ЖООН-АРЫК: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖООН-АРЫК</b> – Кочкор | <b type='title'>ЖООН-АРЫК</b> – [[Кочкор району]]ндагы чоң суу. [[Тескей Ала-Тоо|Тес­кей Ала-Тоо]]нун түштүк капталынан башталган [[Кара-Кужур]] жана [[Төлөк]] сууларынын кошулушу­нан пайда болот. Узундугу 34,8 <i>км</i>, алабынын аянты 1340 <i>км</i><sup>2</sup>. [[Кочкор]] [[суусу]] менен кошулуп, [[Чүй]] дарыясын түзөт. Ири куймалары: Кара-Кокту, Чалай, Кара-Кужур, Төлөк. Мындан башка 60тан ашык майда куймасы бар. Алабында жалпы аянты 0,15 <i>км</i><sup>2 </sup>келген 2 көл жатат. Жылдык орточо чы­гымы 11,4 <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек</i>; байкалган эң көп чыгымы 131 <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек</i>, эң азы – 1,97 <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек</i>. Апрелде ки­рип, августтун аягында тартылат. Сугатка пай­даланылат, андан ондон ашык сугат каналда­ры башталат. Жээгинде [[Сары-Булак]], [[Көк-Жар]] кыштактары жайгашкан. Айрым учурларда Жоон-Арыктын Кочкор суусуна куйган жерлер да ушундай тарыхый топоним менен аталат (кара: [[Жоон-Арык капчыгайы]]). 1926-жылдагы [[Кыргызстан]]ды райондоштуруу боюнча Кыргыз БАКнын чечимине ылайык өзүнчө Жоон-Арык болуштугу түзүлүп, 1929-жылга чейин ушул аталышты алып жүргөн. | ||
[[Категория:3-том, 327-448 бб]] | |||
01:50, 22 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
ЖООН-АРЫК – Кочкор районундагы чоң суу. Тескей Ала-Тоонун түштүк капталынан башталган Кара-Кужур жана Төлөк сууларынын кошулушунан пайда болот. Узундугу 34,8 км, алабынын аянты 1340 км2. Кочкор суусу менен кошулуп, Чүй дарыясын түзөт. Ири куймалары: Кара-Кокту, Чалай, Кара-Кужур, Төлөк. Мындан башка 60тан ашык майда куймасы бар. Алабында жалпы аянты 0,15 км2 келген 2 көл жатат. Жылдык орточо чыгымы 11,4 м3/сек; байкалган эң көп чыгымы 131 м3/сек, эң азы – 1,97 м3/сек. Апрелде кирип, августтун аягында тартылат. Сугатка пайдаланылат, андан ондон ашык сугат каналдары башталат. Жээгинде Сары-Булак, Көк-Жар кыштактары жайгашкан. Айрым учурларда Жоон-Арыктын Кочкор суусуна куйган жерлер да ушундай тарыхый топоним менен аталат (кара: Жоон-Арык капчыгайы). 1926-жылдагы Кыргызстанды райондоштуруу боюнча Кыргыз БАКнын чечимине ылайык өзүнчө Жоон-Арык болуштугу түзүлүп, 1929-жылга чейин ушул аталышты алып жүргөн.