрөөнү – 08. 11. 1937, СССР, Кыргыз ССРи, Фрунзе шаары)] – партиялык жана мамлекеттик ишмер; Кыргызстандын алгачкы Конституциясынын авторлору

жана улуттук мамлекетти негиздөөчү, ошондой эле «Манас» эпосун орус тилине которуунун алгачкы демилгечилеринин бири. Нарын шаарындагы орус-жергиликтүү мектеп-интернатын (1916), Ташкенттеги Орто Азия коммунисттик университетин (1923), Москвадагы ВКП(б) БКнын алдындагы партиялык мектепти (1926) бүтүргөн. 1917–1920-жылдарда Кум-Бел-Арал жана Орто-Токой менчик почта бекеттеринде күзөтчү, киречи, бекет башчысы, 1920–1921-жылдарда Үчүкө (Кочкор) болуштугунун аткаруу комитетинин, 1921–23-жылдарда Нарын уезддик партия комитетинин, 1924–1925-жылдарда Түркстан АССР КП(б) Лепси жана Каракол уезддик шааркомунун, 1926– 1927-жылдарда Кыргыз АССР КП(б) Каракол округдук комитетинин бөлүм башчысы, 1927–1928-жылдарда «Кызыл Кыргызстан» гезитинин жооптуу редактору, 1928– 1929-жылдарда ВКП(б) Кыргыз обкомунун бөлүм башчысы, 1929–1930-жылдарда Кыргыз АССР жер иштер комиссары, 1930–1933-жылдарда ВКП(б) Кыргыз өкмөтүнүн башчысы, 1933–1937-жылдарда Кыргыз ССР (адегенде АССР) ЭКСтин төрагасы. Кыргыз АССР БАКка (1928– 1937), СССР улуттар советине (1931–35), СССР БАКка жана анын Президиумуна (1935–37) мүчө. ВКП(б) БКнын 17-съездинин жана СССР Советинин атайын чакырылган 6-, 7-, 8-съезддеринин делегаты. 1937-жылдарда улутчул-контрреволюциячыл топтун катышуучусу деген жалаа менен камалган жана атуу жазасына тартылып, 1957-жылы акталган. Бишкек шаарында эстелиги орнотулуп, ысмы борбордун бир көчөсүнө жана Кочкор районунун бир айылына ыйгарылган.
А. Түркмөнов.